КЫРГЫЗСТАНДА ГАЗ АРЗАНДАДЫ...
№566 6-сентябрь-12-сентябрь, 2013-ж
ИИМдин Академиясынын башчысы болуп полковник ЖЕҢИШ ЖАКЫПОВ дайындалды.

- Кыргызстанда жарым жыл ичинде 333 адам балдарына алимент төлөбөгөндүгү үчүн АТАЛЫК УКУГУНАН ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун алдындагы соттук департамент кабарлады.
- БШК билдиргендей, «АТА ЖУРТ» фракциясындагы үч бош орунга Майрамкан Кадырбекова, Кантемир Мырзабеков жана Бакыт Шаршеевдер депутат болуп катталды.
- АДАХАН МАДУМАРОВ Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды.
- ШКУнун саммити учурунда, 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин Бишкектин айрым көчөлөрүндөгү унаа кыймылына убактылуу ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИЛЕРИН ИИМдин Жол кайгуул кызматы билдирди.
- ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы РАФИК МАМБЕТАЛИЕВ кримтөбөл Камчы Көлбаев №47-тергөө колониясынын ооруканасында жатып, жарандарды кабыл алып, криминалдык маселелерди чечип жаткандыгын кабарлады.

- Сентябрь айында жаратылыш газынын 1 метр кубу үчүн өлкөнүн түштүгү 15,13 сомдон, түндүгү 15,14 сомдон төлөмөкчү. Буга чейин өлкөдө көгүлтүр оттун 1 метр кубу 15,21 сомдон болгон.
- Талас облусунда СИБИРЬ КУЛГУНАСЫ менен ооруган жаран катталды. Муну Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.
- 3-сентябрда Бишкектеги төрөт үйлөрдүн биринде
4 ЭМ жарык дүйнөгө келди. Ымыркайлар 7 айлык болуп төрөлүп, алардын эң чоңу 1700 грамм жана эң кичинекейи 1300 грамм салмакта төрөлдү.
Гүлмайрам Сабырбекова,
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Саламатсызбы! 2 эркек, 2 кыз (Диана, Милана, Лев, Влад).