
Ошентип, «Супер сулуу-2013» сынагынын финалчыларын да тааныштыруучу мезгил келип жетти. Бул селкилердин катарында «күйүмдүү жар, мээримдүү эне болсом» дегени, «карьера жасап, кыргызды жакшы жагынан дүйнө жүзүнө таанытсам» деп эңсегени да бар. Алар менен сиздер декабрь айынын башында болуучу Супер концертте жолугушасыздар.



Эми бул селкилерди декабрь айынын алгачкы күндөрүндө, мыктылардын мыктысын тандоочу Супер концертте көрө аласыздар. Жеңиш кимди кучагына алса, ал бийкеч кычыраган кыш чилдесинде ысык, экзотикалуу өлкөлөрдүн бирине эс алууга жолдомо алат.
Ал эми концертке чейин 2 ай ичинде сулуулар фитнес менен машыгып, келбетине кам көрүшөт. Чыгыш бийин үйрөнүшөт. Сахнада кантип басуу керек аны өздөштүрүшөт. Кыскасы, Супер концертке келип, кубулжуган ырларды тыңшоо менен керилген сулууларды көрүп эс алып кетсеңиз болот.
Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров,
«СинемАрт продакшн»
star@super.kg
Кимдир-бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат! Ушул сыяктуу билдирүү жазгандар эреженин негизинде жазаланасыңар!
Aidaiko, Batu12,
Силерге азырынча оозеки эскертүү!
Элестет жашы жетелек дейсин да брат, 9ду буткондон кийин куйоого тийип жатышатгоо анда алар да жашы жетпеген болот беле. 16 жаштагылар жашы жетелек болушат %))) Оздору барышты, менин карындашым да барып бирок финалга отпой калды. Ийгилик сулуулар.