«ЖАЛАЛ-АБАД ПЕРИСИ» ЫСЫК-КӨЛДӨ ЭС АЛАТ
№551 24-май-30-май, 2013-ж

19-май күнү Жалал-Абад шаарында «Жалал-Абад периси-2013» сынагы болуп өттү. Сынактын тандоо туруна 60 чакты кыз катышып, андан өткөн 12 бийкеч «Жалал-Абад периси-2013» наамына ат салышкан. Жыйынтыгында Кыргызстан эл аралык университетинин Жалал-Абад шаарындагы филиалынын студенти Айдай Сооронкулова жеңишке жетишти. Ал эми 2-орунду 9-класстын окуучусу Айбарчын Заирова алса, 3-орунду Түштүк аймактык жүрөк, кан тамыр жана хирургия илимий борборунун кызматкери Гүлбарчын Айдарова багынткан. Жеңүүчү болгон Айдай Сооронкуловага Ысык-Көлгө эс алып келүү бактысы буюрду.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга жол берилбейт!
Тема тазаланды!