
Республиканын түрдүү аймактарында иш жүргүзүп жаткан 58 бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү акыйкатчынын ордуна Акылбек Ташбулатовдун талапкерлигин сунуштап, 15-июлда Ош шаарында маалымат жыйын уюштурду. Акылбек Ташбулатов учурда «Эл аралык коргоо жана көмөктөшүү борбору» коомдук фондун жетектеп келет.
27-июнда парламент Турсунбек Акунду акыйкатчылыктан алуу чечимин кабыл алып, 15-августка чейин талапкерлерден документ кабыл алынарын жарыялаган. Экс-акыйкатчы мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылган.
Элира Чынтемир кызы
osh@super.kg