Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

КАРА ТУМОО КАРАЙЛАТТЫ...

№565 30-август-5-сентябрь, 2013-ж


Кыргызстан кайрадан дүйнөлүк коомчулуктун көңүл чордонунда. Ысык-Көл облусунда өспүрүм баланын кара тумоодон (чума) каза болгондугу тууралуу биздин бийлик төрт күндөн кийин гана билдирүү тараткандыгы өрттү түштөн кийин өчүрүү далалаты эле болуп калды. Дубан элинин, жалпы эле кыргыз калкынын, коңшу жайгашкан өлкөлөрдүн тургундарынын жүрөгүнүн үшүн алган, атүгүл Орусиядан бери чочулап баштаган кара тумоо окуясы катталган жайынан баяндайбыз.

1923-жылы Нарын облусунун Баш-Кайыңды айылында кара тумоо катталып, 30дай адам ооруга чалдыккан. Акыркы ирет кара тумоо 1981-жылы Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда катталган. Анда бир чабан ооруга чалдыгып, дарыгерлердин көзөмөлүндө сакайып кеткен.

КАРА ТУМООНУН ХРОНОЛОГИЯСЫ
17-августта Ысык-Көл облусуна караштуу Эңилчек айылдык округунун тургуну 15 жашар Темирбек Исакуновдун тамагы кырылдап, мурду бүтүп, башы ооруп калат. Сасык тумоонун белгилерине окшош болгондуктан, ал башында антигриппин дарысын кабыл алган. Эртеси ооруп жаткан баланы туугандары Ичке-Жергез айылындагы үйүнө жөнөтүшөт. 21-августка чейин үйдө жатып, врачтарга кайрылбай, өз алдынча дарылануусун улантат. Жакындарынын айтымында, бул күндөр аралыгында Темирбектин дене табы ысып турган.
22-август күнү бейтап ооруканага жеткирилип, андагы врачтар тарабынан «сол колтук астындагы гидраденит» (апокриндик тер бездеринин сезгенип, ириңдөөсү) деген диагноз коюлган. Хирургиялык бөлүмгө жаткырылып, бирок бейтаптын абалы начарлай берген. Буга байланыштуу башкы врачтардан турган консилиум түзүлүп, консультациядан кийин «сепсис, септикопиемия» (ириңдөө) деген диагноз коюлган. Бирок кечке жуук оорулуунун абалы кескин начарлай баштайт. Оорукананын директору кошулган дагы бир ирет консилиум өткөрүлүп, кылдат текшерүүдөн кийин гана «кара тумоо» деген күмөндүү диагноз коюлат. Врачтар белгилеген дарылоого карабастан, Темирбек Исакунов 22-август күнү саат 20:15те көз жумган.
Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги 26-августта гана расмий түрдө каза болгон өспүрүмдүн кара тумоонун чаттагы бездин шишиген (бубон) түрүнө чалдыкканын тастыктады. Аталган министрликтин башчысы Динара Сагынбаева «Темирбек Исакунов тиешелүү инструкциялар менен жерге берилди» деди.

«БЕЙТАПТЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮ ЭМДӨӨДӨН ӨТКӨН ЭМЕС»
Каракол шаардык бейтапкананын кооптуу ооруларга каршы бөлүмүнүн башкы дарыгери РАВШАН МАЙМУЛОВ:

– Ысык-Көл облусунда кара тумоонун жаратылыш очоктору бар, анда жыл сайын жапайы жаныбарлар атайын текшерүүдөн өткөрүлүп турат. Былтыркы жылы жапайы жаныбарларды текшерүү учурунда алты суур аталган ооруга шектүү болуп чыккан. Биз дароо ооруга шектүү деп табылган жерлерде тазалоо иштерин жүргүзүп, бүргө, суур, чычкандарды өлтүргөнбүз.
Негизи, жыл сайын апрель-май айларында жайлоо, капчыгайларга чыгууну көздөгөн ар бир малчы, туристтерге эмдөө жүргүзүлүшү керек. Убагында жүргүзүлгөн эмдөө бир жылга чейин таасир этет. Оору чыккан очок Кашка-Суу өрөөнүнүн Оттук жайлоосу. Каза болгон Темирбек Исакуновдун ата-энеси Ак-Суу районунан 120 чакырым алыстыкта жайгашкан Оттук жайлоосуна эч кандай эмдөө албай чыгып кетишкен экен.

