
29-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 68-сессиясы болуп өттү. Ага Кыргызстандын атынан тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев катышты. Бул жыйында Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов Орто Азияда ГЭСтердин курулушу боюнча маселе көтөрдү.
"Бизди Кыргызстандагы жана Тажикстандагы жаңы ири ГЭСтердин курулушу тынчсыздандырууда. Тактап айтканда, Тажикстандын Рогун ГЭСи жана Кыргызстандын Камбар-Ата 1
ГЭСи. Адистердин айтымында, бул долбоорлордун ишке ашуусу артынан коркунучтуу экологиялык, социалдык-экономикалык кесепеттерди алып келет",- деди ал. Камилов бул ГЭСтердин курулушу Борбордук Азиядагы суу балансынын бузулушуна алып келе турганын, долбоорлорду ишке ашыруудан мурда эл аралык эксперттер иш жүргүзүшү керектигин кошумчалады. Эгин талаалар үчүн Арал деңизин кургатып, экологиялык катастрофаны өздөрү жаратканын эске албаган Өзбекстан акыркы үч жылдан бери Тажикстан менен Кыргызстандын ири ГЭСтерине каршы пикирин билдирип келет.
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
Улутуна жана динине карата бөлүп жарып, ат коюуга тыюу салынат! Азырынча эскертүү! Кайталанса сайттан четтетилесиз.
Улутуна жана динине карата бөлүп жарып, ат коюуга тыюу салынат!
30 күн банга!