«ГОРОД 312» ТОБУ ЫСЫК-КӨЛДӨ ЧАРДАШУУДА
№561 2-август-8-август, 2013-ж

Бишкек шаарынын кодунан коюлган «Город 312» тобу учурда кереметтүү Ысык-Көлдө эс алып жаткан кези. Бул тууралуу 28-июль күнү топтун негизги ырчысы Ая интернеттеги баракчасына: «Бүгүн эс алууга учуп кетип жатабыз, эртең бизге Дим, Маша жана Оливка кошулат. Жолугушканча. Учту-уук!»- деп жазып калтырган. Ал эми кийинки күнү топтун дагы бир мүчөсү Дим: «Азербайжан улутундагы айдоочу бизди Шереметьево аэропортуна алып кетип жатат. Эртең Ысык-Көлдө шапар тебебиз»,- деп кубанычы менен бөлүшкөн. Орусияда ийгилик жаратып жаткан мекендештерибиз бул тапта Ысык-Көлдө чардап, эс алуунун планын толтуруп жаткан экен.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
8
ийгилик каалайм