Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Бактияр Токторов:«СҮЙҮҮСҮ ЖОК ТУРМУШ КУРГАНБЫЗ»

№553 7-июнь-13-июнь, 2013-ж


Эсиңиздердеби, 90-жылдары Бактияр Токторов дегенде кыздар ичкен ашын коё калып ырларын укчу. Жадакалса ашынган күйөрмандары «өзүбүздү өлтүрөбүз» деп коркутканын да ырчы айткан эле. Бир учурда «Биз» тобунун кассетасы үчүн кыздар менен урушкан Наргиза аттуу күйөрманы азыр кумири Бактияр Токторовдун түбөлүк жарына айланган. 15 жыл бирге түтүн булаткан жан шериктер жашоодогу кызыктары менен бөлүштү.

Бактияр Токторовдун үй-бүлөсү
Баш кошкон датасы – 1998-жыл, 7-ноябрь
Ортосунда 3 кыз, 1 уулу бар
Ортосундагы айырмачылык – 11 жаш

– Бактияр мырза, жубайыңыз Наргиза менен турмуш жолуңуз кандайча байланган?
– Биз, чынында, сүйүшүп үйлөнгөн эмеспиз. Наргиза өзүмдүн эле аяш акемдин кызы. Ал кезде мурунку жубайым Оксана менен ажырашып, эки жылдай бойдок жүрүп калдым. Ошондо эжем Наргиза экөөбүздү тааныштырган. Бир жолу жолуктук, ошондо эле «азыр сүйүшпөйбүз, кийин турмуш курганда сүйүү болот» деп айткам. Ошентип, 2-3 айдан кийин ал окуусун бүткөндө ала качканбыз. Келинчегим мурунтан кыялданып жүргөн экен да, «менин ханзаадам ак тулпарда келет» депчи. Мен да ошондо ак кийинип, ак Жигули менен барып ала качкам.

– Наргиза, өзүңүз жаш болсоңуз, мурун үйлөнгөн, популярдуу ырчыга баш кошуу чочулоо жараткан жокпу?
– Чынын айтсам, аны ойлонбоптурмун деле. Бактиярды көргөндө эле өзүмдү жоготуп, кантип макул дегенимди да билбейм. Кичинекей кезимден тартып Бактиярдын күйөрманы элем, жадакалса кыздар менен кассеталарын талашып урушуп кеткен күндөр болгон. Биринчи жолугушкан күнү да таанышып колун сунса, аны деле байкабай, көздөрүнө арбалыпмын. Ошентип, ата-энем «жашы улуу, үй-бүлөсү бар» дегенине карабай кумириме турмушка чыктым. Бактияр да ошондо эле «сени менен баш кошоюн деп келгем. Өзүң жаш кыз экенсиң, мен мурун үйлөнгөм, эч нерсем деле жок, жөнөкөй жигитмин» деп ачык айткан.

– Кумириңиз менен жашоо сиз күткөндөй болдубу?
Н.: – Башында ар кандай кечелерде жүрөт окшойм деп элестеткем. Турмушка чыккандан кийин анысы деле жок, үйдө эле отуруп калдым (күлүп).
Б.: – Мындай кыялдары ишке ашпай калды. Экөөбүз он жылдай батирден батир которуп жашап жүрдүк. Батирдин кожоюнуна уялганымдан «Канчага сатасың? Өзүм эле сатып алат окшойм» деп койчумун. Ошентип, үй алдык. Көп жыл уулдуу боло албай жүргөндө Наргиза «башкага үйлөнөт окшойсуз, мен уул төрөп бере албадым» деп калчу. Аябай жакшы көргөн адам ошентет экен да, бактылуу болсо экен деп.
Н.: – Башында турмушка чыкканда Бактияр Токторовго тагдыр мени кошконуна сүйүнүп «кандай болбосун, ушул жигитти бактылуу кылам» деп өзүмө сөз бергем. Анан карасам жалаң кыздар эле төрөлүп жатат. Үйдө бүт баары жакшы, бирок баары бир толук эместей да. Ошого «сиз мени менен балалуу боло албайт окшойсуз. Балким, башкага үйлөнсөңүз сизге уул белек кылып береттир» деп сунуш киргизгем. Кудай мени угуп боору ачыганбы, минтип уулдуу болдук.

– Күйөрмандарынан кызганган учурлар болгондур?
Н.:
– Азыр өзү деле айта берет, «абдан кызганып кыйнагансың» деп. Башында жаш экенмин. Ырларын уксам да жалаң сүйүү тууралуу, кыздарга арналган. Аны угуп алып өзүмчө кызганып, таарына берем. Бир күнү баары уктап калганда сыртка алып чыгып, айдын жарыгында серенада ырдап берген. Ошондо «башкаларга көңүл бурба, сен менин жашоомсуң» деп алдап койгон (күлүп).
Б.: – Чын да, ар сөзгө ишене берсе адам соо калабы? Ошого «же мага ишен, же сөздөргө ишен, болбосо орто жолдо жинди болуп кетесиң» деп айткам.

– Калп айтып кармалып калган учуруңуз болду беле?
Н.: – Оо, бул – психолог. Мен аябай ишенчээкмин да, калп айтканын деле байкабай калсам керек (күлүп).
Б.: – Калп айтпайм, калп айтсам да карматпай, «уверенно» айтам. Артист болгондон кийин байкатпаш керек да, ха-ха-ха...

– Турмуш курарда жолдошуңуз сизге кандай талап койду эле?
– Жаңы эле турмушка чыкканда ал жумуштан кечирээк келсе, «Кайда жүрөсүң?» деп сурап жатпаймынбы. Көрсө, ал Бактиярдын эң жаман көргөн суроосу экен. Аябай жини келип, тил угуп калгам. Ошондон кийин ал суроону эч качан бербейм, кандай шарт болсо да, себеби корком. Кээде кайда жүргөнүн билгенде деле көңүлүмө оор тийип калабы деп ойлойм.

– Атактуунун жубайы болуш кыйынбы?
– Ооба, чыгармачыл адамдын жубайы болуш кыйын. Алардын кыялы өзгөчө, жүрүм-турумдары башкача болот экен. Башкалардыкы кандай билбейм, бирок жолдошумдун күйөрман кыздары аябай көп болчу. Сүйүү каттары келет дегендей. Анан да жакпаганы – убакыттын тардыгы. Атабызды жумуштан келгенин аябай күтөбүз. 5 мүнөт биз менен болсо, биз үчүн чоң бакыт.

– Ырчылардын жашоосу бир калыпта болбойт да. Бирде таңда келсе, бирде үйдө болбой калат дегендей. Ошол кездерде ырчыга турмушка чыкканыңызга өкүнүп ыйлаган учурлар болду беле?
– Болгон. Булардын жумушу күн-түн дебей боло берет, үйдө көп турбайт, болсо да жумушу менен алек. «Кайда жүрөт болду экен?» деп кирпик какпай таң атырган күндөр өткөн. Бирок бир да жолу тынчын алып кайдасың деп чалган эмесмин. Анан да жаштык кезде убакытты көбүрөөк бирге өткөрсөк жакшы болмок деп өкүнүп калам.

– Ошончо түнү менен уктабай таң атырсаңыз, келгенде «Кайда болдуң?» деген суроолор болсо керек?
– Чынында, анын жумушуна тоскоол болгум келбейт. Өзү да сүрдүү аябай эле. Кээде четин чыгарып койсом эле түшүнөт. «Сен мага толугу менен ишен» дейт, алдап коёбу, башкабы, аны билбейм.

– «Кол көтөргөн учурлар болуп калат» деп Бактияр байке айткан экен. Буга себеп эмне деп ойлойсуз?
– Көбүнчө аялдан болуш керек. Көп учурда уруш кызганычтан чыккан, сөзүн укпай, ошондо бир аз тарбиялык порциямды жеп алат элем (каткырып). Азыр тарбияланып калдым окшойт, порциямды жебей калдым. Шарттан пайдаланып, аялдарга айтмакмын, күйөөнүн айтканын укса, аял киши бактылуу болот деп ойлойм.

– «Сүйүү кийин жаралат» деген экенсиз. Сөзүңүз ордунан чыктыбы?
Б.:
– Мен Наргизаны жакшы көрсөм деле сыр бербейм. Ал болсо «жакшы көрбөйт окшойсуз» деп көп айта берет. Мен да «айта албайм» деп уялган болуп коём. Адам сүйөм дей берсең да ишенбей калат. Мунун бир нерсеси бар, башка бирөө менен жүрөт окшойт. Чындыкты айтсаң деле шекший бериши мүмкүн. Ошого ортодо жүрөбүз. Мурун гастролдоп кеткенде ыйлап-ыйлап калчу эле. Жашыбыз деле 43төн өтүп калбадыбы. Кемпир болгондо деле сүйөм деп кучактай берген болбойт го. Дасторкон толуп турса көзүң да тоё калат эмеспи. Ошого көп кыздарга барбай калгангабы, азыр токтолуп калгам.

– Көп жыл жашап, бири-бириңиздердин сырыңыздарды жакшы эле билип калсаңыздар керек.
– Ооба, бири-бирибизди жакшы билип калдык. Жадакалса мүнөздөрүбүз да окшошуп, бир учурда бирдей сүйлөп алган күндөр болот. Келинчегим жөнөкөй, түшүнүктүү. Кээде менден да кетип калат, 2-3 күн үйгө келбей калам. Ошондо убактылуу унчукпай калам.

– Таарынышкан учурларда ким биринчи кадамга барат?
Н.: – Таарынып калсам сүйлөбөй коём, өзү аракет кылат. «Ии, 5 мүнөт болду сүйлөбөгөнүңө, ии 10 мүнөт болуп кетти» деп күлдүрө берет. Анан жарашып кетебиз.

– Маегиңиздерге рахмат, бактылуу болуңуздар!

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg



Бактияр Токторов: "Сүйүүсү жок турмуш курганбыз"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(76)
SUPER.KG видео
08.06.2013. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
серезный деп ойлочумун ото шайыр ,жонокой адам экен жакшы маек болуптур ишинизге ийгилик.
SUPER.KG видео
08.06.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кооздолбогон ачык маек куруп бериптир. Мага жакты. Уй булоолук ынтымак, бакыт калаайм!
SUPER.KG видео
08.06.2013. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактияр аке ишинизге чоон чоон ийгиликтер,сонун маяк болуптур,шайыр адам экенсиз,женеша келсе да сонун болмок,жасалмалык жоктой эле корунот,чын сиз айткандай коп эле ырчылар оздорунун жашоосун жомок кылып айтышатго,сиздики чыгы кыргыз жашоо экен,азаматсыз!!!
SUPER.KG видео
08.06.2013. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактияр братан женешка татынакайкен бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
09.06.2013. 04:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
эч тушуно албай койдум создоруно
SUPER.KG видео
09.06.2013. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
SUPER.KG видео
09.06.2013. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мыкты майек болуптур азаматсыңар супер инфо Бактыяр байке чыгармачылыгыңызга ийгилик. супер инфо силерден сураныч Ош шаарына качан консерт койуп келет екен Бактыяр байкеден сурап бергилечи.
SUPER.KG видео
09.06.2013. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sonun maek boluptur...
SUPER.KG видео
10.06.2013. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Москвага концерт коюп келсе жакшы болмок.
SUPER.KG видео
10.06.2013. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуртур. Бирок негедир Бактияр байке келинчегин эл алдына алып чыкпайт го. ушу маекти экоолоп берсе мындан да сонун болмок беле.
SUPER.KG видео
10.06.2013. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
014nazi, tilekbek, видео көрүнүп жатат. Дагы бир ирет аракет кылып көрүңүздөр.
graffbatkensky, жеке айтышууга жол жок.
10.06.2013. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бахтияр байке менин бир тууган жездем сиздин фонатыныз, касеталары абдан коп ырларынызды жатка билет баарын. Чыгармачылыгынызга ийгилик!!!
10.06.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu ui-bulo eken.Jonokoi eken ekoo ten.Bahtiyardyn yrlaryn jakshy korom.
SUPER.KG видео
10.06.2013. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз Бактияр байке жакшы маек куруп бериптирсиз.Сизге уй булолук бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм!Мен дагы Лейлектин кызымын.Лейлектен чыккан Баткияр байкедей талантуу жигиттердин бар экенине абдан кубанычтамын.
10.06.2013. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял кишиге кол которуп тарбиялаган,ал тарбия эмес.Андай порциянын кереги жок,аялга кол которгондон кийин сыйдан кеткенин ошол деп эсептей бер.
10.06.2013. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы аkылдyy эkен, негизи эрkеk koл koтoрco бир cyйгoн аял чыдайт же айлаcыздан балдары yчyн тyрмyшyн бyзбайын деп чыдайт. Koл koтoргoн эрkеk yйдo баатыр, жooдo жok дегендей эле арcыз эрkеkтерда.
10.06.2013. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azem2013 100% кошулам
10.06.2013. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алга Бактыяр аке сиздин ырларыныз менен чонойгонбуз чыгармачылык ийгилик,уй булолук бакыт.
10.06.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчы айбаттуу болсо катын кайраттуу болот дечүү беле. Бактияр аке ишиңизге ийгилик.
10.06.2013. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жеңеша да азамат экен. Чыгармачыл инсанды түшүнүп жашаган. Бакыт каалайм.
10.06.2013. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы кызыкко кол которсо да унчукпай тунобосо да унчукпай кызык
SUPER.KG видео
10.06.2013. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tuura aitat baikatbaw kerek
10.06.2013. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы чексиз суйот экен, тообо! Там бердим. Кантип чыдайт мунун баарына? Преданный пес деп коет беле?
10.06.2013. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayalynyn sozuno karaganda,biraz kyiynchylyktar jaralgan okshoit ubagynda,anan chydamkailyk,sabyrduuluk menen jenip ketse kerekda.
10.06.2013. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин балам муйдусунан обойун деген ырынызды аябай жакшы корот.Сизди укмуш туурайт,сизге уй-булолук бакыт каалайбыз!Анан аялыныздын чыдамдуулугуна береке!
SUPER.KG видео
10.06.2013. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул сандагы маектердин баары оло кулкулуу болуптур!
10.06.2013. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аяла абдааан сабырдуу экен. куйоосун жакшы тущунот экен анан да турмушка болгон коз карашы терен. мен ойлойм бул азыркы жаштарга улгу болот деп. ушнунуздан жазбаныз!!!
10.06.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болунуздар.Аялыныз абдан акылдуу,тушунуктуу,тарбиясы чон жакшы эже экен.Бахтияр сизге ийгилик.таалантынызга таазим.
10.06.2013. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы сулуу жузу жылуу экен , уй булолук бакыт кыздарынын кызматын , уулунун урматын коруп журо беришсин
SUPER.KG видео
10.06.2013. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келинчеги менен маеке чакыргылачы,,,,
11.06.2013. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун! Качан балалуу болушту эле?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: