«ДОРДОЙ» АТААНДАШТАРЫН ТАПТЫ
№561 2-август-8-август, 2013-ж

31-июлда Малайзияда футбол боюнча АФКнын (Азия Футбол Конфедерациясы) президентинин 2013-жылкы Кубогунун финалдык баскычынын чүчү кулак таштоо аземи болду. Анда финалдык бөлүккө жеткен 6 мамлекеттин 2012-жылдагы чемпиондору үч-үчтөн 2 тайпага бөлүнүштү. Кыргызстандын өткөн жылдагы чемпиону «Дордой» футболдук клубу «В» тайпасына түштү. Бул тайпада Пакистандын чемпиону КРЛ клубу жана Палестинанын чемпиону «Хилал Ал-Кудс» клубу бар. Ал эми «А» тайпасы непалдык «Три Старз», монголиялык «Эрчим» жана түркмөнстандык «Балкан» клубдарынын башын бириктирди. Эске салсак, мелдеш 23-29-сентябрь аралыгында өткөрүлөт. Мелдештин кайсы өлкөдө өтөрү чечиле элек.
Айбала Эргешов
sport@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0