
Президент Алмазбек Атамбаев «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамга каршы пикирин жөнөттү. Анткени Ош шаарынын мэрине башка шаар башчыларына салыштырмалуу иш тажрыйба боюнча коюлган талаптар кыйла аша чаап кеткен. Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, Ош шаарынын мэри болом деген талапкердин мамлекеттик же жеке менчик сектордо 10 жылдык жетекчилик тажрыйбасы бар болушу керек. Ал эми «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу» мыйзам боюнча ушул эле талап көрсөткүчү 5 жылдан турат.
Мыйзам долбоордун демилгечиси болгон депутат Өмүрбек Текебаев өзү иштеп чыккан вариантта мындай талап болбогонун билдирди. Ал талап депутаттардын кароосуна коюлгандан кийин киргизилгенин айтат. «Мисалы, Оштун мэри Мелис Мырзакматовдун анчалык иш тажрыйбасы жок, бирок ал жакшы иштеп, калк арасында кадыр-барктуу. Талаптар акылга сыярлык болушу керек. Бул талаптарды «Ата Журт» фракциясынын депутаттары Надира Нарматова менен Курмантай Абдиев демилгелеп, долбоорго кошмоюнча добуш бербейбиз деп чыгышкан»,- деди.
«Ата журтчулар» ушундай «бут тосуу» менен Мырзакматовду оппозицияга кошуп алгысы келгендир. Же «кошулбайм» деп чыкканынан улам өч алалы дештиби? Антпесе алардын мыйзам долбоорго киргизген толуктоолору Мырзакматовду мэрликке өткөрбөй коюуга багытталганы көрүнүп турбайбы. Президент мындай «сценарийдин» ишке ашып кетүүсүнө жол берген жок.
Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева
politika@super.kg
Атамбаев ушул кишини пример министир кылып койгондо утат болчу
Мелиске премьер министрликтин эмне кереги бар? Башка чиновниктер олсо же кетсе аларды эч ким эстеп койбойт. Мелистин тарыхта орду, элдин эсинде калат.
Сен да кызык неме экенсин дооматты Ош шаарына, Мелиске койгон... Колунардан келсе оз башчынарды ондогула, ал да Мелиске окшоп куйуп-жанып, озу жашаган жерине жан уросун.
Сенин эсебин ичи куйгон адамдардыкына окшоп кетет экен )). 90% эл аны колдоп жатат. Оштун кейпи мурда кандай болчу, азыр кандай? Сокур адам м-н ички душмандар эле корбосо, башкасы коруп жатат ким иштеп, ким жеп жатканын.
Пессимист кейпибизден качан чыгабыз, кыргыздар ???
Мен Мелисти оз козум м-н жакындан коро элекмин ушуга дейре. Мумкун мен анын адамдык сапатын жакшы билбестирмин. Бирок шаар башчы катары анын ишин баалайм. Ишим чынында ага тушо элек, тушурбогонго да аракет кылам. Ар ким оз ишин кылса, оз арабасын тартса эле болот. Анан озун эптей албай ишим тушту, тишим тушту дей берсенер....
Ал, ар кимдин жеке турмушун ондоп берууго милдетту эмес.
Азыркы заманда, озунун чонтогундогу акчаны, мамлекетке мээси чайкалган адам да коротпойт. Элдин Мелиске ыраазы болгону, башкалардан айрымаланып, ошол малекеттин акчасын элдин, шаардын пайдасына иштип жаткандыгында болуп жатат. Башкалар деле иштеп жатат имиш, бирок алардыкы эмнегедир Мелистикиндей ачык, козго корунбой жатат.
Критика да эби, чени м-н болуш керек да, соз деп эле суйлой бербей...