Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
Супер-Инфо / Шоу дүйнө

ДАЙЫРДЫН ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ ЫРЧЫ АЙЫМДАР ТИТИРЕП...

№559 19-июль-25-июль, 2013-ж


16-июлда Дайыр Исмадияров 27 жашка толду. Туулган күн караоке клубда болуп, коноктор кызыл килемден өтүштү. Күнөөкөрдү куттуктап эстрада ырчылары Гүлнара Калдарова, Айпери Сыдыкова, Анжелика, Айгерим Расул кызы, Бегимай Бекбоева, Кенже Дүйшеева, алпаруучу Нурзат Токтосунова жана башкалар келишти. Куудул айым Назира Жетигенова жакшы эле "конокмун бүгүн" деп отурду эле, "сиз жандандырбасаңыз болбойт" деп аны тамадалыкка шайлап коюшту. Кеченин жүрүшүн колго алган Жетигенова ырчы айымдарды тизип оюн уюштуруп, кашынан баштап бардык жерин титиреттирип бийлетип жиберди, чиркин! Дайырга 26 жашы менен коштошуу кыйын болду көрүнөт, таң атканча караокеде ырдап-чоордоп, калганын үйүнөн улантышыптыр. Белектердин эң оригиналдуусу өзүнүн сүрөтү түшүрүлгөн плакат болсо, материалдык жактан бир тууган агасынын Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү тулпары өзгөчө болгонун ырчы белгилеп өттү.

star@super.kg



SQLSTATE[08004] [1040] Too many connections Fatal error: Call to a member function prepare() on a non-object in /var/www/super.kg/module/article/model.article.php on line 632