Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АЙЛАНАЙЫН АЙДООЧУ, АБАЙЛА!

№561 2-август-8-август, 2013-ж


Жыл сайын жол кырсыктары көбөйгөндөн көбөйүүдө. Статистика көрсөткөндөй, быйыл жол кырсыктарынын саны былтыркыга салыштырмалуу 48 пайызга өскөн. Кыргызстан боюнча күнүнө орто эсеп менен жол кырсыгынан 3 адам көз жумат. Кырсыктан соң ден соолугунан ажырагандар канча? Буга ким күнөөлүү? «Кырсык каш-кабактын ортосунда» деңизчи, бирок мунун алдын алса, азайтса болбойбу?

СТАТИСТИКА ҮРӨЙДҮ УЧУРАТ
Үстүбүздөгү жылдын 6 ай аралыгында өлкөбүздө 3017 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 453 адам каза болуп, 4318 адам ар кандай жаракат алган (анын ичинен 49 жаш бала көз жумуп, 618и жаракат алган). Ал эми 2012-жылдын алгачкы жарым жылдыгында 2038 жол кырсыгы катталып, 370 адам каза таап, 2877 адам жаракат алган болчу (анын ичинен 48 өспүрүм көз жумуп, 459у жаракат алган). Бул өткөн жылдын 6 айына салыштырмалуу бир жарым эсеге жогорулагандыгын билдирет.

«ЖОЛ ЭРЕЖЕЛЕРИН КӨБҮНЧӨ МАРШРУТТУК ТАКСИЛЕР БУЗУШАТ»
Шаар тургундарынын пикиринде, жол эрежелерин бузууга жана кырсыктардын келип чыгышына көпчүлүк учурда тажрыйбасыз жаш айдоочулар күнөөлүү. Коомдук транспорттун айдоочулары да жол кырсыктарына, тыгындын пайда болуусуна шарт түзөт. Калктын айтымында, айдоочуларга жасалма документ жасап бергендер, пара жеген МАИчилер жазага тартылмайынча кырсыктар азайбайт. Ал эми жол кыймылын көзөмөлдөгөн тарап айдоочуларды күнөөлөйт. Жол көзөмөлдөө кызматынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын башкы инспектору Эдил Балтабаевдин жогорудагы көйгөй тууралуу пикирин уктук:

– Жол кырсыктары эмне себептен көбөйүүдө деп ойлойсуз?
– Жол кырсыктары айдоочулардын жол эрежесин сактабаганынан улам болууда. Мас абалында, жогорку ылдамдыкта айдашат. Мындан тышкары жолдорубуз начар. МАИ кызматкерлери аз, ошол да себеп. Айдоочулар өзүн эле ойлобостон, автоунаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдү да ойлошсо. Кыргызстанда жолдор Союз учурундагы стандарт менен тар салынган. А бирок машиналардын саны өсүүдө. Учурда өлкөбүздө 888 миңден ашык автоунаа катталган.

– Жол кырсыгын азайтуу үчүн кандай иш-чараларды жүргүзүп жатасыздар?

– Ар кандай профилактикалык иштерди жасап жатабыз. Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук фирмалардын жетекчилери менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз. Себеби маршруттук таксилердин катыштыгы бар жол кырсыгы көп катталууда. Мисал катары айтсам, үстүбүздөгү жылдын 6 ай аралыгында өлкө боюнча 153 маршруттук такси жол кырсыгына кабылып, натыйжада 29 киши каза болуп, 317 киши ар кандай жаракат алган (Жети-Өгүздөгү кырсык биринчи жарым жылдык статистикага кирген эмес).

– Айдоочулук күбөлүккө «Д» категориясын кимдер ала алышат? Азыр жаш балдар деле жүргүнчүлөрдү ташып иштеп жүрүшөт...
– Союз учурунда айдоочуларга 21 жашында «Д» категориясын берип, 2 жыл шаар ичинде жүргүнчүлөрдү ташып иштеген соң гана шаарлар аралыгына айдоого уруксат берилчү. Азыр деле «Д» категориясы 21 жаштан жогоркуларга берилет, бирок жаш балдар ижарага кичи автобустарды алышып, шаар ичинде иштебестен, дароо алыскы шаарларга каттамдарга чыгып жатышат.

– Тааныштар же акчанын күчү менен күбөлүккө «Д» категориясын жашы жетпегендер деле бастырып алышы мүмкүнбү?
– Элдин ою ошондой болуп калыптанып калган. Дароо эле «МАИ кызматкерлери жасалма документ жасап беришет» деп ойлошот. Азыр XXI кылым. Баары компьютер аркылуу өтөт. Эгер жашы жетпесе компьютер аркылуу билинип калат. Ошол себептен «Д» категориясын жашы жете электерге берүүгө мүмкүн эмес.

– Маршруттук такси айдагандарга кандай талаптар коюлат?
– Ар бир айдоочу эртең менен сөзсүз түрдө наркологдон текшерүүдөн өтүп, андан кийин гана каттамга чыгып иштеши керек. Ичип алып айдаган фактылар көп. Андай айдоочуларга административдик материалдар түзүлүп сотко жөнөтүлөт. Мындан тышкары унаа жылына 2 жолу техникалык кароодон өтүп турушу шарт.

– Негизи, маршруттук таксилерге канча жүргүнчү салууга уруксат?
– Ар бир унаанын техникалык мүнөздөмөсү болот. Ошол мүнөздөмөдө канча киши салууга уруксат берилсе, ошончо киши салыш керек. Заводдон унааны ошого ылайыктап чыгарат да. Бирок азыр айдоочулар ага карабастан, жүргүнчүлөрдү батпай калганча толтуруп алышат. Аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мисалга, кээ бир айдоочулар жүргүнчүлөр отурчу орундуктарды «киши көп батсын» деп алып салышат. Биздин кызматкерлер андай көрүнүштөргө тиешелүү административдик протоколдорду түзүшөт. Маршруттук таксилер менен иштешүү биздин кызматкерлер үчүн кыйынчылык туудурат. Жол эрежесин бузган кичи автобустарды МАИ кызматкери токтотсо, алар ичиндеги жүргүнчүлөрдү алып чыгып, ызы-чуу кылып, эптеп айдоочулук күбөлүгүн алдырбоонун аракетин кылышат.

«ЖҮРГҮНЧҮЛӨР ӨЗДӨРҮ КҮНӨӨЛҮҮ»
Айдоочулардын да арманы аттын башындай десек болот. Башкасын мындай коюп, борбор шаарыбыздын эле жолдорун ала турган болсок, мышык ыйлай турган кейипте. Жол чырактардын начар иштегенине, аялдамалардын аздыгына, элдин ыгы жок жерден токтото бергенине маршруттук таксилердин айдоочулары нааразы. Алар өздөрүнүн дарегине айтылган жогорудагыдай пикирлерге, жыртык жолдордон буйтап көнгөндөй, кошулгулары келбейт. 216-каттамдагы маршруттук таксинин айдоочусу ЭЛЧИБЕК ИДИРИС УУЛУНУН айтымында, ал 19 жашынан бери жүргүнчү ташып иштейт:
– Жашым 22де. Жүргүнчүлөрдү ташып иштегениме 3 жыл болду. Айдоочулук күбөлүктү окуп анан алгам. Элдин нааразы болгондорун угуп эле жүрөм. Бизге деле оокат керек. Кичи автобустун ижарасына айына
18 миң сом төлөйм. Атаандаштык болгон соң кээде жарышып айдоого, элди маршруттук таксинин ичине толтуруп алууга туура келет. Бир чети жүргүнчүлөр өздөрү күнөөлүү. Бул деле такси сыяктуу да, кааласа түшөт, каалабаса түшпөйт. Бара жатсаң кол көтөрөт. Токтотсоң өздөрү шыкалып биринин үстүнө бири кире берет. Негизи 20 жүргүнчү салууга уруксат. Анан жүргүнчүлөрдү биз кыйнабайбыз да «түшкүлө» деп, «жылгыла-жылгыла» деп өздөрү эле бири-бирин түртүп түшүп алышат да, артка өтүп алып сүйлөнөт. Кээде аялдама болбосо деле «токтот» дешет, токтобой койсоң жаман көрүп эшикти тарс эттире катуу жаап түшүп кетишет. Кээ бирөөлөр «айдоочулар ичип алып айдашат» деп ойлошот экен. Башкасын билбейм, биздин каттамда андайлар жок. Ар бир күнү нарколог келип текшерет. Ичкендерге айдоого уруксат бербейт. Анын үстүнө кечке чейин тыйын табайын деп элди ташып иштейсиң, анан кантип ичмек элең. Жүргүнчүлөрдү ташып жатып кандай адамдар ичет экенин билбейм.
Биздин эң негизги көйгөйүбүз эле жол. Анан 216-каттамга атаандаш каттамдагы маршруттук таксилер көп. Жол эрежелерин көбүнчө өзүн кыйын сезгендер, байдын көпкөн балдары бузушат. Анан алардын айынан тыгын, жол кырсыктары пайда болот.

