
Баткен облусунун Лейлек районунда «14 жаштагы кызды милиция кызматкерлери зордуктаган» деген кабар 3-июлда коомчулукка тарады. Жабырлануучу кыздын айтымында, милиция кызматкерлери 2012-жылы 12-декабрда күч колдонуп жыныстык катнашка барышкан. Ал кезде кыз орган кызматкерлерине арыз менен кайрылган эмес. Учурда анын 7 айлык боюнда бар экендиги жана ооруканада жаткандыгы айтылууда. Жабырлануучунун айтымында, тартип коргоо кызматкерлери ушул күнгө чейин «бирөөгө айтсаң өлөсүң» деп коркутуп келишет.
8-класста окуган бул кыз ушул айдын башында гана арыз жазды. Аны менен сүйлөшүүгө ооруканага барган Баткен облусундагы аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызына жактоочусу: «Ал өтө эле жаш кыз, андыктан өзүн жоготуп коюшу мүмкүн»,- деп жолуктурбай койгон. Башка маалымат берүүдөн баш тарткан жактоочу сот иши жабык өтөрүн айткан. Бул иш боюнча учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
же кыздар айтмакчы озунун личный жизни биз кийлигишишке акыбыз жок дебей чоогу ойлонуш керек
алды бишкектен 15 квартира сатып алыптыр дос балдарым
бишкеке келип ушул квартиралардын акчасы менен жашайм деп журушот
сени билбейм кайсыл аракечтер менен журосун деегеле сенин чойрондогу адамдардан алыс болуп иштеп аткан адамдар менен дос болчу суранам кыйналып бутупсун жашоодон