Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«БАЛАМ МЕНИ САБАЧУ, КАПЫСЫНАН ӨЛТҮРҮП АЛДЫМ»

№554 14-июнь-20-июнь, 2013-ж


«МУШТАША КЕТИП, АТАСЫ УУЛУН БЫЧАК МЕНЕН ЖҮРӨККӨ САЙГАН»
Окуя тууралуу Каракол ШИИБинин тергөө бөлүмүнүн ага тергөөчүсү ЖЫЛДЫЗБЕК КЕНЖЕБАЕВ төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Үстүбүздөгү жылдын 15-май күнү Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Акылбек аттуу жаран кайрылып, «кечээ түндө балам мас абалында келип, үйүбүздө чыр-чатак салганынан капысынан аны өлтүрүп алдым» деп билдирген. Айтылган дарекке бардык. Маркум Каракол шаарында 1974-жылы туулган Канат экендиги аныкталды. Аны өлтүргөн деп атасы, 1953-жылы туулган Акылбек шектелүүдө.
Тергөөдө маалым болгондой, ошол күнү маркум Канат үйүнө мас абалында келип, ата-баланын ортосунда ар кандай сөздөр айтылып, экөө мушташа кетишет. Анан атасы баласына 2 ирет бычак сайып жиберген. Биринчиси төшүнө, экинчиси жүрөгүнө сайылып, баласы каза болгон. Учурда кылмышка шектүү Каракол шаардык СИЗОго киргизилип, тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат. Кылмышка шектүүнүн «балам мас абалында мени сабады» деген көрсөтмөсүнүн негизинде экспертиза жүргүздүк. Чындап эле денесинен жаракат алып, көзү шишип, кийме тишинин үстүңкү бөлүгү үчкө бөлүнүп кеткен экен. Кылмышка шектүү жарандын жубайы «балам өзү ошого жеткирди» деп айтып жатат. Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүнүн күнөөсү далилденсе, 8 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

«БАЛАМ КЕЛАТКАНДА НЕБЕРЕЛЕРИМ КЕРЕБЕТТИН АСТЫНА КИРЕ КАЧЫШЧУ»
Дүйнөгө баланы жаратып, кайра аны өз колу менен өлтүргөн адамдын абалы кандай? Эмне себептен мындай кадамга барды? Бул суроолорго кылмышка шектелип жаткан АКЫЛБЕК МЫРЗА төмөнкүдөй жооп берди:
– Жубайым экөөбүз эки уул, эки кыздуу болуп, аларды эч нерседен кем кылбай өстүрдүк. Улуусу Канат эле. Экинчи уулум мындан тогуз жыл мурун сууга чөгүп, каза болуп калган. Бир кызым турмушка чыгып, күйөө балам экөө Орусияда иштеп жүрүшөт. Эки неберем биздин колубузда. Кенже кызым жогорку окуу жайын жаңы эле аяктап, ага жумуш издеп жатканбыз.
«Бир үйдөн бир сасыткы чыгат» деген сөз чын окшойт. Кыздарым атам-апам деп көзүбүз менен тең айланып турушат. Канат 10-классты бүтүп, үйлөнөм дегенинен жашында эле үйлөнттүк. Үй-бүлөсү менен өзүнчө түтүн булатып, бир кыздуу болгон. Бирок баламдын жашоосунун негизги бөлүгү ичкилик болуп, арактын айынан кызы үч жашка келгенде келиним экөө ажырашып кетишкен. Андан соң Канат биз менен бирге жашап жүргөн. Азыр неберем мектепти аяктап калды. Канаттын арак ичкени токтободу. Күнү куру эмес үйгө мас келет. Ачык эле аракка деп апасы экөөбүздүн тапканыбызды алып кетер эле. Акча бербей койсоң уят сөздөр менен сөгүп, кол көтөрчү. Ал келе жатканда бир жарым, анан үч жаштагы неберелерим коркконунан керебеттин астына кире качышат. Тамак жакпай калса, отурган столубузду тамак-ашы менен көмкөрүп ийчү. Мындай күндөр бир канча жылдан бери уланып келе жаткан.
Соолукканда акылымды айтып, «аракты токтотчу, жок дегенде алыңа ченеп ичип, жумуш таап, ишке алаксы» деп какшайм. Айтканың бир тыйын, баарын кулагынын сыртынан кетирип, кечинде кайра баягы абал. «Сен мага акыл үйрөтөсүң» деп басып алып сабаган күндөрү көп болду. Акыл айткан кошуналарыбызга да «силердин ишиңер болбосун» дечү. Айлабыз кеткенде апасы 2-3 жолу милицияга кабарлап, алар Канатты алып кетишип, кайра эле эртеси «мени каматып эмне таптыңар?!» деп чыгып келчү.
Бир айда жок дегенде бир жолу бети-башым көгөрүп, кесиптештериме билдирбейин деп көз айнек тагынып жумушка барам. «Көзүң эмне болду?» дегендерге «балам сабады» деп айтыштан намыстанып, «отун тийип кетти» деп шылтоо кылчумун. Кийинки күндөрү кесиптештерим «эмне болду?» дегендин ордуна дароо эле «көзүңө дагы отун тийдиби?» деп калышкан. Канат мас болуп келип, таяктаган учурда жумушка барып түнөп, эртең менен иштеген учурларым болду. Бир ирет мени сабап, мурдум канап жерде жатканымды көргөн кичүү кызым катуу коркуп, психикалык жактан оорулуу болуп калган. Ал азыр дары ичип жашап келет.

«ӨЗҮМ АБАКТА БОЛСОМ ДА, ҮЙДӨГҮЛӨР ТЫНЧ УКТАП КАЛЫШТЫ ГО»
– Ошол күнү үй-бүлөбүз менен кечки тамакты ичип, эс алалы деп жаткан элек. Уктап кеткен экенмин, бир маалда үйдөгү ызы-чуудан ойгондум. Канат адатынча апасынын, карындашынын кой дегенине болбой ызы-чуу салып жатыптыр. Коркконунан аялым балдарды алып ички бөлмөгө жашынып, эшикти ичинен бекитип алды. Мен сырткы бөлмөдө элем, Канат мага келип асылды. Анын мас экенин көрүп, «жатып эс ал» деп өзүнүн бөлмөсүнө киргизсем, мени төштөн ары бир сокту эле, диванга кулап түштүм. Турайын десем дагы бети-башка тепкилеп кирди. Жаагыма катуу тепкенде жасалма тишимдин алдыңкы бөлүгү быркырап, үстүңкү бөлүгү үчкө бөлүнүп кетиптир. Каршылык көрсөткөнүмдө жакамдан кармап, дубалга башымды сүздүргөнүн билем, андан ары колума кандайча бычак алып, кандай сайып жибергенимди билбей калдым. Бир маалда эсиме келип, эки жагымды карасам, Канат полдо жаткан экен. «Ии, уктаптыр» деп эшикке чыктым. Денем жанчылып, башым сынып кетчүдөй абалда элем. Тамеки чегип, саатты карасам, түнкү бир болуптур. Канаттын полго жатып алганынан жанына барып карасам, төшү канга боёлуп, жансыз жатат. Ошондо гана аны өлтүрүп алганымды билдим. Өз көзүмө ишене албай, дене боюм калчылдап, эмне айла кыларымды билбей калдым. Аны көрсө кызымдын оорусу дагы кармайт деген ой келди. Канаттын жансыз денесин эптеп көтөрүп чыгып, тооккананын жанына алып барып жаткырып, үстүн күл менен жаап койдум. Муунум калчылдап, эки-үч сааттай эшикте темселеп басып жүрдүм. Анан эртеси күнү өзүмө келип, милицияга окуянын болгонун айтып бердим.
«Жини келсе жыланга да тил бүтөт» экен, өз каныңдан жаралган бала чоңойгондо ушуну кылабы, мени сабасын деп өстүрдүмбү деп ыза болом. Эмне себептен, кайсы күнөөм үчүн өз баламдын душманына айланганымды билбейм. Бир күнү оңолор деп үмүт кылып жүрүп, тилекке каршы, андай болбоду.
Кантсе да ал менин балам болчу. Мен Канатты өлтүрөйүн деп эч качан ойлогон эмесмин. Жөн гана өзүмдү коргоюн деп ушул кадамга бардым. Жубайым, кызым мага туура эле түшүнүп жатышат. Өзүм абакта болсом да, үйдөгүлөр тынч уктап калышты го деп ойлоп жатам. Күнөөмдү толугу менен моюнума алам.

