Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

ПАМИРдин ТОЗОГУНДА ЖАШАГАН КЫРГЫЗДАР

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж


СDI – коом өнүктүрүү уюму Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга барып жашоо-турмушун изилдеп, аларга жардам берип келишет. Аталган уюмдун кызматкерлери Айбек Султанмамытов жана Наргиза Өмүркожоева: «Памирдеги аксакалдар «кыргызстандыктардын көпчүлүгү биз тууралуу билишпейт. Биздин жашоо-турмушубуздун кандай экендигин мекендештерибизге жеткире баргыла» деп суранышты. Ошондуктан «Супер-Инфо» гезити аркылуу бул аманатты элибизге жеткирели дедик. Боордоштордун турмушун көрүп көздөн жаш айланып, кекиртектен тамак өтпөй, бүгүнкү күнгө чейин өзүбүзгө келе албай жатабыз»,- деп төмөнкүлөрдү айтып беришти. Анда эмесе, Ооганстанда жашаган кыргыздардын жашоосу кыргызстандык кыргыздардын көзү менен.

ООГАНСТАНДАГЫ КЫРГЫЗДАР ТУУРАЛУУ
Кичи Памирде 1100дөй, Улуу Памирде 700дөй кыргыз жашайт. Азыраак фарсы тилинин акценти болгон менен, таза кыргызча сүйлөшөт. Статистика боюнча, Памирде жашаган кыргыздар эң катаал шартта жашаган элдердин тизмесинде 1-орунда турат. Бул аймактын тегерегинде жашаган эл памирлик кыргыздарды «тозокто жашаган эл» деп атап алышкан. 5-6 кишиде гана документ болбосо, башкасында эч кандай документ жок. Түпкү мекени Кыргызстанга келебиз дегенде көздөрү төрт. Айрым саясатчылар памирлик кыргыздарды алып келүү маселесин көтөргөнү менен, натыйжа чыккан эмес.

ТОО-ТАШТАН БАШКА ЭЧ НЕРСЕ ЖОК
Бай-кедей болуп бөлүнүшөт. Төө, топоз, кой, жылкы багышат. Байларында 300дөй кой, 200дөй топоз, 30-40 ат-төөсү болсо, кедейлеринин кээсинде 50-60тай кой, кээсинде эч нерсе жок. Кембагалдар байлардын коюн багып, акысына мал алып жашоосун өткөрүшөт. Ооган бийлигинин кичи жана улуу памирликтер менен иши да жок. Пакистандын чек арасына малын, майын алып барып керектүү тамак-аш, буюмдарга алмашып келишет. Пакистандын чек арасына чейин 4 күндүк жол, ал да көбүнчө ашуулар аркылуу өткөндүктөн кишилер же топоздор жардан кулап өлгөн учурлар көп. Тоо-таштын арасында эч нерсе өспөйт, кичинекей жыгач да табылбайт. Отун, көмүр жок, жалаң гана көң жагышат. Бир түтүн менен экинчи түтүндүн аралыгы жөө басканда 3-4 сааттык жол. Анткени чөп жокко эсе болгондуктан, мал жайганда тойгудай болушу керек. Тажикстан тараптан барган уурулар кой-топоздорун короосу менен уурдап кетип, кыргыздар эч чара көрө албай калган учурлар да бар.

КҮНҮГӨ БИР ЭЛЕ ТАМАК
Эт, курут, каймак, май, калама нан жана кээде гана күрүч жешет. Болсо топоздун сүтүн кошуп, болбосо карандай чай ичишет.
Эркектери колуна тийгенин кийе беришсе, аялдары кичинесинен чоңуна чейин кездемеден өздөрү тиккен улуттук кийим кийишет. Эч кимиси ич кийим кийбейт. Бул ирет барганда ич кийимден көбүрөөк алып бардык. Кызыгы, эркектери шымына эч качан кур тагышпайт, жип менен байлап алышат. 2010-жылы биздин уюмдун кызматкерлери 3 тонна кийим алып барышкан эле, ошонун бирин да кийишпептир.

