
16-июлда Нарын облусуна Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамы ачылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады. Кеңеш айылында жайгашкан «Манас» Эл аралык аэропортуна караштуу «Нарын» аэропорту 1965-жылдан бери иш алып барып келген. Нарын шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан аэропортко жүргүнчүлөрдөн суроо-талап түшпөй калгандыктан, Союз мезгилинен бери каттам үзгүлтүккө учурап келген. Мындан ары жумасына бир жолу, шейшемби күндөрү Бишкек-Нарын-Бишкек аба каттамы жүргүнчүлөрдү ташып турмакчы.
Ал эми 35 орундуу SAAB-340 үлгүсүндөгү учак «SKY Bishkek» авиакомпаниясына таандык. Жүргүнчүлөр билетти 2100 сомго сатып алышса болот. Келечекте жүргүнчүлөрдүн суроо-талаптарына жараша рейсти жумасына эки жолу аткаруу пландалууда. Мындан сырткары Бишкек-Казарман-Бишкек каттамын да калыбына келтирүү пландалып жатканы белгилүү болду.
Гүлжан Асанкожоева
naryn@super.kg
самолетко тушом десен 3-4 саат, 2100 сом не жалко, абада учкан озунчо эле керемет да.
Убактын болсо сен деле тушуп барып кел
Ошо барып келип айтып атам.
Мумкун сен учун не жалкодур, бирок элдин баары эле сендей эмес да. Бироонун акчасы, биронун убактысы тартыш. Абада учкан керемет болсо пассажирский самолетко тушпой эле жеке самолеттор бар ошолорду арендага алып уча бер...