АКУН «КЫЗМАТТАН КЕТПЕЙМ» ДЕЙТ...
№569 27-сентябрь-03-октябрь, 2013-ж
ТУРСУНБЕК АКУН акыйкатчылыктан бошотулганына макул боло албай, ачкачылык жарыялап, иш бөлмөсүндө 11 күндөн бери түнөп жатат. Абдан майлуу-сүттүү кызмат көрүнөт, талапкерлердин саны 49га чыгып, президенттикти талашкандай эле болду. Алсак, Акун менен катар Турсунбай Бакир уулу да бул кызматты кайра-кайра эңсеп келет (гезит басууга кетерде акыйкатчылыкка талапкерлер депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышкан).

- Кыргызстанда диний багытта билим берген 67 ОКУУ ЖАЙ мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн Муфтияттан кабарлашты.
- АЛМАМБЕТ АНАПИЯЕВ кайрадан эл аралык «Алыш» федерациясынын президенти болуп шайланганын алыш күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди.
- 21-сентябрда Кадамжай районундагы Жийде-Арык чек ара тозотунда эскертүүлөргө карабай чек араны мыйзамсыз кесип өткөн өзбекстандык жаранды чек арачылар БУТКА АТКАН. Учурда абалы жакшы.
- Орусиянын федералдык миграциялык кызматынын билдирүүсү боюнча, учурда аталган өлкөдө 570 МИҢ кыргызстандык мыйзамдуу жүрөт.
- Бишкекте эмерек чыгарган ишканада жарылуу болуп, анда ЭКИ КИШИ КАЗА ТАПТЫ. ИИМдин билдиришинче, каза болгондордун бири граната алып келип жардырып жиберген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
ага карата колдоону эмес, иренжинүү жаратууда.