КЫЗДАРЫН 12 ЖАШЫНДА КҮЙӨӨГӨ БЕРИШЕТ
Улуттук оюндардан ордону көп ойношот, кээде гана улак тартыш ойноп калышат.
Ала качуу деген жок, жалаң гана кудалашып алышат. Эң аз дегенде 100 кой, 20-30 топоз же төөнү калыңга беришет. Эгер калың төлөй албаса, кайын журтуна барып 10 жыл бекер иштешет экен. Кээ бир колунда жоктор өмүр бою үйлөнбөй калган учурлар да кездешсе, байлар 3-4 аял деле ала беришет. Кыздар 12-13 жашта турмушка чыгышат. Бир байга жолукканыбызда ал мурунку 2 аялы, 8 кызы каза болуп, учурда 3-аялы менен жашап жаткандыгын айтты. Өзү 40 жашта, ал эми аялы болгону 12 жашта экен. Мурунку аялдары төрөттөн каза болуптур.

КӨПЧҮЛҮГҮ БАҢГИ
Ооруса эле кара дары (апийим) колдонушат. Көпчүлүгү кара дары чеге берип баңги болуп калышкан. Аял-эркек дебей бардыгы тамеки чегишет. Эртең менен турганда бети-колун эле жуубаса, жуунушпайт деле, жуунгандарын көргөн жокпуз. Кир жууганда аккан сууга кийимдерин таш менен бастырып коюшат да, канча бир убактан кийин алып жайып коюшат. Идиш-аягын кум менен жуушат.

КАЛКЫ БИЛИМСИЗ
Алардын көпчүлүгү билимсиз. Эркек балдарын окутуп, кыздарын окутушпайт. Сабак өтүлүп баштаганына болгону 3 жыл болду, балдар окуганды билгени менен, түшүнүшпөйт. Себеби фарсы тилинде окуп-жазышат. Дептер, калем дегендерди Пакистандан сатып келишет. Алардын баасы аябай кымбат, бир калем 20 доллар турат. Ооган бийлиги сабак өтүү үчүн 2 мугалим берген.

ТЕЛЕФОН ТАРТПАЙТ
Ар бир түтүндө эки-үчтөн рация бар, бири-бири менен рация аркылуу кабарлашышат. Күндөн энергия алуучу жабдык орнотуп алышкан, андан топтолгон энергиянын күчү аркылуу бир лампа күйгүзүшөт жана сыналгы көрүшөт. Спутник антенналарды коюп алышкан. Телефон тартпайт, бирок ар биринде уюлдук телефон бар. Аны ырларды угуу үчүн колдонушат. Жаккан ырларды бири-биринен блютуз аркылуу өткөрүп алышат. Биз баратканыбызда «Жардам бере аласыңарбы?» деп өлкөбүздөгү көптөгөн ири фирма, компанияларга кайрылдык. Бирок эч кимиси жардам берген жок. Бир гана АКШдан «Самсунг» фирмасы 50 даана уюлдук телефон берип, анын ар бирине кыргызча ырларды жаздырып алып бардык. Атактуу делинген эстрада ырчылардын ырын жактырбай, жалаң гана комуздун коштоосунда ырдалган ырларды жана күүлөрдү жаздырып алышты.

