ЭРНИС КЫЯЗОВ ЖАҢЫ КРЕСЛОДО
№560 26-июль-1-август, 2013-ж

Сөзү курч, «калемпир» журналист Эрнис Кыязов ОшТВ телекомпаниясынын жетекчилигине барды. Буга чейин аталган медиамекемени Сюита Соурбаева башкарып келген. Анын жумуштан эмне себептен кеткени азырынча белгисиз. Эскерте кетсек, Эрнис мырза буга чейин ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясында иштеген. Сүйүнүчү коюнуна батпаган журналист үй-бүлөсү менен эчак Ош шаарына көчүп барганын айтты. Эрнис барды, эми мэрди мактаган маалыматтар көп болобу же жок болобу көрө жатарбыз.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
tyyra aitasyn ...kuljan iwterinin juiuntygy jakwy bolso albette maktoogo arzuiit....
Жөнөкөй адам катары баалайм, ишиңизге ийгилик! Креслодо олтура бербей эл алдында дагы деле эфирден чындыкты айткан жеке автордук программа иштеп эфирден алыстабаңыз?