
Айымдарды тууроо боюнча астына киши салдырбаган Мерген Тургандын ич күптүсү күч. Жакында эле жеке концертин берген мырзага казак туугандарыбыз «Казак маданиятына эмгек сиңирген ишмер» деген наам тапшырып кетишти. «Бул наам кадимки биздин «Эмгек сиңирген артист» дегенибизге барабар» дейт. Бир жагынан боордоштордун көрсөткөн урматына кубанса, бир чети арманы бар. Мындай сыйлыкка өз жеринде эмдигиче көрсөтүлө электигин айтып капаланды. «Мен эмес, менден да жаштар алып жатышпайбы мындай наамдарды. Бул боюнча экс-маданият министри Ибрагим Жунусовго жана бир канча тиешеси бар төбөлдөргө кирдим, майнап чыкпады. Көрсө, башка кесиптештерим ортого тааныш салып алышат экен да. Менде же тааныш жок, ставкасын да билбей жатам»,- дейт таарынган Мерген.
star@super.kg
А башка ырчылар о развод кылып оозун майлап сүттөп алган сыйлыктарын эл деле билбейт, өзү эле аны спальнясына илип албаса)))
Эч духту түшүрбөй талыкпай эмгектене бериңиз, чыныгы артист эч качан жерде калбайт!!!!
Мерген Алга→