
«Кеңеш» тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетовдун «үйүм бүтсө эле силерди конокко чакырам» дегенине көп болгон. Минтип убак-сааты чыгып, үлгүлүү түгөйлөрдүн жаңы конушунда конокто болуп кайттык.
– Мүзүр, үйүңүздү канча жылда куруп бүтүрдүңүз?
– Жер тилкени 2007-жылы сатып алып, 4 жылда куруп бүтүрдүк. 2012-жылы май айында көчүп кирдик. Ага чейин көп кабаттуу үйлөрдө батирде турчубуз. Өзүңдүн үйүң болгон жакшы турбайбы. Эми үйдү дагы чоңойтуп, машина токтотуучу жай, бассейн куралы деп жатабыз.
– Үйгө жаңы көчүп киргенде же пайдубалын тургузуп жатканда кандай ырым-жырымдарды колдонгонсуңар?
Гүлмира: – Пайдубалын тургузуп жатканда бир туугандарды чакырып түлөө өткөргөнбүз. Анан Мүзүр пайдубалдын төрт бурчуна «киреше кирген үй болсун» деп майда бриллианттарды сепкен.
– Гастролго кеткениңерде үйдө ким калат?
Гүлмира: – Балдарым таята-таенесинин колунда калышат. Үйүбүз өзү эле сигнал берүүчү жабдык менен жалгыз калат. Бир жолу гастролго кетсек, ууру терезелердин темирлерин ийрейтип, ичине киргенге аракет кылыптыр. Бирок ою ишке ашпай калыптыр да.

Лунара Бекиева
star@super.kg
Холодильникте стаканчик арак бар экен. Биз деш керек эжекеси. Озун мактагандан олоорчо кач дечу беле.