ТАЛАС ОБЛУСУНДА АСЫЛ ТУКУМ ЗАВОДУ КАЙРАДАН ИШКЕ КИРГИЗИЛДИ
№559 19-июль-25-июль, 2013-ж

16-июлда Талас облусунда кайрадан асыл тукум жылкы заводу ишке киргизилди. Бул туурасында И.Осмонкулов атындагы айыл округунан маалымдашты. Учурда заводдун сарайлары оңдолуп бүткөн, ысык, муздак суу киргизилген жана жарыктандыруу калыбына келтирилди.
Ошондой эле И.Осмонкулов атындагы айыл округу заводго тоют камдап алуусу үчүн 15 гектар жер берген.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0