Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Темир Назаров:«САХНА ТАЗАЛАНГАНЧА ТЫНЫГУУДА БОЛОМ»

№563 16-август-22-август, 2013-ж


Бир кездеги сахнада так секире бийлеген, Ош-Бишкек учагында байма-бай борборго каттап жүргөн Темир Назаровдун акыркы убакта дайыны чыкпай кеткен эле. Көрсө, чыгармачылык тыныгууда экен. Кеңсебизге келген ырчы өткөн-кеткенден, акыркы жаңылыктарынан кеп салып берди.

– Темир, чыгармачылыктагы тыныгууңуз кандай өтүп жатат?
– Албетте, бекерчилик менен өткөргөн жокмун. Батиримди оңдоп-түзөөгө бергенмин. Жаңы салып жаткан тамыма болгон убактымды, күчүмдү жумшоодомун. Бизнес жаатында болсо айымдардын кийими сатылчу дүкөн ачтым. Кудайга шүгүр, тааныштардын бардыгы, сот эжелер, мектеп мүдүрлөрү келип ошол жерден кийинип жатышат. Ошону менен бирге эле чыгармачылыкты унутпай, ыр жаздырганга да жетишип жатам.

– Жылдыз болуп жанып турган учуруңузду сагынсаңыз керек...
– Чынын айтсам, сагынбадым. Анткени ошол мезгилдеги иш тартибин азыр элестетсем, кадимкидей кыйналып кетем. Көпчүлүк учурда эртең менен Бишкекке учуп барып, бир мааракеге катышып, кайра кечинде Ошко учуп келчүмүн. Учак менен кайра-кайра уча бергендиктен, бат-баттан башым ооруп, анан да эл алдына көп чыккандыктан кирине кирип кыйналчумун. Азыркы жашоом мага жагат. Эл алдына аз чыгам, өзүмдү, үй-жайымды караганга убакыт табам. Өзүмө өзүм ханмын. Биздин ордубузду азыркы эмоционалдуу, күчтүү жаштар ээлешсин да. Күчү барда, бойдок кезде иштеп алышсын. Үйлөнгөндөн кийин бизге окшоп отуруп калышат.

– Талантыңызга канчалык деңгээлде ишенесиз? Ага чектөө койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?
– Кудай сага талант бербесе, аны миң жолу таптасаң да баары бир эптемей экени билинип калат. Талантыма, Кудайга шүгүр, жакшы эле ишенем. Себеби үнүмө атайын кам көрүп, таптаган эмесмин. Болгону эл алдына чыкканга чейин мааракелерде, мектептеги кечелерде ырдап калчумун. Азыр деле той-топурга, мааракелерге чакыруу түшүп калса, барып ырдайм. Аябай ырдагым келгенде үйдөгү караокени жандырам да, 5-6 ырды ырдап өзүмө келип алам.

– Жаңыдан чыгып келе жаткан ырчыларга «таланты жок» деп сын айткан элеңиз. Чымыны бар жаштарды топтоп тарбиялайын деген ниетиңиз барбы?
– Ниет бар. Бирок аракет кылган балдар жок. Сахнада өзүн алып жүрүү этикасы бар. Аларга сабакты дал ушундан баштоо керек. Мисалы, сахнада элге 3 секунддан ашык артыңды салбашың керек. Азыркы жаш ырчылар 3 секунд эмес, сахнанын башынан тээ аягына чейин артын салып басып барат да, анан бурулуп келишет. Сахна кичи пейил болуп, күлүп-жайнап турганды жактырат.

– Күйөрман кыздардын аягы тыйылдыбы же?..
– Андайлар дагы деле бар. Кээ бирөөлөр үй-бүлө курганына карабай ойноок болушат. Менде андай нерсе жок, турмушка терең көз караш менен карап, жашоодогу ордумду билип калгам.

– Ката кетирип өкүнүп калган учурларыңыз болгонбу?
– Түрк лицейин аяктагандан кийин иштеп, маңдай терим менен унаалуу, үй-жайлуу болуп, атак-даңкка жетишкем. Ойлоп көрсөм, ошолорго жетишүүдө көп эле катачылыктарды кетирипмин. Чынында, ал кезде кандай учурда унчукпай коюу керек, кандай жерде сүйлөш керек экенин билген эмесмин. Улуулар менен тең ата да болгонмун. Ошол катачылыктардан өтпөгөндө, балким, башым мынчалык бышып жетилмек эместир.

– Теле жаатында да өзүңүздү сынап жүрдүңүз. Бул кесибиңизди улантууну көздөбөйсүзбү?
– Көгүлтүр экранда да, кадр артында да иштеп, монтаждарын жасап, компьютерлерди карап, көрсөтүүлөрдүн обого чыгышына жардам берип жүрүп көп эле тажрыйба топтодум. Бирок кайра улантуу негизги планымда жок. Насип этип калса, балким, кайра баштаармын. Негизи көп нерсеге жөндөмдүүмүн. Куудул да болуп кетмейим бар. Досторум болсо «Сен милиция кызматкери болсоң болмок, аябай таш боорсуң. Бир ууруну кармасаң, сенин колуңдан чыкпайт го» деп калышат.

– Сизди «мүнөзү татаал жигит» дешет. Кимди тартып калгансыз?
– Татаал деле эмес. Учурга жараша мүнөзүм өзгөрүп турат. Бир окуяны айтып берейин. Ун саткан бир бай киши бар. Бир жолу ал мени чакырып, «тоюмда ырдап бер» деп калды. Билип турам, анын максаты мени бекер ырдатыш керек экенин. «Макул, той өткөрбөгөн учуруңузда сизге барып 1 мүшөк ун сурасам бересизби?» десем, «жок» дейт. Анан «ун сатуу сиздин эмгегиңиз болсо, ырдоо менин эмгегим» дедим. Азыркы заманда татаалдарга татаал, жумшактарга жумшак болуп, өзгөрүлүп турган эле жакшы.

– Кичинекей «мамлекетти» жетектеп келе жатасыз. Уул-кызыңыз чоңоюп калышкандыр...
– Кызым Аманда 4 жашка чыгып калды. Көз тийбесин, акылдуу, ыймандуу кыз болуп чоңоюп келе жатат. Эшиктен кирип келсем, үйгө кийчү жеңил бут кийимимди көтөрүп келип кубантат. Уулум Ырыскелди болсо 3тө. Качан телефон чалбайын «актамат алып келип бейиңиз» дей берет. «Атанын ою балада, баланын ою талаада» дегенди эстеп, айтканын алып барам. Негизи баланы туура эркелетиш керек экен. Ага карата айтылган ар бир сөз кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизет тура. «Эстүүм, акылдуум, ыймандуум» деп эркелетсең, ошого карап токтоо, акыл-эстүү болуп чоңоёт. «Күчүгүм, маймылым» дей берсең, чоёктоп калышат.

– Сизди жеңебиз менен таарынышып жүрөт деп угуп калдым эле...
– Эч бир үй-бүлөдө казан-аяк кагышмайынча жашоо болбойт. Жеңең менен таарынышып калабыз. Ар бир эркектин өзүнүн үй-бүлөлүк талабы болот. Талап коюлганда аял киши, албетте, өз мүнөзүн көрсөтөт, сүзүп көрөт. Пайда чыкпаганда анан макул деп баш иет. Ошол аралыкта бир аз түшүнбөстүк жаралат да, кайра эле өз ордуна келет. Бирок катуу капачылык болуп, таарынышкан эмеспиз.

– Башкалар тарабынан айтылган сындарды кандай кабыл аласыз?
– Сындар далил менен айкындуу айтылса, туура кабыл алам. Мисалы, мааракелерге катышканымда апам «бул жерде эл менен иштешпей койдуң, бул жерде туура эмес бастың» деген сындарын айтып турат. Мындай сындарды туура кабыл алып, кайталабаганга аракет кылам. Ал эми кээ бирөөлөр сын-пикир айтам деп жатып намысыңа тийип алат. Билесиз да, кыргыздар намыскөйбүз, андай учурда мушташа кетебиз же катуу айтып капа кылабыз.

– Алгачкы сахнага чыккан Темир менен азыркы Темирге баа бере аласызбы?
– Ал кездеги Темир сахнанын берки башынан аркы башына чейин 5 секундга жетип-жетпей секирип барса, азыркысы токтолуп, мурдагыга караганда мукамдуу, маанилүү ырларды ырдап калган. Секирип бийлеп жүрө берсем деле болмок. Бирок эки баланын атасы болуп калгандан кийин өзүңдү чектеп калат экенсиң. Секирип бийлебесем да, өзүмдүн 3-4 кыймыл-аракетим бар. Алар кандай жашта болбосун менин туруктуу стилим катары кала берет.

– Сахнага качан кайтайын деп жатасыз?
– Сахнадан кеттим деп деле айтпайм. Болгону чыгармачылык тыныгуудамын. Көл толкуганда ичиндеги чөп-чар сыяктуу таштандылардын баары толкун менен кошо жээкке чыгып, тазаланат эмеспи. Анын сыңарындай, кыргыз эстрадасы учурда толкуп жатат. Бир учур келет, эл толкун сыңары кыргыз эстрадасын тазалап, чыныгы таланттарды тандап алат. Ошол учурду күтө турам. Качан эстрада тазаланганда элим менен сахнада көрүшө баштайм.

– Маек куруп бергениңизге рахмат. Чыгармачылык ийгилик каалайм!