«ТИЕШЕЛҮҮ ИШ-ЧАРАЛАР ТЫКЫР ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ»
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ак-Суу районундагы координатору ЭРКИН УРМАНАЕВ окуя тууралуу буларды белгиледи:
– Ооруканада 1989-жылдан бери иштейм. Ошол убакыттан бери мындай илдет биринчи жолу катталды. 22-август күнү кечки саат 21:00 чамасында «Кара тумоого шектүү адам ооруканага жеткирилди» деген маалымат түштү. Түнү менен тийиштүү кызматкерлерди чогултуп, ар бир структураларга керектүү тапшырмаларды бергенбиз.
Аталган оору тууралуу учурда ар кандай маалыматтар айтылууда. «Суурдун этинен шишкебек жасап жептир, суурдун терисин сыйрыптыр» деген өңдүү. Бирок ал кептердин канчасы чындык да, канчасы жалган экендиги азырынча ырастала элек. Ага байланыштуу атайын түзүлгөн топ иштеп жатат. Учурда райондо бейтап менен байланышы болгон адамдар каттоого алынууда. Аларды эмдөө жана дарылоолор жүргүзүлүүдө.

«ЭЛДИ ДҮРБӨТҮП ЖАТЫШАТ»
«Кара тумоо катталды» деген сөз жергиликтүү элдин тынчын алып, «Оору чыккан аймакты бүтүндөй өрттөө керек экен» деген кептер жаш-карынын арасында күч. Ак-Суу районунун Курбу айылынын тургуну АЗАМАТ МИҢБАЕВ буга карата өз оюн айтты:
– Экологдор жыл сайын айылдарга жакын жайгашкан кокту-колотторду кыдырып, жан-жаныбарлардын бирөөсүн эле кармап, аларга текшерүү иштерин жүргүзсө, мындай көйгөй жаралбайт болчу. Угушума караганда, былтыркы жылы аймактарды тазалоо иштери жүргүзүлүптүр. Бирок каражаттын тартыштыгынан аймактар толук текшерүүдөн өтпөй калган экен. Бул жакта мамлекеттин дагы күнөөсү бар. Себеби экологдорго жетиштүү акча бөлүшпөйт. Жакында эле «Ынтымак» форуму дешип, ага канчалаган каражат кетти? Ушул сыяктуу пайдасыз мааракелерди азайтып, элге зыян алып келүү коркунучу бар нерселердин алдын алса жакшы болмок.
Учурда Ак-Сууда ызы-чуу болуп жатат. «Оорулуу чыккан үйдү дезинфекция кылып туруп, үйдү түп орду менен өрттөп жиберет экен» деген кептер айтылууда. Менин оюмча, карантинди белгилүү аймактарга гана эмес, бүт район боюнча жарыялаш керек болчу. Ким билет, балким, маркум менен бирге жүргөн адам башка айылда жүрөт?! Кара тумоо боюнча учурда толук маалымат берилбей жатат. Элге болгонун болгондой айтса, эл түшүнсө керек. Тескерисинче, элди ызы-чуудан сактайбыз дешип, кенен маалымат бербей, паниканы күчөтүп жатышат.

КАРАНТИН ЖАРЫЯЛАНДЫ
Кара тумоо оорусуна кабылып, каза тапкан Темирбек Исакуновдун ата-энеси менен байланыша албадык. Ал айылда учурда карантин режими жарыяланып, кирүүгө уруксат жок.
Сары-Жаз аймагында, Кашка-Суу капчыгайында, Оттук айылында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында, Ак-Суу райондук аймактык ооруканасында, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасында 25-августтан 30-августка чейин карантин жарыяланып, аталган аймактарга кирип-чыгууга тыюу салынды. Каза болгон бала менен байланышта болгон 162 адам ооруканага жаткырылды. Учурда карантин режими жарыяланган аймактардын жашоочуларын текшерүү жүрүп жатат. Ал эми райондун башка айылдарында кадимкидей тиричилик өтүп жатат.

