ТУРСУНБАЙ АЖЫГА ЖАШ ЖУБАЙЫ КЫЗ ТӨРӨП БЕРДИБИ?
№556 28-июнь-04-июль, 2013-ж

Өткөн сандарыбызда Турсунбай Бакир уулу 18 жаштагы актриса Нуриза Бурхановага үйлөнгөнүн жазган элек. Ошондо ажынын жаш жубайы Нуриза тарбияланган «Туңгуч» театрынын жетекчиси Жамал Сейдакматовадан окуучусу тууралуу сураганыбызда «Нуриза боюмда бар деп айтты» деген эле. Ал сөздүн чындыгы бар көрүнөт. Анткени «жаш жубайы Турсунбай Бакир уулуна кыз төрөп бериптир» деген кеп уу-дуу болуп турган чак. Жагымдуу кабары менен куттуктап эл өкүлүнө байланышканыбызда «үй-бүлөм бул – менин коргонум, андыктан баары сыр» деп жооп берди. Эне болуу башкача ыйык сезим белем, актриса кубанычын коюнуна ката албаптыр. Интернеттеги өздүк баракчасына «кызым, мен сенсиз кантип жашап жүрдүм экен?» деп жазып, жаңылыгын айтып койду.

star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1
Уялса боло Улгайган адамдын иши ушундай болсо ........
озуно жарашкан ишти кылса болмок. Эмне жаш кыз ага оз каалоосу менен тийди дейсинерби, был жерде бир сыр бардыр биз билбеген...........
Элибизде алганын менен тен арып тен карып балпайган байбиче бол деген батааларын берчуле, кызга кандай таасир калтырат экен ошентип тен ары тен кары десе, кандай болсо да убакыт корсотот.