
«Кош бол эми, көрүп бүттүм анык жүзүңдү,
Коргойм эми, кор кылдырбайм алсыз сүйүүмдү.
Отко салдым сүрөтүңдү ыйлап ызамдан,
Оор болсо да унутамын, жаным, өзүңдү»,- деген саптары бар «Кеттиң башкага» аталышындагы ырды Асел Кадырбекова жакында эле жарыкка алып чыкты.
– Асел, бул ырдын саптары өтө кайгылуу экен. Жөн жерден ырдабасаң керек...
– Репертуарымдагы ырларды ушунчалык берилүү менен же болбосо жүрөгүмдөн өткөрүп ырдаган эмесмин. Жүрөгүмө, жан дүйнөмө жакын ыр болсо дечүмүн. Бул ырым менин табитимдеги ыр болду окшойт. Бир жыл мурда эле жазылган. Бирок эмнегедир ырдагым келбей жүрчү. Азыр ошол саптардагы мүнөттөрдү башымдан өткөрүп жаткан чагым. Саптар айтып тургандай эле сүйгөнүм менен коштошуп, ыйга муунуп жүрөм.
– Айрылууга эмне себеп болду?
– Сүйлөшкөнүбүзгө бир топ эле убакыт болгон. Турмушка болгон көз карашыбыз эки башка экен. Ал жигиттин жоруктарына көзүмдү жумсам да болбоду. Өзү белгилүү эле ырчы. Атын атоонун кажети деле жок.
– Сүйгөнсүңбү?
– Катуу сүйгөм. Ошондон улам азыр жүрөгүм ооруп турат.
– Жашоо айрылуу, жолугуу, табышуу болгон үчүн кызыктуу экен. Асел, кайгырба, сага жакшылык каалайбыз.
star@super.kg
Башкасы кайгырба. Ал адам сенин капа болушуна таккыр ылайыктуу эмес. Бактылуу бол.
Саламатсызбы!
http://www.super.kg/article/?article=5025