АКТЁРЛОР ФЕСТИВАЛДАН ОЛЖОЛУУ КАЙТЫШТЫ
№561 2-август-8-август, 2013-ж

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын актёрлору Екатеринбург шаарында болуп өткөн «Коляда-Plays» эл аралык фестивалына катышып келишти. Бул тууралуу бизге Назым Мендебаиров кабарлады. Актёрлорубуз «Назиктик» деген спектакли үчүн «Мыкты актёрдук ансамбль» наамын алышкан. Фестивалга Германия, Франция, Чехия, Монголия, Польша жана башка өлкөлөрдүн театрлары барышкан. Кыргыз драма театрынын актёрлорунун кыргыз маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн кубанычтабыз.
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
4