АТКЕЗЧИЛИК МЕНЕН АЛЫНЫП БАРАТКАН ДАРЫЛАР КАРМАЛДЫ
№561 2-август-8-август, 2013-ж

27-июль күнү Баткен районунун аймагынан аткезчилик менен Тажикстанга дары-дармек жүктөп бараткан S8705U номерлүү Мерседес Гигант үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган. «Кармалган унаанын ичинен баасы 3,5 миллион сомго бааланган дарынын 160 түрү салынган 460 коробка табылды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө»,- деп маалымдады Баткен РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмү.
Бегайым Тажибай кызы
batken@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0