Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

«БАЛАМДЫ ӨЛТҮРГӨНДӨР ӨЗДӨРҮНҮН БАЛАСЫН МАГА СУНУШТАП ЖАТЫШАТ»

№558 12-июль-18-июль, 2013-ж


«Менин башыма салган ишти Кудайым эч бир эненин башына салбасын. Эч бир эне балам деп боздобосун» деген Жамила Абдурахманова аттуу жүрөгүндө өксүгү бар эне кеңсебизге келди.

«УУЛУМДУ АЖАЛГА ӨЗ КОЛУМДАН ЖУЛДУРУП ЖИБЕРДИМ»
– Кесибим – мугалим. 22 жылдан бери Ош шаарындагы ЖОЖдордун биринде студенттерге сабак өтүп, элдин балдарына тарбия берип келем.
Өзүм Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Арал айылына турмушка чыккам. Жолдошум уулум төрөлүп 2 ай болгондо автокырсыктан улам каза болгон. Андан кийин биз, чоң атасы экөөбүз, балабызды чоңойтуп, Кудайдан анын өмүрүн тилеп, жакшылыгын көрөлү деп жүргөнбүз. Чоң атасынын тилеги менен уулум 5 жашка чыкканда сүннөт той берели деген ниетте элек.
Уулум Кубатбек быйыл 5-майда тирүү болсо 5 жашка чыкмак. 97 жаштагы чоң атасы экөөбүздүн тагдырга баш ийбеске айлабыз жок. Себеби 2012-жылдын 18-ноябры күнү Ош шаарынын Озгур айылынын тургуну Самат Махамадазиз уулу мас абалында өзүнүн эмес, бир тууган таякесине таандык Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү автоунаа менен менин колумдагы уулумду сүзүп кеткен. Автоунаа бутума да катуу тийгендиктен, мен эсим ооп жыгылган экем. Колумдагы балам болсо жолдун жээгиндеги арыкка ыргып кетиптир. Бир убакта эсиме келип айдоочу автоунаасынан түшө калып баламды көтөрүп жатканын көрдүм. Андан кийинки эч нерсени билбейм. Бизди Ош шаардык ооруканага алып барышыптыр. Ооруканага барганда кан басымым көтөрүлүп, жандандыруу бөлүмүнө түшүп калыпмын. А балам ошол жерден көз жумуптур. Уулум каза болуп каларын эч ойлогон эмесмин. Себеби балам эч жеринен кан чыкпай таптаза эле жаткандай көрүнгөн. Көрсө, автоунаа саатына 140-150 чакырым катуу ылдамдык менен келип сүзгөндө баламдын жүлүнү үзүлүп кетиптир.

«ТЕРГӨӨ ИШИ МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЖҮРГӨН ЖОК»
– Ошентип, уулумду Токтогулга алып барып койдук. Мен доктурлардын көзөмөлүндө болдум. Андан кийин да кайра эсимди жоготуп, бир туугандарым Бишкекке алып келип ооруканага жаткырышты. 17 күн ооруканада жатып чыгып, уулумду сүзүп кеткен айдоочуну акыйкатсыз тергеп жаткандарына күбө болдум. Айдоочу ошол эле күнү милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынууга санкция берилиптир. Бирок анын аяш атасы ИИМде иштегендиктен, анын жардамы, акчанын күчү менен уулумду сүзгөн Самат сайрандап эркиндикте жүргөн. Ош ШИИББинин
тергөөчүсү Эрназар Муратов бул окуяны туура эмес иликтеп, айдоочунун күнөөлөрүн жаап-жашырып койгон. Ооруканада жатканда менден ар нерсени суратып жатты. Ден соолугума байланыштуу ага жооп бере албадым. Анан туугандарым телефон чалса тергөөчү «менин ишим бүткөн, ишти тергеп, сотко өткөрүп койдум, экинчи мага чалбагыла» дептир.
Ооруканадан чыккан соң Ошко барсам, тергөөчү уулумду сүзүп кеткен айдоочуну «сырттан окуйт» деп иликтөө ишине кошуптур. Мен ал окуган ЖОЖго чалсам сырттан окубай эле 3-курстун студенти экен. Айдоочуну «мас абалында эмес болчу» дептир. Мени «жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлү» деп жазыптыр. Мен баламдын артында калган, анын укугун коргой турган жалгыз апасымын, жабырлануучумун!
Тергөөчү жасай турган иштердин баарын өзүм жасадым. Андан соң соттук отурум болуп, сот айдоочуну күнөөлүү деп таап, соттук экинчи отурум болгуча камакта калтырды. Бирок тергөөгө мен катышкан жокмун, ошондуктан тергөө мыйзамдуу өткөнүнө ишенбейм. «Бул иш кайра башынан тергелсин» деп Ош шаардык прокуратурага арыз жаздым. Соттон кийин сүзүп кеткен баланын туугандары мага келишти. Менин жалгыз, чырактай туягым өлүп калса, алар сүзгөн айдоочунун баласын мага сунуштап жатышат. Туугандарынын бул жоругуна түшүнгөн жокмун. Өзүмдүн балам жок болгондон кийин бирөөнүн баласынын мага эмне кереги бар?!

