
Президент Алмазбек Атамбаев «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамга каршы пикирин жөнөттү. Анткени Ош шаарынын мэрине башка шаар башчыларына салыштырмалуу иш тажрыйба боюнча коюлган талаптар кыйла аша чаап кеткен. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, Ош шаарынын мэри болом деген талапкердин мамлекеттик же жеке менчик сектордо 10 жылдык жетекчилик тажрыйбасы бар болушу керек. Ал эми «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу» мыйзам боюнча ушул эле талап көрсөткүчү 5 жылдан турат.
Мыйзам долбоордун демилгечиси болгон депутат Өмүрбек Текебаев өзү иштеп чыккан вариантта мындай талап болбогонун билдирди. Ал талап депутаттардын кароосуна коюлгандан кийин киргизилгенин айтат. «Мисалы, Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун анчалык иш тажрыйбасы жок, бирок ал жакшы иштеп, калк арасында кадыр-барктуу. Талаптар акылга сыярлык болушу керек. Бул талаптарды «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Надира Нарматова менен Курмантай Абдиев демилгелеп, долбоорго кошмоюнча добуш бербейбиз деп чыгышкан»,- деди.
«Ата журтчулар» ушундай «бут тосуу» менен Мырзакматовду оппозицияга кошуп алгысы келгендир. Же «кошулбайм» деп чыкканынан улам өч алалы дештиби? Антпесе алардын мыйзам долбоорго киргизген толуктоолору Мырзакматовду мэрликке өткөрбөй коюуга багытталганы көрүнүп турбайбы. Президент мындай «сценарийдин» ишке ашып кетүүсүнө жол берген жок.
Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева
politika@super.kg
раз елдер колдоп жатабы значит нормально иштеп атат.
Мырзакматовду оз колдоп жургон Ата-журт сата баштады, бийлик деген эмнени гана кылбайт...
Ошол МЛНдогон акчаны, сол чонтокко буруп, жогорудагылардын оозун майлап коюп, тымпыйып отуруп алса колундан эмне эле? Сураныч, ушул суроомо жооп берчи !
Эки жакты байкап сулосонор боло, бай болгурлар !
Маданиятсыз сөздөрдү жазуудан уялбайсызбы! Эскертүү сизге!
Купуяңызга түшүндүрмө жазылган кат жөнөтүлдү.
Улутуна, динине карата бөлүп жарууга тыюу салынат! Сизге эскертүү!
Иштеп атат,жеп атса жеп аткандыр аны эч ким корбоду сатканыны жегенини !
Бардык адам жейт жебеген жердин тубундо !
P.S eliza_eliza, RIO,Lion-x Силер кандай адамсынар билбейм,же сокурсунар же ичинер тар.Бирнерсени акылынарга туйуп алгыла,жакшы иштеген адамды жакшы иштейт,жаман иштегенди бетине эле жаман иштейсин деп айтыш
Ушул адатыбыз качан калат,бирообуз ушинтип жакшы иштеп ийгилике жете баштаганда эле аркасын чукулап,бут тосуп,королбай дегендей.