
Интернет – адам баласы ойлоп тапкан ыңгайлуу жана пайдалуу жетишкендик. Бирок анын бир жагы бар. Ал сырларды терең жаят :) Дүйнөлүк желени атактуулар да активдүү колдонушат эмеспи. Алардын катарында Бек Борбиев да бар. Сезимдери толуп-ташкан окшойт, бир ырды жазып, өзүнүн баракчасына илип койду эле, күйөрмандары талкуулап эле жатып калышты. Талкуулабай коё турган эмес. Өзүңүз да көз жүгүртүп көрүңүз, окурман:
Барамын, баратамын, сага барам,
Кумарым кучагыңсыз тарабаган.
Көзүң бар, зар боломун бир көрүшкө,
А бирок жубайлыкка жарабаган...
Канча бардым мен сага санабагам,
Баратканда артымды карабагам.
Сөзүң бар, бир угууга зар боломун,
А бирок жубайлыкка жарабаган...
Барбайм дейм, кайра айланып сага барам,
Баргандан эч убакта тажабагам.
Сүйүүң бар, билем, ансыз жашай албайм,
А бирок жубайлыкка жарабаган!!!
Жалал-Абад. 18.06.13
Бул жакында гана жазылган ыр экен. «Эмне болуп кетти, тынччылыкпы?» деп сурасак, «ачуу чындык да...» дейт. Күйөрмандарынын арасында «сүйүп калсаң айла жок, турмуш чындыгы» дегендер, «эми мындай ырды жеңебиз кандай кабыл алар экен, эркектер ушундай...» деп киргендери да болду. Мынчалык талкуу болуп кетерин күтпөсө керек, Бек байкебиз «жүрөккө жакын кабыл албаңыздар, акыры бул ыр го? Бирок жашоого акысы бар» деди. Өзүнүн айтымында, обон чыгарып ырдайын деле дебеген экен, бирок обондуу ыр болсо далай адам ырдап, ооздон-оозго көчө турган күйүттүү ырга айланчудай. Ким билет, балким, дагы бир илхам келгенде обон да жазып таштайт чыгар...
Эгер андай болсо «Эркинай», «Уулуң мага окшогон», «Аттигиниң» деген ырлардын татыктуу уландысы болчудай.
star@super.kg
Акын, ырчы ыр менен өз сезимин айта алат. Ошондой эле өзгө адамдын да тагдырынан таасир алып чоң бир чыгарма жаратып койчуу касиетке ээ болушат.
Акын, ырчы ыр менен өз сезимин айта алат. Ошондой эле өзгө адамдын да тагдырынан таасир алып чоң бир чыгарма жаратып койчуу касиетке ээ болушат. Бек байке ийгилик сизге. Бирок Фарида жеңебизге да ыраазычылык. Кандай түшүнүктүү аял.