Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174   1175  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

Гүлсада Такенова:«ИЧКЕН ТАМАГЫМА МУРДУМДАН КУРТ ТҮШҮП ЖАТТЫ»

№564 23-август-29-август, 2013-ж


Жакында эле жакаңды карматып, тобоңду келтирткен бул окуяны кулагыбыз чалды. Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылынын тургуну, 83 жаштагы кутман карынын мурдунан 80ден ашуун тирүү курт түшүптүр. Ал кандайча болгонун иликтөөгө алдык.

Окуянын чоо-жайын билүү максатында эненин небереси, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Эл аралык салттуу жана эксперименталдык медицина академиясынын кенже илимий кызматкери ГҮЛЗАТ ДООРОНБЕКОВАГА кайрылдык.
«КУРТТАР КУЛАГЫНА КИРИП КЕТПЕСИН ДЕП КҮНҮ-ТҮНҮ КАРАДЫК»
– Таенем ак кан оорусу менен ооруганына 15 жылдай болуп калды. Бирок ак кан экендигин, ал тургай анын кандай оору экендигин да билчү эмес. Жашырып айтпай келгенбиз. Адаттагыдай эле дарыланууга райондук ооруканага ушул жылдын апрель айында барган. Таенеме дарыгер «Сиз жакшы болбойсуз, ак кан деген оору менен ооруйсуз. Анын дабасы жок» деп айтып салыптыр. Аны уккан таенемдин кан басымы көтөрүлүп, ичке тамыры жарылып, инсультка кабылат. Кулаганда бети менен түшкөндүктөн, мурду сынган. Биздин баамыбызда, ошол кезде үйгө алып баргандабы же ооруканадабы, айтор, мурунга чымын кирип «булгап» кеткен. Арадан эки ай өтөт, ал арада курттар көбөйүп, мурду ооруксуна баштайт. Кайрадан бейтапканага алып барып, рентгенге түшүрүшөт. Райондук поликлиникадагы лор-врач Эркин Абдылдаева деген айым таенемди кабыл алат. Ошол эле дарыгерге беш жолу алып барышкан. Ал Левомеколь деген мазь жазып берип, мурдуна тампон коё берүүсүн айтат.
Ошентип, дарыгердин айтуусу менен эки жума бир эле майды коё беришиптир. Оору күчөй бергендиктен, тайларым Талас облустук ооруканасына алып барышат. Ал жерде кабыл алган дарыгер мурундун таноолорун ачып көрүп, «Мурду курттап кетиптир, бул рак окшойт» деп Бишкектеги онкологиялык борборго жиберет. Бишкекке жолго чыкканда мурду канай баштайт. Кан менен бирге биринчи жолу курттар түшө баштаптыр. Анан түз эле республикалык ооруканага алып келишти, дароо эле нөөмөттөгү дарыгер кабыл алып, мурдунан 16 курт алган. Ошол эле ооруканадагы профессор Г.А.Фейгин томографияга түшүрүп келүүбүздү айтып, анын жыйынтыгын көрүп эле оорулууну көрүүдөн баш тартты. Бет сөөктөр кара темгил болуп оюлуп, эттери калбай калган экен. Онкологиялык борбордогу дарыгерлер айнек идишке салынган курттарды «Тирүү кишиде мындай курттар болушу мүмкүн эмес, биз клеткаларды изилдейбиз, курттарды кабыл албайбыз» деп көтөрүп барган курттарды карап да коюшкан жок. Облустук дарыгер онкологиялык оору деген диагноз койгон болчу.
Бишкектеги республикалык маанидеги ооруканалардын эң бир тажрыйбалуу, билимдүү деген профессор дарыгерлери кароодон баш тартып жатышты. Таенемди Бишкекке алып келатканда эле биздин академияга алып келгиле десем, «онкологиялык оору дебедиби» дешип апамдын бир туугандары болбой коюшкан эле. Ооруканалар албай койгондон кийин «Айла жок, өзүңөр карап көргүлө эмесе» деп бизге тапшырышты. Академик Нарбеков өзү көрүп, дарылоону баштады. Курттарды түшүрө турган аралашмалар менен мурунду жууп, дарыларды коюп, өзүм карадым. Көп өтпөй курттар түшө баштады. Биздин клиникада алтымыш, жалпы сексенге жакын курт түштү. Эки айдай уктабай калган неме күнү-түнү уктап, биз болсо мурдунан чыккан курттар кулагына кирип кетпесин деп карап жаттык.

