СЕНТЯБРЬ АЙЫНДА БИШКЕКТЕ ШКУнун САММИТИ ӨТӨТ
№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди 18-июль күнү кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө министр президентке 13-июлда Чолпон-Ата шаарында болуп өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин кеңешинин отурумунун жыйынтыктары жөнүндө маалымат берди.
Эрлан Абдылдаев президентке Кытай Эл Республикасынын тышкы иштер министри Ван Инин расмий сапарынын жыйынтыктары жөнүндө айтты. Ошондой эле КЭРдин төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды.
Атамбаев ШКУнун быйыл сентябрда өтө турган Бишкек саммитине даярдык көрүү боюнча тапшырмаларды берди.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0