
«Кыргызстандагы азыркы бийлик мамлекетти башкара албай жатат...» Качып Беларуста жүргөн экс-президент Курманбек Бакиев «Интерфакска» берген маегинде ушинтип айтты. «Алмазбек Атамбаев жана анын командасы жаратуучулар эмес»,- деди Бакиев. Анын байкашынча, экономика төмөндөп, коррупция, жумушсуздук өсүп, тышкы карыздар көбөйүп, элдин жашоосу начарлап баратыптыр. Өлкөнүн мындай абалга кептелишине ириде өзүнүн, бир туугандарынын, уулдарынын үлкөн салымы бар экени тууралуу ооз ачпаптыр.
Тескерисинче, «убакыт көрсөткөндөй, мен жана менин уулум кылмышкер эмеспиз. Мезгил келип, бүгүнкү бийлик соттун, элдин алдында Кыргызстанды бүгүнкү абалга алып келгендиги үчүн жооп берет» деп айтыптыр.
Атаң көрү, ушул акылы өзү өлкөнү башкарып турганда кайда эле?! Кыйын экен, жүздөгөн жарандардын бөөдө канынын төгүлүшүнө жеткирбей абалды оңдобойт беле? Беларустун жарандыгын алгандыгын айтып, «мени алып кете албайсыңар, мен башка өлкөнүн жаранымын» деген кыязда салам-дубай жолдоптур.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
5 күнгө банга!
Эрежелер менен таанышып келиңиз.
20 күн БАН!
Эрежелерди жакшылап окуп келиңиз.
5 күн БАН!
тушунбойм,... эмнеге эле талаша бересинер баарибир кудайдын айтканы болот. Анан ушул жерде да болунуп олуп кеткиле, бети жоктор десе. андан коро ар кимибиз оз ишибизди кылалы, малчын малынды кара, тракторчун тракторунду айда, мугалим сабагынды бер, врач даарыласын, студент окусун, саясатчын ишинди кыл вот ошондо онолобуз. Анан эле билип-билбей сасый бербей.