БЫЧАК МЕНЕН КОРКУТУП АВТОУНААСЫН ТАРТЫП АЛЫШКАН
№568 20-сентябрь-26-сентябрь, 2013-ж
Бишкек шаарынын тургунун бычак менен коркутуп автоунаасын алып кеткенге шектүүлөр колго түшүрүлдү. Борбор калаанын 20 жаштагы Арууке аттуу тургуну милицияга кайрылып, 35-40 жаштардагы белгисиз эки киши үйүнө кирип күйөөсүн сабап, бычак менен коркутуп Опель Вектра үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алып белгисиз тарапка кетишкенин билдирген.
Кылмыштын изи сууй электе Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектелип 39 жаштагы М.Нурдин жана 24 жаштагы М.Жаркынбек кармалышты. Учурда иликтөө жүрүп жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0