
Жалал-Абад облусунан бел боо күрөшү боюнча 7 спортчу Иранда өтө турган Азия оюндарына катышат. Мындай маалыматты спортчу Нурбек Аканов билдирди. Айтымында, спортчулар Арстанбап айылында Азия оюндарына даярданып, машыгууларды өткөрүшкөн. «Алар 15-августта Бишкекке барып, Кыргызстандын курама командасы менен биргеликте Иранга сапар алышат. Бел боо күрөшү биздин ата-бабаларыбыздан мураска калган. Спорттун бул түрү боюнча машыккан Кыргызстандын спортчулары өтө күчтүү болушат. Андыктан байгелүү орундарга жетебиз деген үмүтүбүз чоң»,- дейт Аканов.
Гүлжан Эшбаева
Jalalabad@super.kg