ДАСТОРКОН ЧЕТИНДЕГИ АДЕП
№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж
-
-
Тамактанарда колуңду жууганды унутпа.
-
Дасторкон четине улуу кишилер жайланышкандан кийин гана орун ал. Отурганда ар жакты кылчактап карай бербе.
-
Таянып отурба.
-
Жей турган тамагыңды тарелкага чактап салып ал. Баарын салып алба, анткени сенден башкалар да андан ооз тийиши керек.
-
«Мага бул бөлүгү жакты, чоң экен, ошону алам» деп тандаба. Кайсы бөлүк сага жакын болсо, ошонусун ал.
-
Тамакты шашылбай же.
-
Чайнап жатканда сүйлөбө.
-
Оозуңдагыны жутуп, анан сүйлө.
-
Чайды, суусундуктарды шорулдатып ичпе.
-
Эгер колуңдагы кашык, айрыны жерге түшүрүп алсаң кечирим сурап, тазасын сура. Анан да эмнеге түшүрүп алганыңды айтып актанба.
-
Тамакты жеп болгон соң оозуңду колуң же жеңиңдин учу менен аарчыбай, кол аарчыны пайдалан.
-
Дасторкондон турарда бата кылып, үй ээсине рахмат айтууну унутпа.
Дамира Арстанова
balakai@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
коноко барганында койдон жоош боло калат го баары.