БОРБОРДУК БАЗАРДАГЫ АЗЫК-ТҮЛҮКТӨР ТЕКШЕРИЛДИ
№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
17-сентябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук базарында сатыкта турган азык-түлүктөр текшерилди. Алардын санитардык абалын, чыгарылган мөөнөтүн жана патенттерин атайын түзүлгөн комиссия кароодон өткөрдү. Айрым сатуучулардын санитардык китепчеси жок болуп чыкса, жаш балдарга берилчү тамак-аштардын сактоо мөөнөтү өтүп кеткендигине карабай сатып жаткандар кармалганын базардын санитардык кызматкери Анархан Режевалиева билдирди.
«Эт саткан соодагерлердин санитардык китепчелери бар болчу. Бирок алар отурган базардан өрт чыкканда китепчелери жана башка документтери кошо күйүп кетиптир. Антсе да тазалыкты сактоо үчүн эттин үстүнө аба өтүп туруучу материал жаап койгула деп талап коём»,- дейт ал.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0