
«Бийликти күч менен тартып алган жана баш аламандык уюштурган» деген айып менен депутат Камчыбек Ташиевдин иниси Шайырбек Ташиевге кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мындан сырткары дагы 5 адамга айып тагылууда.
Митинг учурунда Ош-Бишкек жолу тосулуп, анда 2000ге чукул унаа бир нече күн туруп калган. Жалал-Абад облустук ИИББинин басма сөз катчысы Жылдызбек Аттокуровдун айтымында, жабырлануучулардан 47 арыз түшкөн. Ал эми алардын тарткан чыгымы азырынча тактала элек.
Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад облусундагы соңку окуяларга байланыштуу: «Ташиев – балпаңдаган бала. Бир эле кемчилиги бар, кээде жасап туруп, анан ойлонот.
Камчы Ташиев азыр деле акылы жетсе, түшүнсө, туугандарын токтотсо, ансыз деле сот азыркыдай калтырса, мөөнөтү бүтүп чыгат боштондукка. Кааласа, ойлонуп туруп иш жасаса, саясатка деле келет. Бирок башка бирөөлөрдүн колунда курал болуп жатышпайбы Ташиев дагы, туугандары дагы, жакындары дагы, айылдаштары дагы.
Жолду бууган аялдарды көрүп таң калам. Аларды Баатыр эне деп айтканга оозум барбайт. Мына Курманжан датка энебиз болгон, ал баатыр эне болгон. Баласын «эртең дарга асабыз» деп аны алып кетип баратканда апабыз элибизди карап туруп, «андан артык бир баламдын башын кессин» деп айткан. Анан ошол ОБОНду ойлоп тапкан, катындарды алдыга жиберип, аркасына жашынган кимдер эркек? Аялдарды антпегиле»,- деди.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
Бир чети АШАнын созуно кошулам. Себеби жанагы ажылдаган катындарды коргон болсонор, оозунан ак ит кирип, кара ит чыгат. Тааныбаган эле баласындай бироолорду каргап-шилтесе боло береби? Алар эне деген ыйык атты оз кылыктары м-н булгап жатышат. Апалар мындай иштерге кийлигишпейт.
ушул созун озуно чон минус болот го...
Суугарам деп элди алдап ийиле.
Суу мурундар, шыр тартышып мурунун.
Сооруп жатат кыргыз элди жиндиче.
Соту билбейт оз чечимин чыгарар,
Соттойм дешет калпты суйлоп бурадар.
Соттун мээсин бийлик бийлеп жатканын,
Суу мурундар эсинерден чыгарба.
Туура кылат бийлик кимди жактабайт,
Жетишкен сон оз тактына тайтактайт.
Кимдер калпты айтып эми актанбайт,
Кимдер эми озу учун жан бакп
Basmachy111, кимдир-бирөөнү мазактоого тыюу салынат.
Силерге эскертүү!
3 күн БАН!