Уулбү Каныбекова
star@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(62)
19.08.2013. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
сахнага чыкпасан деле эл ыраазы таланттуумун деп коет. илязды айтса болот таланттуу деп
11.10.2013. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kymar, Илязда чынында чыныгы талант бар, Темир ага жетиш учун жок дегенде Иляздай кичи пейил болуш керек.
Модератор admin_media түзөттү 11.10.2013 14:46
11.10.2013. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arafat.86,
Маданиятсыз сөздөрдү жазуудан уялбайсызбы! Сизге эскертүү, билдирүүңүз түзөтүлдү.
19.08.2013. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Керсейген баладай коруно берет
19.08.2013. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
bul dele talanttuu azyrky chygyp atkan jaw yrchylardyn bashaty ushul yrchydan bashtalgan
19.08.2013. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ой бой билишимче талантын 20%!ал эми талантыны чыгармачылыкта эмес башка жакта корсотсон вооо жениш сеники!
19.08.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темир мырза, аябагандай эле адамгерчиликтуу корунот. Бирок, бир жайда чогу иштешип калганда кимдин ким экенин ошондо билинет экенда.Эмнеси болсода уй-булоо очогунуз бекем болсун!
19.08.2013. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Темир чынында талантту жигит. Азркы ырчылардын эн башкысы да ушул, билишимче буга коп бут тосуулар болгон ошондуктан ото популярдуу боло албады, бирок озунун кучу, эмгеги, таланты менен элдин эсинде болсо керек.
19.08.2013. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул бала бир кишини иренжитет да
19.08.2013. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эсинерде болсо жаштардан сахнага чыккаедардын эн алгачкысы ушул Темир! Анын сахнадагы озун озу алып журуусу мен жогору баалаймын. Ал эми муноз жагына келсек "Ар адамда бар кыял, ал кыялды ким тыяр" дегендей эле соз туугандар. НЕгизи Темир менен Неляны терен урматтаймын! Кыргыз эстрадасы толкундап жатат дегенине толугу менен кошуламын.
19.08.2013. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
moke,
Сизге эскертүү!
Кимдир-бирөөнү мазактоого, ат коюуга жол берилбейт!
19.08.2013. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ushul jigit sahnadagy etika jonundo takyr ele suiloboi koiso jarashmak.
19.08.2013. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
убагында жакшы чыккан. уну сонун, аны моюнга алыш керек. Озуно ишенген адам гана бироого сын айталат мусор болуп кетти дегенге кошулам. бийчиси ырдап, куудулу бийлеп баштаган заман азыр
20.08.2013. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Marionetka, эн туура айткансын.
19.08.2013. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахым деген ыры жагат аябай!
19.08.2013. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Муноосун билбейм, бирок чындыгында ырлары жакшы. Уй булоо туралу кетсек, ошто баары билет , Оштв каналынын директору менен озгочо мамиледе экенинин. ОшТВнын директору Темирди каналда колдочу экен, а Темир .... Ошого себеп директорлуктан алып азыр Эрнис Кыязов иштеп жатат. Ошого келинчеги менен таарыныч болдуго
24.08.2013. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hatiko, Сюита Соурбаеванын боюнда бар экен деп эл дуу дуу соз кылып атат!темирден имиш))молодец эркек экен!Темир бирок жап жакшына эле Мунара менен жашап атат.кун сайын коруп турам.
19.08.2013. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chynyn aitkanda azyrku ybakta sapatsyz yrlar koboio bawtady...yrlar biribirine uokwow..bir ugasyn andan kyin tajaisyn...2006-juldary Temir N..Mirbek I...Mirbek A..Sultan S..en muktyy talanttyy yrchylar populyardyy ele azyr dele owondoi...
19.08.2013. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахна тазалансын дегенине караганда азыркы ырчыларды тенине албайт окшойт. Чын эле сахнанын этикасы жoнундо сyйлобой эле койгонубуз туyра го дейм озубуз билбегенден кийин тyуpабы???
19.08.2013. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Azamatnur, туура айтасыз, кайсы бир жылдары сахнада колунан микрофону ыргып кетип... ары жакта фонограмма ырдай берип...
шерменде эле болгон го. дагы этика имиш
19.08.2013. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Azamatnur, Эмне анан азыркы Бегиш деген ырчыларды тенине алсынбы? Бул жигиттин микрафонду ойнотуп ырдаганын эн талантуу И.Абдразаковда азырга дейре туурап журот. Далил; Арманым деген ырында Ильязды корсонор каккан казык сындуу эле ырдап койгон.
19.08.2013. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тыныгып эн жакшы кылат.Ансызда ырчылар толуп ташып атканда.
19.08.2013. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
бириинчи Темир чыгып анан Мрбек Султандар чыккан
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: