Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

БАТКЕН ОКУЯСЫ ДАЛАЙЛАРДЫН ӨМҮРҮН АЛГАН

№563 16-август-22-август, 2013-ж


Баткен окуясы. Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Кыргызстандын түштүгүнө басып киришкен. Чыгыш акылмандарында «жамандыкты эсиңден чыгарба, ал сак болууга жардам берет» деген кеп бар. Андыктан ошол датага кайрылууну чечтик.

«РАЙОНГО БАРЫП КАБАР БЕРГЕНИМДЕ АЛГАЧ ИШЕНИШПЕДИ»
Кыргызстандын эң алыскы аймагы болуп эсептелген Баткендин облус статусун алганына быйыл 14 жыл болду. Ош облусунан бөлүнүп чыгып, Баткен районунун облус болуп калуусуна түрткү болгон окуя да ушул. Диний экстремисттердин тобу 1999-жылы август айынын башында Кыргызстандын түштүгүнө басып киришип, Баткен районунда өздөрүнүн лагерлерин куруп алышкан.
Өздөрүн Өзбекстан бийлигинин оппозициясыбыз деп эсептеген бандиттик топтор Кыргызстандын аймагын өздөрүнүн базасына айландыруу, тажрыйбасы жок жергиликтүү жаштардын башын айлантып тобуна кошуу, алардан келечектеги баскынчыларды даярдоо максатын көздөшкөн. Алар милициянын, райондук администрация кызматкерлерин, ал жакта иштеген япониялык төрт геологду жана карапайым адамдарды барымтага алышкан. Бир катар кыштактарды басып алууга үлгүрүшкөн. Баткен окуясында расмий түрдө 48 киши көз жумган.
Мынча санда адамдардын өлүмүнө жергиликтүү эл ошол мезгилдеги бийлик өкүлдөрүн да күнөөлөп келет.
Баткен окуясы жөнүндө толугураак маалымат алуу үчүн 1999-жылы Баткен окуясынын очогунда жүргөн Зардалы айылынын мурдагы башчысы АКМЫРЗА ТАГАЕВ менен маектештик.
– 1999-жылы июль айынын аягында куралчан өзбек, тажик, араб тилинде сүйлөгөн адамдар, башкача айтканда, вахабисттер Зардалынын тоолоруна жайгаша башташкан. Зардалы айылында касиеттүү жылуу суу бар. Алар тоодо жайгашып алышып, ошол сууга дарыланганы барган элди барымтага алышкан. Аны көрсө да, эл мурункудай өз тиричилигин кыла берген. Чочулаган эмес.
Мен ошол учурда Зардалыда айыл башчы элем. Көп өтпөй эле алар Коргон деген айылга келишкен. Айылга эл кирген, бирок эч ким чыккан эмес. Мен чоочун, куралчан адамдардын киргенин билгенимде дароо эле районго кабар берүү үчүн жөнөдүм. Бир аксакал «мага тигилер шекер, ун, чай жана башкаларды алып келип бер деп 100 доллар беришти» деди эле, ал киши экөөбүз Баткен
РИИБине бардык. Милиция кызматкерлери алгач менин айткандарыма ишенишкен жок. Качан «аксакалга акча беришиптир» деп 100 долларды көрсөткөндө гана ишеништи. Мага «айылга бар, бирок маалымат жеткиргениңди билсе атып салуулары мүмкүн» дешти. Экөөбүз тигилердин берген акчасына керектүү тамак-аштарды алып айылга жөнөп кеттик.
Куралчандар биздин районго маалымат берүү үчүн кеткенибизди билип алышыптыр. Зардалыга жете бергенде топтолуп турган аксакалдар «сени укук коргоо органдарына айтканың үчүн атып салышат, издеп жүрүшөт» дешти. Ага карабай айылга барсам, «чакырылбаган коноктор» тамак-ашын алып тоого чыгып кетишиптир. Биз милицияга кайрылгандан бир суткадан кийин 300дөй жоокер келди.

«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИН СОЮП САЛЫШКАН»
– 3-август күнү блокпост коёбуз деп аскерлер менен райондун акими барганда вахабисттер аким менен 4 адамды кошуп барымтага алышты. Алар «Өзбекстанга кирип, ислам мамлекетин түзөбүз. Силер бизге Өзбекстанга өтө турган жол ачып беришиңер керек» деп талап коюшту. Барымтадагылар 8 күн алардын колунда болгондон кийин вахабисттерге ун, чай, нан, картошка, май жана башка тамак-аштарга кошуп акча берип мекендештерибизди куткарып алганбыз.
15-августта вахабисттер менен кыргыз аскерлеринин ортосунда атышуулар болду. Биздин аскерлердин командирине ок тийгенден кийин ок атуу токтоду. Алар тоодо туруп биз тарапты атып жатышты. Тоонун арасынан кайсы жерден ок чыгып жатканын билбейсиң. Атышуу токтогондо, 21-август күнү эртең менен бийликтин же президенттин буйругу мененби, айтор, элди коргоого албай, Зардалыдан 600дөн ашуун аскерди алып чыгып кетишти.
Айылда карапайым эл менен вахабисттер калды. Аскерлер чыгып кетишкенден кийин эле вахабисттер элди атып киришти. Кан төгүлүп, 50дөн ашуун адам өлгөн. Акимдин орун басарын атып, Касымбек аттуу милиция кызматкерин кызылдай эле союп салышкан. Ал убакта Дара айыл өкмөтүнүн эли бардык нерселерин таштай качып, кары-картаңдар, качууга мүмкүнчүлүгү жоктор гана айылда калышкан. Бир милиция кызматкери экөөбүз да качып кетүүгө жетиштик. Ошентип, өлчүсү өлгөндөн кийин, 13-октябрь күнү кайра кыргыз аскерлери келип Зардалыны колго алышты. Вахабисттер 2 аскер жетекчисин жана биздин тоолордо иштеп жүргөн япон улутунун өкүлдөрүн барымтага алып, Тажикстанга өтүп кетишти.

«КЫРГЫЗ КЫЗЫНА ҮЙЛӨНГӨН ВАХАБИСТТЕР БОЛГОН»
– Алар бизге кол салуудан мурда биздин жерди, элди өздөштүрүшкөн экен. Айылда 6-10го чейин үйлөрдү куруп, эл менен иштешип, «биз акча иштегени Тажикстандан келдик, убактылуу иштеп кетебиз» дешкен. Кийин белгилүү болгондой, алар ошол эле убакта тоолорго чыгып курал жашыруучу ороолорду курушуптур. Бир нече жерлерге жардыруучу заттарды да коюп коюшкан. Алар кеткенден кийин да жардыргычтарга жарылып өлгөндөр болду. Бир топ убакыт Зардалыда жүргөнүн мындан билиңиз, согушчандардын бири кыргыз кызына үйлөнгөнгө жетишиптир. Мында эң көп жапа чеккен жергиликтүү эл болду. Бул окуя жашынын да, карысынын да эсинде бир өмүр сакталып калса керек.
Ошол күндөр элдин эсинде түбөлүккө калды. Көчөдөн кубарган, корккон балдарды, үйүндөгү кийими менен чыгып келе берген аялдарды көрүүгө болот эле. Айылдагы карыялар алгач жаш балдар менен аялдарды качырып жиберишкен. Бүгүнкү күнгө чейин Баткен окуясын изилдеп чыккан адам жок. Мекен үчүн согушчандар менен атышып курман болгон баатырларды кээде гана эстеп коюшпаса, калган убакта унутушат. Кандай болгондо да тарых баары бир өз сынын берет.

Бегайым Тажибай кызы
koom@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ЧЕК АРАДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ КАНТИП ЧЕЧСЕ БОЛОТ?

Адилет Сабыров, 17 жашта:
– Мамлекет бардык аймактарга бирдей көңүл буруш керек. Мисалы, Баткен сыяктуу алыскы аймактарга жакшы көңүл бурулбай жатат. Ал аймактар алсыз болгон үчүн коңшулар ар кандай шылтоо менен чыр чыгарып жатышат.

Медетбек Ширинбеков, 52 жашта:
– Чек арасы такталбаган аймактагы элди мамлекет жумуш менен камсыздап, ошол аймакта жашоого жакшы шарттар түзүлсө, эч ким ал жактан кетпейт. Анан чек арачылардын маяналарын көтөрүү зарыл.

Эркингүл Мамбетакунова, 53 жашта:
– Бул көйгөй кыргыз тарап чечип койчу нерсе эмес. Эки тараптын мамлекеттик деңгээлдеги сүйлөшүүлөрү менен гана чечилет. Чек ара маселесин тез аранын ичинде чечпесе, дагы да эки элдин ортосунда пикир келишпестиктер боло берет.

Медетбек Ташболотов, 40 жашта:
– Мамлекет чек арага жакын аймактарга көңүл бурбайт. Чек араны тактап, тикен зымдар менен өзбек, казактар сыяктуу кылып бекем тосуш керек. Каражатты аябай, ошол аймактарды тактап, тосмоюнча чыр чыга берет.

Азят Анардин уулу, 20 жашта:
– Кыргызстандын көп жерлеринде чек ара такталбагандыктан, көп чыр-чатактар болуп жатат. Таласта Казакстан менен суунун, жайыттын артынан пикир келишпестиктер болот. Менимче, бул маселени Кыргызстан тарап өзү чече албайт. Буга эки тарап тең кызыкдар болуш керек деп ойлойм.

Чынара Бейшебаева, 48 жашта:
– Кыргызстандын экономикасы чектеш өлкөлөрдүкүнөн төмөн болгон үчүнбү, алар теңсинбегендей мамиле кылышат. Муну Баткендеги кыргыз жаранын биздин чек арада атып салганынан көрсөк болот. Аймактагы элге, чек арачыларга жакшы шарттарды түзүш керек.

Сардарбек Мавлянов, 27 жашта:
– Чек арачылардын маяналарын көтөрүп, аларга жакшы шарттарды түзүп бериш керек. Чек арачы жигиттер – мекенин сүйгөн азаматтар. Маянанын аздыгына карабай кызмат кылышууда. Өлкө башында тургандар аскерлерди колдоп, башка өлкөлөрдөй көңүл бурса жакшы болмок.

koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(21)
19.08.2013. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал кунду эстесем менин олуп кеткен командирим жана служактарым эсиме тушот канча деген жаш жигитерибиз олуп кети мендагы ал окуянын азабынан жапа чекемин рахмат силерге супер инфочулар бизди эстен чыгарбай эстеп турганынарга мен ошондо ойлогомун мен кайтып айылга барбасам керек деп дагы бир жолу рахмат супер инфо
19.08.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Вахабист эмес, террорист десенер тагыраак болот!
19.08.2013. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uluk1982, ооба! Супер ошол созду озгортуп койсонор туура болмок!
19.08.2013. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал мезгилде вахабист деп айтылган инилер
19.08.2013. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскерде бирге кызмат отогон Куштарбек Саматовду эскергим келди. Мен 1999-жылы 26-майда кызматымды отоп бутуп, уйго жол алдым. Ошол куну Куштар экообуз суйлошуп олтурганбыз. Мен жогорку билимдуу болгондуктан 1 жыл, Куштар 1,5 жыл кызмат кылмак. Кузундо анын туулган кунуно келмек болдум. Бирок каргашалуу Баткен окуясы чыгып, Куштар ошол жактан келбей калды. Гезиттен окуганымда копко чейин ишенбей журдум.Балдарыбыздын кантип олгонун укканда ошол кездеги Кыргыз армиясынын жетекчилеринин кенебестиги
19.08.2013. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кызмат отогон аскер болугунун жетекчилеринин шалаакылыгына абдан кыжырым келди. Болгону эки магазин гана ок беришкен дейт Алмаз деген кызматташым, "Алооху акбар" дегенди укканда журогубуз алкымга тыгылды дейт. Эк магазин ок коз ачып жумганча тугонот, анан кача баштадык дешет. Развед ротанын балдары чалгындан келип душшмандар тууралуу доклат беришкенде ошол жердеги майор(аты эсимден чыгыптыр)мас болгон дешет. Учурунда ттийиштуу иш-аракеттерди кабыл алышкан эмес дешет. Душман катап киргенде
20.08.2013. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaniet, капитан Молдобаевдин эмгеги зор болгон.ал убакта.тайманбас капитан болчу.
20.08.2013. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ramiz, капитан Молдобаев мыкты аскер кызматкери болсо болгондур, бирок андайлар аз болгон. А мен айткан майор аскер болугундо деле ичип мас болуп алып аскерлерди жону жок эле губага камап, суу менен хлордон чачып камап койчу, ошол душман каптап кирген туну да мас болгон экен.
19.08.2013. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зенитканын гана жардамыф менен душманды артка сурдук дешет. Корсо душмандар ошол зенитка учун кол салышкан экен. ОШол куну 7 адам окко учкан, аларга Баткен шаарында эстелик тургузулган. Тишине чейин куралданган, тажрыйбалуу душмандарга тажрыйбасыз кыргыз жоокерлеринин каршы турушту. Неге тажрыйбасыз? Себеби ошол олгон жоокерлер мен менен кызмат отошкон, мага окшоп 1 жыл кызмат ичинде болгону 9 гана ок аттым автоматтан. Болгону 9 жолу. Бирок марш тепкенди, гусиный шагды, подьем отбойду"билчуубуз"
19.08.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Зенит эмне?
20.08.2013. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suluu Jigit, . ЗЕНИТНАЯ ПУЛЕМЁТНАЯ УСТАНОВКА
(ЗПУ),
автоматич. оружие, состоящее из одного или неск. (обычно 2-4) пулемётов,
смонтированных на спец. станке и имеющих общие механизмы паводки и прицельные
приспособления для зенитной стрельбы (см. рис.). Появилась в 1930-х гг.
Предназначена для ПВО сухопутных войск и кораблей, может применяться также
для борьбы с легкобронированными наземными и надводными целями. ЗПУ состоят
на вооружении зенитных подразд
19.08.2013. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен июль айынын аягында ушул Зардалыга жакын Жылуу-Суу деген жерде эс алып келдим, ошол жакта журсок ош-бишкектен келген военныйлар разведкада журушуптур ошол согуш болгон айылдарда.... муну угуп бир анча конулум которулду, бизде да разведкага чыгышат турбайбы алыыскыыыы жактарга деп ))))
19.08.2013. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен ошондогу аскер жетекчилерин тушунбойм, болгону 100-200 террорчу болсо эмне учун 600-1000 тажрыйбасыз жаш балдарды алып барат ал жака, ОМОН, Скорпион д-н болукторду алып барса жетишткуу болмок деп ойлойм
19.08.2013. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин айылыман бир ага өлгөн,ошолорду баатыр десе болот,кайдагы аңкайып Ак үйдү карап,не болот экен деп карап туруп өлгөн(ажал дечи бирок..)бирөөнү баатыр кылып,алтын тамга менен жазбай...
19.08.2013. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атышуу
токтогондо, 21-август күнү эртең менен
бийликтин же президенттин буйругу
мененби, айтор, элди коргоого албай,
Зардалыдан 600дөн ашуун аскерди алып
чыгып кетишти.

Эмнеге аскерлерди алып чыгып кетишкен,тушунбойм.Вахабисттер менен эл калганда элди коргобой.Же ок жетишпесе,тообо.Бишкектен даярдалган жоокерлерди,ок-дарыларды тезинен алдырышпай не кылып журушту.Ишине кайдыгер караган чонду айдаш керек эле.Айыл башчы тараб
20.08.2013. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym, ок дары эчтеме эмес.анда мамлекет кедей болчу.азырчы ишенген бир вертолет бар аны жардърса эч теме учпай калат.даже танктарда от албайт.билбейм озбекстан каптап кирсе аларга каршы эмнебиз чыгат?баяг8ле жоо таяк таш м.н эл чыгат бийлик соройлору 1000ге койот
19.08.2013. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл башчы тарабынан маалымат жеткенде ишенишпей 100 долларда корсоткондо ишенишип.Айыл башчы алдабайт да чон эле киши болуп туруп.Айыл элини коопсуздугу учун болсо да ишениш керек эле.Ал акча корсотулбогондо беймарал жата беришмек экен эле да.Элин-жерин коргогон жоокерлерге таазим,ажалдан коркпой эли учун жанын берген.
20.08.2013. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол кездеги бийликтин шалаакылыгынан айынан ушундай болду да. Эл да мажуроо болбой шекшиш керек болчу. Бирок байкуш карапайым калкта эмне куноо, колунан эмне келмек тем более кыя жолду аралап районго аран жеткен Зардалыда. Ишенбей койбой шектуулор жургонун айтканда эле аскерлерди алып кирип тыткылап ташташ керек болчу. 60 вахабистке алы жетпей минтип 50го жакын киши мерт болгон. Мен ушуларды чыныгы баатыр деп билем, силерге туболук данк!
21.08.2013. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларды биздин азыркы бийликтегилер окушаар бекен?
21.08.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
машыктырыш керек да. эртен алар дагы кирсе кандай туруштук болот. биздин солдаттар кайдагы калп "генералдардын" уйлорун куруп, аларга жумуш жазап служба отосо керек, атып машыккандын ордуна. Негизи окусан коп нерсени, жинин келет реально.
21.08.2013. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
машыктырыш керек да. эртен алар дагы кирсе кандай туруштук болот. биздин солдаттар кайдагы калп "генералдардын" уйлорун куруп, аларга жумуш жазап служба отосо керек, атып машыккандын ордуна. Негизи окусан коп нерсени, жинин келет реально.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: