
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы ИИМдин №703-ички аскер бөлүгүнүн 4-ротасынын 35 жоокери аскерий кызматты аркалаган кыргыз патриоту Ысакбек Монуевге арналган көргөзмөгө катышты. Иш-чаранын максаты – жаңы чакырылган аскерлерге Ы.Монуевдин жашоосун жана ишмердүүлүгүн тааныштыруу менен бирге мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка үндөө жана тарбиялоо. Жогорудагы 4-өзгөчө ротанын аскерлери шаардагы коомдук тартипти сактап, шаар тургундарынын коопсуздугун камсыздайт.
Бегимай Тажибай кызы
batken@super.kg