Айдоочуларга тиешелүү «шашып өлүкканага 1 саатта жеткиче, шашпай 2 саатта үйгө жеткен оң» деген сөз бар. Туура. Адам өмүрү кымбат экенин, канчалаган адамдардын өмүрү силердин колуңарда экенин туюп, шашпай айдагылачы, айланайын айдоочулар!

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
КООМДУК УНААГА ТҮШҮҮДӨН КОРКПОЙСУЗБУ?

Элиза Маныбаева, Бишкек шаары:
– Айдоочулар мал салып алгансып катуу айдашат. Бири-бири менен жол талашат. Атаандашына жини келип, жинин катуу айдап чыгарат. Маршрутканын ичиндеги канчалаган адамдардын өмүрүнүн жоопкерчилигин алып жаткандарын айдоочулар эстеринен чыгарышпаса экен...

Азат Бөрүбаев, Бишкек шаары:
– Коомдук транспортко түшкөндөн, чынында, корком. Катуу айдашат, жол эрежелерин көп бузушат. Азыр жаш балдар деле «Д» категориясын акча менен сатып алып, маршруткаларды айдап жүрүшөт. Аларда тажрыйба аз, жол кырсыктары көбүнчө ошондон келип чыгууда.

Махабат Багышбекова, Талас облусу:
– Коомдук транспортто жүрүү мен үчүн кооптуу деле эмес. Канча жылдан бери көпчүлүк катары маршруткалар менен эле барчу жериме жетем. Бирок кээде катуу айдаса коркосуң. Шаар ичиндеги бардык эле айдоочулар жол эрежелерин билгендер болсо керек деп ойлойм.

Каныбек Түркбаев, Жалал-Абад облусу:
– Коркпойм, анткени тиешелүү органдар аларды текшерүүдөн өткөрүп турат деп үмүт кылам. Бирок көп маршруткалардын отургучтары ыңгайсыз. Ошол эле учурда турсаң да ыңгайсыз. Кээ бир маршруткалардын шамалдаткычтары жок, терезелери ачылбайт. Ошондой унаалардын лицензиясын алып салышса жакшы болмок...

Айгүл Сапатаева, Ысык-Көл облусу:
– Жакында эле жол кырсыгы болуп, ондон ашык адам каза тапты. Бул эмнеден келип чыкты? Албетте, жол коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан. Анан жаш эле балдар айдоочулук күбөлүктү сатып алып жүргүнчүлөрдү ташып жатышат. Мен маршруткага түшкөндөн корком.

Руслан Төлөгөнов, Бишкек шаары:
– Коркунуч жаратат. Ичине көп киши тыгып алып жарышып катуу айдашат. Жол эрежелерин көп бузушат. Отурайын десең отургучтары да жок. Арасында ичип алып айдашкандары бар. Жүргүнчүлөргө да орой мамиле жасашат. Бирок арасында жакшы айдоочулар деле бар.

Давлес Жамшит уулу, Ош шаары:
– Коркпойм. Бирок жийиркеничтүү көрүнүштөр көп болот. Тыгындан улам бара турган жериңе араң жетесиң. Кээ бир айдоочулар копол айдашат. Анан да ысыкта терезелери ачылбайт.

koom@super.kg



Айланайын айдоочу, абайла!

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
05.08.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маршрутка айдагандар кааласа бат журушот кааласа ар бир аялдамада 5-10 минуттан туруп алышат.эрте чыгып алыпмын киши жок деп.ар бир минут сайт башка айдоочуларга чалып турушат каердесин киши копу мен бул жердемин деп.кааласа раллиде жургондой газды басышыпичиндеги адамдарды жыгылганына да карабайт.бир нерсе десен озун каттуу карма дейт.булар эч качан гаи лерге да тутулбайт себеби бир бирине айтып турушат.буларга ким чара корот.
09.08.2013. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chynyshka, en tuura aitasyn,,,,
SUPER.KG видео
06.08.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7000000 дон ашык машина бар бизде!
SUPER.KG видео
11.08.2013. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Трассадан жолдун эки четиндеги теректер учун коп адамдардын жаны кыйылып жатат,ошол теректер жок болсо,каза болушпай жок дегенде жаракат алышаар беле,теректерди кыйып салышса болот эле,капыстан донголок жарылса деле терекке тийет.Мисал;Жети-Огуз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: