АТАМБАЕВ ТҮРК ТИЛДҮҮ ӨЛКӨЛӨРДҮН САММИТИНДЕ
№563 16-август-22-август, 2013-ж

15-август күнү президент Алмазбек Атамбаев Азербайжандын Габала шаарына Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин III саммитине катышуу үчүн учуп барды.
Саммитте уюмдун катышуучу өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулоо пландалууда. Ошондой эле отурумдун жүрүшүндө кеңешке төрагалык кылууну Кыргызстан Азербайжан тарапка өткөрүп берүүсү күтүлүүдө.
Саммиттин алкагында президент Алмазбек Атамбаевдин уюмдун катышуучу өлкөлөрүнүн башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушуулары пландалган.
Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0