Оорулууну айыктырган академик Омарбай Нарбеков:«ДАРЫГЕР БЕРГЕН МАЗЬ КУРТТАРГА ТАМАК БОЛГОН»
– Негизи, мындай нерсе болушу мүмкүн. Кулакты, мурунду, көздү чымын "булгап" кетсе, ал курттап, көбөйүп кетет. Менин тажрыйбамда мурду курттап кеткен оорулуу болгон. Киров районунда практикада жүргөн студент кезимде чабандын мурду так ушундай курттап кеткен. Аны райондук лор-врач эле дарылаган. Андан он жети курт алганбыз. Э.Абдылдаева өзү билбесе, анда облустук же шаардык ооруканага жиберсе болмок. Мурундун таноолорунан курттар көрүнүп турат, чириндинин жытынан жанына киши чыдап тура алгыс. Курттардын этти жеп чыгарган саркындылары бет сөөктүн ферменттерин эритип салыптыр. Дарыгер берген мазь, тескерисинче, курттарга кошумча тамак болуп берген. Ошондуктан алар жылуу-жумшак көбөйө беришкен. 83 жаштагы карыя ооруну сездирбей турган күчтүү дарылардын таасири менен гана күн көрүп калган экен. Бир жаман жагы, улуу адамдын эти өсүп кетүүсү кыйын, сөөктүн оюктары да оңой менен бүтпөйт.

ГҮЛСАДА ТАКЕНОВА апанын ден соолугун билүү үчүн өзү менен телефон аркылуу сүйлөштүк.
«АРЫЗДАНМАК ТУРГАЙ ШААРГА АРАҢ БАРБАДЫМБЫ»
– Азыр жакшымын, айланайын. Мен ак кан менен ооруганымды укканымда эле оозу-мурдум кыйшайып кулап түшпөдүмбү. Ошондон кийин мурдумдагы балекет башталды. Бара-бара бетимдин ичи бүлкүлдөп кыймылдачу болду. Уул-кыздарыма ооруксунуп жатат десем, алар «Апа, дарыгердин айтканын кыла туралы» дешти. Анан Таласка барсак, ал жактагы дарыгер Бишкекке жиберди. Биринчи барган ооруканадан бир топ эле курт алышты. Кийин профессорлор кабыл албады, «Операциядан чыкпай калса, апаңардын сөөгүн алып кетесиңерби» деп болбой коюшту. Мурдумдан чыккан курттар ичип жаткан тамагыма чейин түшүп жатты. Омарбайга барып, анын дарылары жакшы таасир этти, буюрса. Уйкум келип, эс алып эле калдым. Айылдагы Ильяз Нотбеков деген терапевт келип «Эмне Бишкекке чейин барып арызданасың?» дейт. Мен «Борборго арызданганы эмес, дарыланганы бардым» деп айттым. Арызданмак турсун шаарга өзүмдү араң билип барбадымбы. Чындыгында арызданар оюбуз да жок, эч кимге деле айта элекпиз.

Гүлсада апанын окуясын уккан соң мындай учурда оорулуулар кайсы адистиктеги дарыгерге кайрылыш керек болчу? Ким көзөмөлгө алуусу шарт деген суроолорубуз менен Саламаттыкты сактоо министрлигинин медициналык жардамды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы ГҮЛМИРА ИБРАЕВАГА кайрылдык.
«КЫЗМАТТЫК ИЛИКТӨӨДӨН КИЙИН ЖООП БЕРЕ АЛАМ»
– Кандай гана учур болбосун ооруга чалдыккан кезде айылдык медициналык пунктка кайрылуулары керек. Ал дарылай албаса райондук ооруканага, райондук поликлиникадан айыктыра албасына көздөрү жетсе, шаардык же облустук ооруканага жибериши зарыл. Бирок мунун баары тез арада, бат-бат болушу керек. Алар ошон үчүн айлык акы алып иштеп жатышат. Гиппократтын антын ичкенден кийин адамдын ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү да. Ал апанын мурду жабырлангандыктан, лор-врачка кайрылышкандыктары туура. Мындай учурда ошол бөлүм көзөмөлгө алат. Бул окуяда эмнеден улам мурун курттап кеткендигин, канча убакытта көбөйүп кеткендигин атайын кызматтык иликтөөгө алынгандан кийин гана айта алам.

Мына замандаш, беттен алган куу замандын дагы бир жүзү. Соо эле кишинин тирүүлөй курттарга таланып жатканын байкабай, эки жума карап жүрө берген дарыгер Эркин Абдылдаева менен байланыша алган жокпуз. Кесиптештеринен Эркин айым эс алууда экендигин билдик.
Биз бул окуяны башка жарандарыбызга мисал болсун деген ниетте бердик. Экинчи тарап менен байланыша албагандыктан, аларды да угууга даярбыз.

Гүлмайрам Сабырбекова
koom@super.kg



Тирүүлөй курттарга таланган апа

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(71)
26.08.2013. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдугун кургур, ушу райондук врачтарга ыраазы эле болуп кетем, бирок Бишкектегилер деле кубантаарлык эмес кобу.
28.08.2013. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кээ бир озуно так кудайдан корккондорле болбосо эч кимди карабайт азыркы доктурлар. супер инфо ушундай каякка кимге кайрылыш керектерди берип тургулачы адам укуктарын дагы
28.08.2013. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aia-s,
Саламатсызбы! Бул боюнча сайттын Суперстан бөлүмүндө атайын тема бар
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=79
28.08.2013. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miniusha, бизде бир малышева болгондо кимге кантип кандай кайрылыш керек деп жакшы болмок. ошолордун иштегенине эмес угуп эле ишенесин а биздикилер кээ бир врачтар бар чын дилинен артынан кубалап куйуп-бышат а кээ бироо пациенттерди коргондо ушулар качан тугонот деп качышат коргулору келбей
26.08.2013. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай тообо ушундайда болобу тенелерим жыйрылып кетти окуп жаттып акыры заман келип калган окшойт.
26.08.2013. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Омарбай Нарбеков оз ишин билген мыкты врач экенсиз,рахмат.Сизге Аллахтын ыраазычылыгы болсун.
28.08.2013. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jamalym,
26.08.2013. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудааай тирулой этин жеп жатса байкуш апа кантип чыдады экен.
26.08.2013. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тообо кылдым, кемпир деле даарат алып турса балким мындай болбос эле деген ой келди.. Мурунга суу алып, катуу бышкырат эмеспи.. Кундо жууп турса, куртка айланып кетуусун алдын алат эле. Акыры чымын теренине чейин булгабагандыр.. Менин жеке оюм!
26.08.2013. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim, чон апа диагнозун угуп алып инсульт алып жатса каяктагы дааратты айтасын?
27.08.2013. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
miniusha, ага кабылганга чейин деле.. Андан кийин деле.. Кары кишилер дайыма даарат алып журушот.. Олум качан келет билбейсин да.. Мен алдын ала беле дегеним да..
24.02.2014. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim, оой кайдагыны айтпагылачы 84ко чыкканда кайдагы ал болсун катту бышкырганда дейтго ботом.Тем более инсульт болуп жатса.
27.08.2013. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nur_meerim, озун билбей жыгылып жатса эки саатча кайдагы даарат оорулуу адам болсо озу макаланы окуп тушунуп туруп анан комментарий жасанар
27.08.2013. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
medetbek, эн сонун эле тушунуп, жазгам.. Мен жыгылганда алыш керек эле деп жазганым жок! Сен комментти тушунуп анан бир деме дечи! Менин комментиме жооп жазбай, оз оюнду кыстара бер!
29.08.2013. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur_meerim, Сен дагы он бала тороп, 59 небере коруп, 64 чоборо коруп, 5 кыбыра коргондон кийин даарат алып тура аласынбы 84 жашка чыкканда ошондо коросун ушул коментарийди оку хорошо
28.08.2013. 06:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nur_meerim,биринчи тушунуп алып жазсан!!!! бул дарат албаган учун эмес... эркин абдылдаева дегенди кетиришкерек!!!!
26.08.2013. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
аллахым кандай гана сыноолорду башыбыздан откорот. булда болсо кудайдын бир сыноосу! ооруну берген,шыпаасында берет! мени тан калтырган нерсе 80 штук курт этин жеп,ошонун оорусуна чыдап жургон чон энеге рахмат.
26.08.2013. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
биздеги врачтарга ишенишделе жок андан коро ветринарга кайрылбаптыр ошол жакшы билишет чем врачтарга караганда
26.08.2013. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Итиркейим келип кетти,кудая тооба!Доктурларга кун салгылык кылбасын жаратканым.
26.08.2013. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай тооба...
26.08.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адамды айыктыра албаса карабаса анда эмне үчүн алар даарыгер наамын алып жүрүшөт.
28.08.2013. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vikarus, булардын баарын кудайым карап турат...
26.08.2013. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
медициналык окуу жайларда окуган студенттер суранам силерден окугула окугула жана окугула
26.08.2013. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кеп окуганда деле эмес го.Врачтардын аң-сезиминин жоктугу.Мурундун таноолорун ачып карашса болмок да.Болгону бул окуя врачтардын шалаакылыгынын далили.
26.08.2013. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай сактай кор, адамды курттар жей турган заманга жетиптирбиз да. Жанагы курттардын курсагын тойгуза турган мазды берген врачтын озу курттап кетсин. Апанын сак айыгып кетишин каалайм.
26.08.2013. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
men dagy bakai ata raionu bakai ata aiylynan bolom,bul med-aiym emes,myndai med aiymdardy ushundai kylgany uchun oz aldyncha jazalash kerek, ushunchalyk boi kotorgon aiym,uchurunda menin oz apamada tuura emes diagnoz koyup olturup sala tashtagan,ushul raiondun terapevteri!
26.08.2013. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластын врачтары аман болсун тупой врачтар ошол жакта иштешет
27.08.2013. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
almaz2880, таластыккы эле эмес башка жерлерде деле ак халатчандардын шалакылыктарынан азап тарткан адамдар аз эмес.
28.08.2013. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
almaz2880, жалгыз талас дейсинби бишкекте почти баарыле ошондой азыр показуха врачтар коп же оздору билбейби же иштебейле айлык алгысы келеби билбейм айтор.
29.08.2013. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aia-s, мед.академияны бутуруп кыргызстандын медицинасын ондобойсунбу колдон келсе эгер жаш болсон, мен окуганга ото эле кеч болуп калдыда чиркиндики
26.08.2013. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыркы Врачтар акчана карап дарылайт, кудай сакта!
26.08.2013. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудайыма тобоо кабырда курт кумурска жейт эле го,бул эмнеси? апага ден соолук эми!
27.08.2013. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, этият бололуда.
27.08.2013. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bir ele talastyky emes balykchynyn da daarygerleri nachar.
27.08.2013. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Райондук врачтын акылынын жоктугунун кесепетинен ушунун баары болуп жатат да.Кайсы жинди "Сиз жакшы болбойсуз,ак кан менен ооруйсуз,дабасы жок"деп оорулуунун озуно айтат,биринчи туугандарына кабарлагандын ордуна.Алар апага айттырышпайт эле да.
Анан дагы суйлошууго келгенде баары эле эс алууда болуп калышат...
27.08.2013. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э тообаа, асахфирулла, кээ бироо 1 тиши ооруп олуп кете бергендер бар, бул апанын бетин 100 дой кутр 4-5 ай жеп журуптур. Жаны бышык апа экен. Айыгып кетсин эми. Ошончо жашты бизге да берсин кудайым.
27.08.2013. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бул апа менин соседим да. жаман болуптур, биздин айыл да деле жакшы врач бар эле, ага да не болгон билбейм. сакайып кетиниз эне.
SUPER.KG видео
27.08.2013. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа((( Ушундай кантип болсун. Тимеле титиреп кеттим(((
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: