ОШ КЫШЫНДА ҮШҮКТӨ КАЛЫШЫ МҮМКҮН...
№563 16-август-22-август, 2013-ж
Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта «КАЙЫҢДЫ КАНТ» ААКсы кызылча түшүмүн (тоннасы 3 миң сомдун тегерегинде) кабыл алууну баштайт.
- Жогорку Кеңеш Бишкек мэриясынан парламент депутаттары менен аппараттын кызматкерлери үчүн курулуучу турак жайга тез аранын ичинде ЖЕР ТИЛКЕ издеп таап берүүсүн суранды.
- Мэр МЕЛИС МЫРЗАКМАТОВДУН айтымында, республикалык бюджеттен каражат өз убагында бөлүнбөгөндүгүнө байланыштуу Ош шаарынын жылуулук берүүчү сезону үзгүлтүккө учуроо коркунучунда турат.
- «Быйылкы жылы НАН АЗЫКТАРЫНЫН баасынын кымбаттоосу күтүлбөйт»,- деп Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
- 20-августта кыймылдуу мүлк салыгынын төлөө мөөнөтү аяктайт, андыктан ушул жылдын 21-АВГУСТУНАН тарта Жол-кайгуул жана Салык кызматы салыгын төлөй электерге карата рейд жүргүзө баштайт.
- Акыркы жылдар ичинде Бишкектеги унаалардын саны 160 МИҢДЕН ашканын шаар башчы Иса Өмүркулов айтты.
- Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында Кыргызстандан 250 МИҢ ЛИТРГЕ чукул спирт импорттолгон. Анын литринин орточо баасы 400 сомду түзгөн.
- Премьер ЖАНТӨРӨ САТЫБАЛДИЕВ күз-кыш мезгилдерине даярдык көрүү боюнча жыйында облустагы өкмөт өкүлдөрүнө: «Электр энергиясы үчүн төлөөгө каражат жетпей жатса, өз унааңарды саткыла. Баарын үнөмдөө керек»,- деди.
- Чаткал районунун тургундары БИШКЕК-ЧАТКАЛ аба каттамын ачып берүүнү суранышууда.
- Өкмөт «АЛЬФА ТЕЛЕКОМ» ("Мегаком") ЖЧКсынын 49 пайыздык акциясы менен «ДАСТАН» ААКсынын 98 пайыздык акциясын баалоого тендер жарыялады. Ага катышууну каалоочулардын 6-сентябрга чейин арыз берүү убактысы бар.
Шаиста Шатманова,
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
-1
ош жылдагыдай эле чыгат кыштан ИншаАллах.
Баардыгы Аллахга белгилүү.