«УУЛУМ ӨЗГӨЧӨ ЖАН ЭЛЕ»
– Азыр ойлосом, уулум өзгөчө жаралган жан экен. Анткени ал 1 жашка чыккан күнү сейилдегени алып чыккам. Жерге түшүрсөм эле балам дароо басып кетти. Үйгө келгенде телевизордон Атай Өмүрзаковдун бийлегенин көрүп алып окшоштуруп бийлей баштады. Атайды жакшы көрүп, анын бийлегендерин окшоштуруп туурачу. Кубатбек 3 жашка чыкканча Атайдын гезит беттерине чыккан сүрөттөрүн топтоп уулума альбом жасап бердим. Кийин «мени качан Атайга жолуктурасыз, мен дагы ошол жакка барып бийлейм» деп баштады. Анан атайын Атайды бир концерттен издеп барып жолугуп, «менин балам сени туурап бийлейт. Уулумду ээрчитип, жаныңа алып бийлете аласыңбы?» десем Атай «макул, эже, мындай таланттуу балдарга, албетте, жардам беребиз. Чоңойгондо менин мектебиме алып келиңиз» деген. Экөөнү чогуу сүрөткө түшүрдүм. Ошондо уулум аябай кубанып, Атай менен ар түрдүү сүрөткө түшкөнү дале эсимде.
Анан адамга болгон мамилеси да башкача эле, оюнда эмне болсо жашырбай, түз сүйлөчү. Мага «апа, чыдап туруңузчу, сизге мен чоңойгондо жер үй салып берем. Көп балалуу болом. Анан сизди машинамдын алдына салып алып жүрөм» деп айтчу эле (каарманыбыз сөзүнүн ушул жерине келгенде жашып кетти. Андан ары сөзүн улай албады).

«ИНИМ КАМАКТА, АЛ АЯЛДЫН АЙТКАНДАРЫ ЖАЛАА»
Ошентип, кырсыктан Кубатбек көз жумуп кете берди. Бул тууралуу экинчи тараптын да оюн угуп көрдүк. Эне-баланы сүзүп кеткен Самат Махамадазиз уулунун агасы ТАИР БЕГАЛИЕВ каарманыбыздын сөзүнө төмөнкүдөй жооп кайтарды:
– Самат менин инимдин баласы. 1990-жылы туулган. Атасы 1994-жылы каза болуп, жетим чоңойду. Үйлөнгөн, 1 баласы бар. Азыр убактылуу жаза өтөөчү жайда камакта жатат. Себеби 2012-жылы 18-ноябрь күнү Ош шаарынан автобустун артынан жолго чуркап чыга калган 4 жаштагы баланы сүзүп алган. Бала каза болуп калды. Апасы ошол учурда ары жактан колуна баштык көтөрүп келаткан экен. Азыр апасы Жамила «баламды көтөрүп келаткам, койгон бала мас абалында болчу» деп жалган маалымат таратып жатат. Окуя болор замат ал жерге МАИ кызматкерлери барып, Саматты нарколог текшергенде анын алкоголь ичимдиктерин ичпегени далилденген. Иним менин көзөмөлүмдө болгондуктан ичип, чеккенин көргөн эмесмин. Анан каза болгон баланын апасы «мага айдоочу баланын туугандары өздөрүнүн баласын сунушташты» деп оюнан чыгарып айтып жүрөт. Биз антип айткан эмеспиз. Өз балабызды бирөөгө карматып жибергендей биз жинди белек?!

«МЕН ӨЗ ИШИМДИ АТКАРДЫМ»
Ал эми бул ишти баштан-аяк иликтеген тергөөчүгө да кайрылдык. Ош ШИИББинин тергөөчүсү, милициянын капитаны ЭРНАЗАР МУРАТОВ буларга токтолду:
– Туура, бул ишти мен тергегем. Мыйзамдын негизинде гана иликтөө иштерин жүргүзүп, ишти сотко өткөрүп бергенбиз. Кылмышка шектүү бала азыр Ош шаардык убактылуу жаза өтөөчү жайда камакта жатат. Мен өз ишимди туура аткарып жатам. Баланы бир жакка качырып жиберген жокмун, ал камакта. Эми ага карата кандай өкүм чыгарын сот чечет. Ага карабай эле апасы менин үстүмдөн прокуратурага арызданып жатат. Мыйзам боюнча тергөөдө машина урган бала жабырлануучу болот. Ал каза болуп калды. Ал эми баланын ата-энеси жабырлануучу тараптын мыйзамдуу өкүлү болуп эсептелет. Окуя болгондо айдоочуну МАИ кызматкерлери наркологго текшерткенде соо болчу. Аны каза болгон баланын туугандары деле көргөн.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg



"Балам 5-майда 5 жашка чыкмак"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(76)
SUPER.KG видео
16.07.2013. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурунунан сенин
16.07.2013. 05:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай өкүнүчтүүго....жалгыздан жалгыз уулу болсо ...же күйөөсү болсочу...көзүмө жаш алып ийдим окуп жатып.Эже сабырдан башка айлаңың жок.Уулуңуздун жаткан жери жайлуу болсун.Калган өмүрүн сизге берсин.Көп кайгырбаңыз өзүңүздү колго алыңыз.Түшүнөбүз өтө эле оор акыбалда жүрөсүз.Бирок кантке
16.07.2013. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыр заман жакындаганда 10 баалуу нерсе жерден которулот - деген, ошонун бири адамдардын бири-бирине болгон ИШЕНИЧи. КРда жалганды чындай койгулап, чындыкты тебелеп-тепсеген кызматкерлер орун бербей келишет. Булардын айынан элдин ишеничи жоголду, дегеле бир мам.кызматкерге ишенип болбойт, болсо да 1000ден бирине гана ишенесин! Аллахым ыйман, сабыр берсинчи элибизге, сага, мага, баарыбызга!
16.07.2013. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балага аябай боорум ооруду бир ширин татынакай, жылдызы жанган периштедей бала экен өөп тиштегилеп салгың келет экен адамдын өкүнүчтүүсү өмүрү кыска болуптур, энесине сабыр каалайм Аллах дагы перзент тарттууласын
16.07.2013. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге сабыр берсин, атадан жалгыз туягынызды жоготуп олтурасыз...
Адам омуру кыйылып жатат, соттор туура чечим чыгарат деген умуттомун.
16.07.2013. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалган дуйнодо бири-бирибизди алдаганыбыз менен пайда жок.
16.07.2013. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сабыр кылыныз эже
16.07.2013. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сотторго ишенбениз эже
16.07.2013. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alardin kozuno bir gana akcha korunot! Bular kachan tuura chechim aliwat! ALLADAN korksun! Sabirduu bolunuz ejeke! (((
16.07.2013. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul aial aitkanga men takyr iwenbedim owol kunu Samat uigo kelip kyrky 4ygyp jatkan balasyn korup ketkende sopsoo bol4u. Dagy bul aial men ozumdu jogotup koiupturmun degenida jalgan sebebi owol kunu mawina aialga tiygen emes egerde tiygen bolso bir jeri synat bol4u bul aial sopsoo bol4u
16.07.2013. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эжени сырттан тааныйм, ал эми Т. Бегалиев каратып туруп эле жалган айтыптырго, 4-5 жыл мурун дагы бир иниси Москвада камалып ага да 2 ком. кв жана машинасын сатып берип аран алып келишкен бул киши, эми дагы башка иниси бар экенда, инилери укпайт ко бул кишини анда, жалганды кобуроок суйлоп коймой жери бар бул кишинин.
16.07.2013. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бойтойгон десе.
Гезиттеги сүрөттөрүн көрүп эле, видео версиясын көрө албадым. Жүрөгүм чыдабайт((
16.07.2013. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оз баласын сунуштаган адам не деген адам ал.
16.07.2013. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул тагдырдын сыноосу.кантип эле оз баласын сунуштасын ал кандай эне журогу таш.
17.07.2013. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eje kairat kyllynyz Kubattyn jatkan jeri jailuu bolsun.Sizdin abalynyz oto oor any kotoruugo tiishsiz.Bular ushundai da biri birin kozun chukubait organdakylar. Adilet sot chechimi chygaar degen umuttobuz. Bul da kyrsyk al adam da oz kunoosun alat.Belinizdi bekem buunuz Eje!
17.07.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимиси жалган суйлоп жатышса да адилетту чечилбегени анык.
18.07.2013. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээххх....окуп алып аябай журогум ооруду,анткени Самат ушунчалык ак-конул и адамгерчиликтуу бала эле...,Жапжаш омуру камакта отуп эми,ыйлагым келди.........."Кырсык каш-кабактын ортосунда",деген ушул беле?Тиги эжеге да аябай окунучтуу,сабыр кылыныз!!!!
18.07.2013. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн Баарынан бала Бейиштин торундон орун алат бул Атасына да Апасынада тозокко кируусуно тоскоол пардасы болот. Аллах Таалама айтат Эй Аллахым бул менин Ата-Энемдин мээримин жакшылыгын Эркелеткенин корбодум,Уруксат бер буларды мен Алып кетейин жашоодо корбосомда Бул жакта коруп жашаганыма уруксат бер деген учурда, Жараткан Аллахымдын мээрими Энебиздин мээриминен 70 эсе жогору турганы баарыбызга маалым.!!! Ошол мээриминен Аллахым уруксат берет ИншаАллах Аллахым насип кылсын бейиштин торунон аминь
18.07.2013. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nuraxmad, туура айтасыз, мен да ушуну жазайын деп жаттым эле, бирок сиз жазып коюпсуз.
18.07.2013. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журокту оорутат го. Жараткан озу жазалайт эже, сабыр кылыныз.
18.07.2013. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтын буйругу болду эмикайрат кылыныз
18.07.2013. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайрат кылыныз,Аллах сабыр берсин сизге.
19.07.2013. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oz balasyn ejege tartuu kylbastyr. Al dele ata-ene degendeida. Ata ene oz balasy uchun oz janyn beretko. Uwul jerine iwenuu kyiyngo.
Birok al ejegeda kyiyn jalgyz balasyn jogotuptur, uchurda aidoochular jolgo karabait,mas,kattuu aidait alardyn katasy birok owondoi bolgon tagdyrdada oz balasyn berip koibostur. Kubattyn jaiy jannatta bolsun
19.07.2013. 02:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubattyn jaiy jannatta bolsun
19.07.2013. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп ыйлагын келет ,жалгыз баласын жоготконуна ,сабыр берсин!
20.07.2013. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жамила эже мен бул макаланы окуп алып тобо чачым тик турду.Себеби мен сизди тааныйм.Аяш синдиниз болом Озгондук.Кудайым сизге куч кубат сабыр берсин,а наркы адамды кудай озу жазаласын.
20.07.2013. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubattyn jatkan jeri jannattan bolsun.balasyn mawina suzup ketkenin oz kozu menen korup eje balasynyn kuiutu dep oorup jatkandyrda.kairat kylynyz??!!
21.07.2013. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эхх..ошол кичинекей баланын ордуна мени сузуп кетсе кана(
21.07.2013. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кантсе дагы кырсык.Атайын сузуп кетпесе керек.Эжеке эми сузгон баланы ушул ыйык Рамазан айында кечирип койсонуз чон сооп тапкан болот элениз!
24.07.2013. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
самат махаматазиз уулу бул аварияда куноолу эмес
24.07.2013. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул жерде кокустук болгон , жаш бала да жалка, САМАТ озунун торолгон жоны ымыркайына шашып суйунуп бараткан жерден ушундай кокустук болуп жатат бул да биринчи баласы ,ымыркайда эмне айып? жашынан атасынын мееримин корбой осуп келет. Баланын да омуру кыска экен жайы жаннатта кудай буйруса.жамандык менен же оч алгандан эч кандай пайда жок билсениз жамила эже.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: