Ырчылардын клиптерин тартып, акчанын жашылынан тапкан клипмейкер Эрнист Сыдыков менен актриса Кымбат Асизова былтыр жайында баш кошушкан. Минтип жыл айланып, ортодо уулдуу болуп, 1-июлда Бишкектеги кафелердин биринде той өткөрүштү.

СЫЙЛАГАНДАРЫ ДА, СЫНАГАНДАРЫ ДА БОЛДУ
Тойго күбө болгондор концертке келгендей эле болушту. Анткени түгөйлөргө ак тилегин айтып келген коноктордун арасында улуусу да, сулуусу да жүрдү. КРнын Эл артисти Гүлнур Сатылганова, КРнын Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева баш болуп, Каныкей, Cайкал Садыбакасова, Айжамал Кабылова, Дайыр Исмадияров, Алишер Тоотаев, Замир Мырза, Кенже Дүйшеева «Жебе» тобу менен, Айнура Салахидинова, Нурмат Садыров, Жеңишбек Айтиев, Анжелика, Даниель, Омар, Данияр Эрматов, KG Эльмурат, Ильяз Абдыразаков, Добр, Сапар Эркебаев, Мирлан Баеков, Өктөм Сапар уулу конок болушту.
Кызыгы, той ээлери ак тилектен той берип, ысык чайын сунуп жатса, ырчы коноктордун арасында мурдун чүйрүп, өз чөйрөсүндөгүлөрдү өздөрү сынаганын көрдүк. Ошентип эки жаш элден бата алды, бактылуу болушсун!
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg
Чет өлкөдөн чыгып жатсаңыз, күтө туруңуз.
Билсенер Ернист НООКАТТЫН ЖАТАН айылынан болот тойду коруп алып аябай суйунуп калдым анткени айылдаштарымда кобу келишиптир