КОМБАЙН МЕНЕН УНАА КАГЫШТЫ
№558 12-июль-18-июль, 2013-ж

Ысык-Ата районунда 4-июль күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 40-чакырымында Фольксваген-Пассат үлгүсүндөгү унаа Нива үлгүсүндөгү комбайнды сүзгөн. Кырсыктан 2 адам жабыркаган. Окуя болгон жерге Токмок шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары барып, жабыркагандарды «Тез жардам» кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0