КАРА ТУМООДОН САКТАНУУНУН ЭРЕЖЕСИ
Кара тумоо илдети, анын адамга жуккандан кийинки алгачкы белгилери кандай болорун жана андан сактануу жолдору тууралуу дарыгерлерге кайрылып жооп издедик. Кызыктырган суроолорубузга Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын 9-бөлүмүнүн башчысы Бурул Жаркынбаева жооп берип, кеп-кеңеши менен бөлүштү:


КАРА ТУМОО
– Кара тумоо оорусу өтө коркунучтуу карантиндик жугуштуу оорулардын катарына кирет жана анын бир нече түрү бар. Ысык-Көлдөгү көзү өтүп кеткен балага кара тумоонун чаттагы бездин шишиген түрү жуккан. Ал айлана-чөйрөгө көп коркунуч жаратпайт. Анткени жабык түрү болуп саналат. Болгону, өз убагында дарыгерге кайрылып, дарыланса, өмүрдү сактап калууга мүмкүн. Тилекке каршы, ал бала дарыгерге алтынчы күн дегенде кайрылган.

ИЛДЕТТИН АЛГАЧКЫ БЕЛГИЛЕРИ
– Кара тумоону жуктуруп алган адамдын организминде бардык оору бир учурда козголот. Дене тап 38-40 градуска чейин көтөрүлүп, жүүндөр бошойт, баш ооруйт, кара тумоонун таякчалары орун алган булчуңдар шишип, кыймыл-аракет жай болуп калат. Шишик пайда болгон жер абдан оорутат. Бир нерседен коркконсуп көздөрү алаңдап, тили ак түскө өзгөрүп, шишип, сүйлөгөнгө алы келбей булдуруктап калат. Мындай көрүнүш оору жуккандан тартып, бир нече сааттан 6-7 күнгө чейин созулат.

КАРА ТУМООНУН АЛДЫН АЛУУ
– Кара тумоо оорусунун алдын алуу үчүн ага каршы лаборатория иштеш керек жана аңчылык чарбасы жапайы жандыктарга болгон аңчылыкты көзөмөлгө алуусу зарыл. Кыргызстанда кара тумоонун табигый очогу Талас, Ысык-Көл жана Алай өрөөндөрү болсо, андагы суурлар кара тумоону жайылтуучу болуп саналат. Мына ушул үч аймактагы жайлоолорду абдан тыкыр көзөмөлгө алып, текшерип туруу керек. Мындай кооптуу очокторго барам деген туристтер атайын эмдөөдөн өтүшөт. Ошол сыяктуу эле жогорудагы аймактын чабандары вакцинациядан өтүп, анан ал жерлерге барса жакшы болор эле. Суурдан сырткары жапайы коён, төө, чычкан жана бүргө аталган илдетти алып жүрүшөт. Булардын ичинен бүргө ооруган суурдун каны менен азыктанып, кан аркылуу адамга жугузат.

АДИСТЕН КЕҢЕШ
«Сактансаң Кудай сактайт» дегендей, оорунун алдын алуу менен өмүрдү сактап калууга мүмкүн. Андыктан төмөнкү кеңештерди эсиңизге ала жүрүңүз:

  • Өлүп жаткан суур, коёнду кармабай, оолак болуңуз.
  • Эгер суур кармап алып, аны союп терисин алууга туура келсе, атайын кол кап кийүү керек.
  • Суурдун этин, майын тамак-аш катары колдонбоңуз.
  • Кара тумоого чалдыккан адамдын колдонгон тамак-аш, идиш-аягын пайдаланбаңыз. Өрттөп жок кылуу зарыл.

Айзат Анарбекова,
Кубаныч Сыдыков
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(26)
02.09.2013. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындап эле Кудай сактансан сактайт. Эми ошол айылды чындап эле жакшылап тазалап алышса экен.
02.09.2013. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген оору э? Кудай сактасын!
02.09.2013. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо Кудай, элимди сакта балээден!!!!
02.09.2013. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул оору РАК оорусунан да жаман окшойт.
Аллахым сактасын.
02.09.2013. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahym saktay kor kyrgyz elimdi,evropada dagy bul janylyk DUN bolup atat.
02.09.2013. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюрса, ал күндөр артта калды. Кооптонуу, кабатырлануу болду, эми анын баары жакшы жагына чечилди деп айтууга болот го. Бирок мамлекет, тиешелүү тараптар, ар бирибиз мындай жагдайлардын алдын алып жүргөнүбүз туура.
02.09.2013. 20:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кыргыздар ушундайбыз качан жыгылып калмайынча докторго кайрылбайбыз. Жайы жаннатта болсун маркумдун. Элимди ар балээден кудай озу сактасын. Кыргыз элиме бейпил тынчтык каалайм.
02.09.2013. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым кыргыз элимди озун сакта.
02.09.2013. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча алыста жургон орустар да коркуп жатышат азыр.Буйруса баары артта калды.
Темирбектин ата энесине жана жакындарына конул айтам
03.09.2013. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bul kabar turaluu murunku jumanyn sreda kunu Americanyn bir saittynan okugan bolchum. Al saitta koz jumgan bala suurdun etinen shish kebek jasap jegen dep jazylgan. Emnesi bolso da bawkalar aman bolsun.
Модератор admin_media түзөттү 03.09.2013 10:27
03.09.2013. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маркумдун жаткан жери жайлуу болсун ата-энесине мен да конул айтам. Бул боюнча тийиштуу чаралар корулсо экен кезинде бул илдеттен миллиондогон адам олгог экен мындай илдеттен бизди аллахым озу сактасын!
03.09.2013. 04:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым өзү сактасын мындай оорудан,,,???
04.09.2013. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир сайттан орустардын ушул боюнча коммент бергендерин окуп алып, ичим орттонуп кете жаздады. Анда мындай кептер айтылыптыр: " Силер биз жакка(россияга) келип алып, мыйзамды бузасынар, киши олтуросунор, биттеп, курттап, сасып журосунор. Эми чуманар эле калды жугузбаган. Силерди чек арадан откорбош керек. Озунордун Киргизиянарда ооруп, туп тамырынар менен жок болуп кетсенер жакшы болот эле. Бизден алыс жургуло." деп жазышыптыр. Бир келесоо жазып койду да дейин десен, бир нечеси журушот. Кыргыз эл
06.09.2013. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Clara_Zh, окемдерге кудай берип салды да.
08.09.2013. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Clara_Zh, орус оюна келгенди айтат каапырлар чуманар дегидей кыргыздардыкы бекен чума, жалпы эле элди сактасын Аллахым мындай балееден.
10.09.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Clara_Zh, Ошошлорго бир Аксуулук суур алып барып таштасамбы ыя.
04.09.2013. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыз элиме Аллахым куч кубат, ден-соолугунду бере кор, ооруу сыркоодон алыс кыла кор!
04.09.2013. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын озу деле алсыз болуп турган Кыргызстанды ..Атка минерлер бир жагынан елди кыйнаса мындай оору екинчи жагынан елге оор залакасын тийгизет.
05.09.2013. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул оору м.н илгери дуйнонун жарымы кырылып калган кудай сактасын эми эми кр боюнча ваксинасын сайыш к.к
06.09.2013. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul en ele jaman ildet dewetgo, bul oorudan evropada bir neche Jul murda kyrylyp kalgan deit. Kyrgyzstanda myndan otuz jyl murun,azyrky jerde bolgon ekenda uwu ooru.
06.09.2013. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кадимги елеЧума орусу
06.09.2013. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кадимги елеЧума орусу
08.09.2013. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sadykbek, тушундук биз деле чума экенин, кадимки эле чума деп ич откокту айткансып айтасын го.
08.09.2013. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым озу сактасын алакандай Кыргыз элин!!!
08.09.2013. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коз жумган баланын жаткан жери жайлуу болсун. Кыргыз элимди Аллахым озу сактасын. Аман бололу!
09.09.2013. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаны жанаттан болсун. аллахым берген сыноо бул, ошондуктан сактансан аллахым сактайт !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: