КАРА КУУРАЙ ӨСТҮРГӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
№560 26-июль-1-август, 2013-ж

Кара-Буура районуна караштуу Чымкент айылынан кара куурай өстүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган айылдын Чолпонбай көчөсүнүн Т.Б. аттуу тургуну жүгөрүнүн арасына 890 түп кара куурай өстүрүп жаткандыгы үчүн кармалган. Табылган өсүмдүктүн жалпы салмагы 63 килограммды түзгөн. Учурда аталган факт боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат, кылмышка шектүү Кара-Буура РИИБинин убактылуу кармоочу жайында.
Гульназ Атантаева
talas@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Бул шилтеме аркылуу кирип, эмне экенин билип алсаңыз болот)))
http://www.super.kg/article/?article=2195