
31-июлда Нарындын Туз-Бел ашуусунда жол кырсыгы катталды. Жабырлануучу 1992-жылы туулган Кулубек уулу Темирбек Кочкор районунун тургуну болсо, аны сүзүп кеткен айдоочу кытайлык «Чайна роуд» жол-курулуш компаниясынын кызматкери болгон. Кырсыкка себепкер кытай айдоочусу окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган. Аталган компанияда иштеген 4 кыргыз жараны аны кармап калмакчы болуп, ортодо жаңжал чыккан. 4 кыргыз жаранын жол куруп иштеген башка кытай жумушчулары сабап салышкан. Жаңжал чыккан жерге «Чайна роуд» компаниясында иштеген кыргыз жумушчулары менен бирге 50-60тай жергиликтүү тургундар топтолушкан. Ошол учурда окуя болгон жерге аймактагы чек арачылар келишип, жаңжалды токтотуп калышты.
Унаа сүзүп кеткен жарандын абалы азыр канааттандырарлык экенин вице-премьер Токон Мамытов билдирди. Ал эми кытайлардан токмок жеген 4 кыргыз медициналык жардам алышып, абалдары жакшы экенин кошумчалады ал. Мамытовдун айтымында, учурда ИИМдин Нарын облустук башкармалыгынын өкүлдөрү жаңжал чыккан жерде териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Эске салсак, буга чейин 23-июлда Жалал-Абад облусунун Терек-Сай айылындагы алтын кенин казып иштеген кытайлыктар менен жергиликтүү элдин ортосунда жаңжал чыгып, кытайлар кыргыздарды сабап салышкан эле.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
бизден депорт кылса болбойбу.
сайып таштаптыр. Мына кордунорбу? Самооборона учун, курал же бычак алып журсонор-аман каласынар жана башкаларды утасынар ар дайым.
эми сенин жакынын олтуруп жатса деле карап турат болушун керек.
Мен зоокур эмесмин, болгону озун коргосун дейм. Кечее эле оштук баланы бычак менен Москвада сайып олтуруп кетишти. Эгерде анда курал болгондо аман калмак эле. башынды сен иштетчи
Маданиятсыз сөздөрдү жазуудан уялбайсызбы!
Эрежелер менен жакшылап таанышып келиңиз!
10 күн банга!
He kitaylar dele bilse kerek urup teep koyup militsiyasina 4000-5000 berip kutulup keteerin,oshol uchun korkboy urup jurushot da ar jerde,+jol kirsinginda kata ketirgen alar bolso...
мындай жанылыштык жасагандарды донсоосуно кошуп туруп туздоп коюш керек...