«ЖЕР ЖАМАНДАП БАРБАСЫН, БИРОК МАРКУМ ИЧКИЛИККЕ БЕРИЛИП КЕТКЕН»
Канынан жаралган уулунан айрылып, өмүрлүк жолдошун темир тор артынан көрүп турган эне деген асылзаттын жүрөгү эзилип, жанын коёрго жер таппай тургандыгы айтпаса да белгилүү. Маркумдун энеси, кылмышка шектүү адамдын жубайы менен байланышканыбызда, ал эч нерсе айта албады. Бул үй-бүлөнүн коңшуларын кепке тарттык. Өзүнүн атын жашыруун калтыргысы келген мырза төмөнкүлөргө токтолду:
– Коңшу жашаганыбызга он жылга жакындап калды. Бул үйдөн уруш-талаш, жаңжал үзүлбөйт. Мен ата катары кылмышка шектелип жаткан Акылбек мырзаны жакшы түшүнөм. Кудай эч кимге андайды бербесин. Карыганда өз баласынан көк ала болуп, коркуп-үркүп эле жүрчү. Жадакалса биздин көзүбүзчө эле уулу атасынан аракка акча сурап, бербесе кыйначу. Жер жамандап барбасын, бирок маркум чынында абдан ичкиликке берилип кеткен, ата-энесине кылган мамилеси аябай начар болчу. Атасын өз душманындай көргөнүнө таң калчубуз. Акылбек деле аргасыздан ушуга барды болуш керек, өзү кээде гана ичимдик ичип койчу. Көпчүлүк убакта тынбай иштеп жүргөнүн көрөбүз. Кошуна катары эч кимге зыяны тийген эмес. Акыры ушундай окуя менен аяктап жаткандыгы өкүнүчтүү.

Аракты ашыкча ичип жүрүп баласы өмүр менен кош айтышса, атасы уулун өлтүрүп алып, пайгамбар жашында, небере-чөбөрөлөрүн эркелетчү убакта темир тор артында күн өткөрүүгө мажбур. Мындай тагдырды эч кимге тушуктурбасын.

Айзат Анарбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(63)
17.06.2013. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуп коруп мен деле туура эле кордум, ажал Алла Таала эмес, адам тарабынан келтирилгендигин эске албаганда.
17.06.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атасы олтурбосо,
баласы атасын олтурмок экен да бир куну. Мен да карыганда турмого тушкон атага боорум ооруду. Эми бул кишиге состояние аффекта, же коргонуудан улам кокустан олтуруп алуу деген сыяктуу негизде женилдетилген жаза берилсе жакшы болмок. Антпесе анын уй булосун ким багат эми.
17.06.2013. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уулду болдум деп кубанычы койнуна батпай, кандай гана бактылуу болуштукен,эртен ошол баласы башына балээ болорун билбей.
Кээбир эркектер барго уул,уул дей берген,аялы жалан кыз торосо кызды жээрип.Мына уул атасын урган акмак уулдан кору бир ит багып алсан, ошол артык....Мындай ЭШЕКТЕН айырмасы жок баланын барынан жогу жакшы......Ата-эне кудайдан кийинкиле ыйык перзент учун.Ата-энени сабап кадырына жетпегенден кийин,багып не азап!!!!Туура эле аркы дуйнодо оз жазасын алсын.Калган омуру т
17.06.2013. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай озун сакта андайдан ар бир адамды озун тура жолго салгын жараткан жаман иш болуптур емне дешти да билбей калдым
17.06.2013. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайым баарыбызга акыл-эс, ыйман берсин
17.06.2013. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан ар бир уйго ырыскы берсин!!! Ар бир ата -эне балдарынан жамандык корбосун.Суранам ата-энени кейитпей ак сутун актаганга аракет кылалычы.Баарыбызга ыйман берсин кудайым!!!
17.06.2013. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу атайын келип айтып берип атса аны эмне учун 8-15 жылга камап атат
17.06.2013. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
oi iras ele kiliptir
17.06.2013. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tuura ele kylyptyr anday balanyn barynan jogu! [Toobo tobo kyldym] ozundon 4ykkan ort jaman dep uwunu ayt! Kantip oz ata enesine kol kotorot bul akmak! Ozu aytkanday uiundogulor tyn4yp ele kalgandyr, birok jawy ulgayp kalgan adamdyn turmogo oturuwu tuura emes, bowotyp koiso bolmok, ayibun moinuna algan son.
17.06.2013. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атасын камабай эле койсо жакшы болмок
17.06.2013. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
i4kile, toigon4o, kursagynar jarylyp ketki4e i4sener!
17.06.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атасын камабай эле койгондо болмок!
17.06.2013. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Астафир Алла мындай баладан. Байке сизге сабырчылык день-соолук тилейм. Бул кылган ишиниз сизди кунолу деп айтуга болбойт. Аллатагламдын алдында да кунолу емесиз. Ушундай Ата-Энесине кол которотут балдар болсо айткылачы маган озум барып алыстан GМ5146 снайпер менен меесин чачып кетем. Анадан туулбай Ешектен туулатын балдарды.
17.06.2013. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай уйбулону мен да билемин менин кайнагамда атасын урат болчу мас болуп келгенде мен аны коргондо титиреп кетчуумун тагдыр экен ажырашып кеттим куйоом коркот болчу мени да урганга умтулчу мындай адамдар кантип жер устундо жашайт экен мындайларга да кудай бар.
17.06.2013. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииййй байкуш киши.кудай озу кечирсин.
17.06.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы эле жинди суу жинди суу
17.06.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
атасы менен апасына боорум ооруп жатат. бирок олтуруп жакшы кылыптыр. эгер олтурбогондо дагы кандай кундорду коргозмок экен. эмне болсо да кудай озу кечирсин, ар бир адамдын журогуно ыйман берсин
17.06.2013. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
окуп алып бул кишиге аябай борум оруду сот да бул адамга женилдик берет го деп ойлойм .озу турмого отурса аялына орукчан кызына уйундо тынчтык болду неберелер краваттын астына качып кирбей коркунуч жок жашайт .бул адамга сабырдуулук иман калайм Алах жардам берет.
17.06.2013. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир балага Кудай өзү акыл,ыйман берсин да.Өздөн чыккан жат жаман,өзөктөн чыккан өрт жаман.
17.06.2013. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан тилеп атып алган балан ушундай болсо анда башка чара деле жок болчудай. Аллах да аны коруп кыжырданган бирок аллах жазаны озу эмес пендеси аркылуу берген деп ойлойм. Бирок мен да каалабай турам атасы камалып кетишин.
17.06.2013. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менда копчулуктун созуно кошулам атасын камашпай эле койсо жакшы болот эле неберелерин ким багат.
17.06.2013. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ адамдар кайда баратабыз.....
18.06.2013. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даагы да атын очкур арактын айынан болгон окуя екен,кунооо кимде аракта,аракты ичкен адамда.
18.06.2013. 02:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
anday balanyn barynan jogu jakshy turmogo kop jyl otura turgany okunu4tuu
18.06.2013. 03:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул окуяда арактын айынан болдуго!Ушунун баарын сен кылдын арак ай болуптурго е? Чынле атасыда айып деле жок екен кмабай койсо болмок.
Модератор admin_superstan түзөттү 18.06.2013 11:07
18.06.2013. 04:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Атасы бошотулсун, уй булосунун тынчтыгы учун !!! .
Батукаевди деле чыгарышты го VIP жолдор менен.
18.06.2013. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э кудай эле сактасын,бала биздин бактыбыз дейбиз бирок баланы акылы,омуру менен берсин!
18.06.2013. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кеп аракта эмес, ал адамдын өзүндө эле.. Мындай адамдарды ушундай кылып эле жок кылыш керек.. Атасына жаман болуптур карыйын деп калганда түрмөгө жатканы. Ден соолугу болсо баары жайына келет. Ата-энеге кол көтөргөн балдарды аёосуз жок кылыш керек!!!
18.06.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сен же мен болгон экен да.
18.06.2013. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бизде ушундай,качан адам олтургондо жетип келишет.Ушул окуяны болтурбай, ошол ичимдик ичкен адамды коомдон четтетсе болбойбу?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: