
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда курулган 500 кВ кубаттуулуктагы «Датка» көмөк чордонунун ачылышы 3-июлда болуп өттү. Ачылыш азем президент Алмазбек Атамбаевдин, Кытай Элдик Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Даюй Цинин катышуусунда өттү.
«Датка» көмөк чордонунун жогорку чыңалуудагы чубалгысы Чүй аймагындагы курулуп башталуучу «Кемин» көмөк чордону менен байланыштырылат. «Кыргызстандын улуттук электр станциялары» ишканасынын башкы директору Медетбек Айткуловдун айтымында, «Датка-Кемин» электр өткөрүүчү чубалгысынын курулушу 2015-жылдын август айында бүтөт. «Датканын» ачылыш аземине барган өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев бул подстанциялар ишке кирсе, өлкөдө энергетикалык шакекче пайда болорун белгиледи. «Мунун баары жомоктой сезилчү. Буюрса, Кыргызстан күчтүү мамлекет болот. «Датканы» бүгүн ишке киргизгенибиз бул – ондогон жылдар бою кыштын чилдесинде жарыктын, жылуулуктун жоктугуна чыдаган миңдеген мекендештерибиздин, карапайым элибиздин чоң жеңиши»,- деди мамлекет башчы.
СССР кезинде Кыргызстандын ГЭСтеринен өндүрүлгөн электр энергиясы Өзбекстан, Казакстан аркылуу өлкөбүздүн түндүк аймактарына жеткирилчү. «Датка-Кемин» подстанцияларынын курулушу менен мамлекеттин түндүгүнө да, түштүгүнө да электр энергиясы өлкө ичинде бөлүштүрүлөт. Бул көмөк чордондордун курулуш ишине насыя берип көмөктөшкөн Кытай өкмөтүнө жана курулушка жардам көрсөткөн ТВEA компаниясынын жетекчилигине ыраазычылык билдирип өттү президент.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
ийгилик каалайбыз
калп айтсам олуп кетейин чын бул Гес песи бизге пайдасы жок
мисалы эмнени талкалап?
компаниялар Максимге иштейт. Алар башка кишиники болгону менен баарынын башында Максим турат. Мына ошентип алар олкону талкалашкан!
Абдан деп суйлогонуно ээрип кетип атамда
тото кутуньо,psy,beyonce сыяктуу ырчыларды алып келип
шоуу кылып президент озу баш болуп бийлеп
анан элдин алдына чыгып суйлосо кандай сонун болмок
себеби азыр стресс болуп турган эл
эх деп кичине болсода чер жазып жакшы маанайда калышмактаааааааааааааааааааааааааааааааааа
себеби мен искусство адамы болгон учун адамдардын
конулун которуш максаттале айттым жок дегенде ушинтип койсо деген эле ой
деп жазылып турат площада манастын эстелигинин астында
бизди ар улутту аралаштырып туруп кыргыз деген улут тузуп койсо керек кечке бири менен бири чабыша бергенинен