ОРТОЧО ЖАШЫ 45 ЖАШ
Калкынын орточо жашы 45 жаш. Балдардын жарымынан көбү 5 жашка жетпей каза болушат. Биз менен барган врачтардын айтымында, алардын 90 пайызы пневмониядан көз жумат. Памирлик кыргыздарга барар алдында ӨКМ жана Саламаттыкты сактоо министрлигине жардам сурап кат менен кайрылганбыз. Бирок өкүнүчтүүсү, баары жок деп жооп беришти. Аягында Жалдагы балдар ооруканасынын дарыгерлерине жолугуп, абалды түшүндүрүп жардам сурасак, кээ бири «2 миң доллар төлөсөңөр гана барабыз» деп чыгышты. Дагы бири «бул менин кызыкчылыгымдагы иш эмес» деп макул болгон жок. Акыры 3 врач жана 1 медайым гана барууга макул болушту. Бул дарыгерлер өз каалоосу менен эмгек өргүүсүн алып барып келишти. Текшерүүдөн өткөн адамдардын бирөөсүнүн да ден соолугу мыкты деп айтууга болбойт. Кан басымы өтө жогору.
Август айында эле суук түшүп, абанын температурасы -8 градус болуп, 5 күн гана жүрүп кайтууга туура келди. Аларга эмне дары керек экендигин билебиз, эмки барганда ошолорду ала барабыз.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg



Памирдин тозогунда жашаган кыргыздар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(142)
SUPER.KG видео
13.10.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биздин чондор андай маселени караштан мурда каерди сатсам экен каерден жесем экен крупный болот деп отурат.биринин креслосун бири талашып.кыргыз эли ар бир чондор учун болунуп ар кандай митинге чыкпай ушундай ор шартта жашаган кыргыз эли учун ошолорду оз жерибизге алып келуу учун талап койушубуз керек.кунуно 500/1000 сом учун митинг уюштурбай.биринин креслосун бирине берип акча жеп отургандан башканы билбей калды биздин чондор.бул маселени бул бойдон калтырбай кыргыз эли биримдикте ойлонуш керек
SUPER.KG видео
13.10.2013. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Yaa Rabbim bir tuugandarybyzga ozun Jardam ber..
SUPER.KG видео
13.10.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эээ туугандар баарын жакшы соз жазыпсынар? Мен кошулам баарына менда айтайын биздин саткынчы чондорубузга угуп алгыла саткындар, бугун уйунорго барып жубайынардын юпкасын кийип алгыла, себеби биздин чондор эркек эмес ошончо соз айтышат бирок кылышпайт эркектик сапаатынар жок селерде, эркек айтыбы ошол созду кылыш керек айткандан кийин, анан биздин колундагы бар байларга айтат элем, ошол сенин колундагы байлыкты бийликти ким берди? билбесенер билип алгыла Аллах! туура иштетишти уйронгуло!
SUPER.KG видео
13.10.2013. 18:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркек деген уй булосун, туугандарын, конушуларын, айылын, районун, обласын, мамлекетин, Кыргызстанын Эл журтун коргойтурган Ыймандуу бир инсан керек, саткындарыбыздын арасында шакалдарыда бар ошолорду атып салыш керек? жардам сураса бербесе, Пасолдогу иштеген аларда шакалдар экен,туугандар Алладан сурайлы колубуздан келбесе Дуа кылайлы Инщаллах дуабыздын себеби менен бир Ыймандуу Инсан келип жардам берип севепкер болот Инщаллах!
SUPER.KG видео
13.10.2013. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биерде кылайлы минтейли дебестен уюшсанар чыгынып уюшуп фондпу уюмбу тузгуло ,айтылган жерде калтырып кете бербей президентибизге окшоп
SUPER.KG видео
13.10.2013. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен такыр чиновниктеррге тушунбой калдым ак уйдо эмне кылып отурушат кыргыз элин ушундай проблемаларын чечпей же врач бербесе же акча болбосо аябай окунучтуу башка улуттарга паспорт бергиче ушул кыргыздарга жардам бербейби ансыз деле кыргыз калкы азбыз алар оздорун кара курсагын ойлосо болду карапайым элди ойлогон адам жоок окшойт
SUPER.KG видео
14.10.2013. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер Инфо. Памирге барып келген бул үй бүлө менен кантип байланышса болот? Электрондук дарегин же СDI коомунун дарегин жазып койсоңуздар.
SUPER.KG видео
14.10.2013. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы!
Памирлик кыргыздарга жардам берүү боюнча порталдын Суперстан бөлүмүндө атайын тема ачылган, шилтеме арккылуу кирсеңиздер
http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=30976&st=0&p=706927&hl=памирлик&fromsearch=1&#entry706927
SUPER.KG видео
14.10.2013. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elnurin,
Сайтка башка сайттарды жарнама кылууга, шилтеме калтырууга тыюу салынат!
14.10.2013. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
kyrgyzym kyinalyp jatsa biyliktin koz jumup olturganyna janyn kashayat...biyliktegulerge olum dep aitkym kelip turat
14.10.2013. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin avam da baryp kelgen kop jyl murun, kesibi jurnalist. Azyr oogan kyrgyzdar tuuraluu kitep jazdy. Jakynda jaryk korot.
14.10.2013. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ayabai okunuchtuu... jardam bergen adamdarga raxmat. Aman boluwsun. Ak uido oturgandardyn uyaty jok.
14.10.2013. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ак уйдогулор ,элге налог салып отурса ,каяктагы жардам алардан .аллах жардам берсин
14.10.2013. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшысы го жакшы,барып ал-акыбалын сурап,жашоо шарты менен жакындан таанышып келишипптир.Буларга чоон рамат.Ананда ээн кызыгы,40 момындай кымбат баалуу телефон берди эле деп бирин озу уруп калганго дейм.
15.10.2013. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mushker2013, рахмат ачык айтыптырсын бир телефонду алып элге корсотолук дегенбиз корбосо ишенишпейт коркпо биз ичип жээп урдагандардан. Эмеспиз эмки жылы Ала барам
16.10.2013. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nargizverovna, конул бурбагыла анча-мынчага тамашакой окшойт...))))
16.10.2013. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mushker2013, бир нерсени айтып жатканда кичине жылмалап, кагазга ороп айтыш керек да "уруп алды, согуп алды" дебей, катуу тийиши мүмкүн, оройлонбой. Наргиза сиздерге чоооң алкыш билдиребиз!!! Үй бүлөлүк ден соолук каалайм!
14.10.2013. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Pamirlik emes, bul jaktagy adamdarga Aran jardamdawat, anda akchanyn kuchu m.n. Alarga bilbeimda kachan jardam beret.
14.10.2013. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай окунучтуу,,,
14.10.2013. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх)))
14.10.2013. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журогум оруп кетти боордоштордун тагдырын окуп алыб, саясатчылар жардам берсе болмок.
SUPER.KG видео
14.10.2013. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Байкуш боордоштор кыйналыпсыныр го аябай. Жерибизге алып келсек жакшы болот эле. 4-5 жыл мурурн Бул боордошторду алып келуу иштери жургузулуп жатат беле ?
14.10.2013. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызстандагы кутурган башка улуттарды кууп чыгып, Памирликтерди жайгаштырыш керекта
14.10.2013. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
temirlan85, туура айтасыз.абдан акылдуу адам экенсиз
14.10.2013. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Верталет менен барышты бекен? Баргандарга, ошолорду ойлогондорго рахмат, Кудай жалгасын.
14.10.2013. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи бул мыкты уюм, азаматтар
14.10.2013. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын балдары жадакаласа алманын даамын татып коро электер.Суперстанга кирсенер мынданда кобуроок маалымат аласынар.Бул жерде кыскача, устуртон гана баяндап отуптур.Аялдары 40жашында эле кары кемпирдей корунуп калат.12,13баланы удаасы менен торошотда,анын калса учоосу калат.Калган балдары турбайт.Анткени доктур деген нерсе буларда жок болгондуктан оздору тороп,оздору киндигин кесип, оздорун оздору даарылашат.
14.10.2013. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
журогум оруп кетти...
14.10.2013. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштарды көчүрүп Кыргызстанга алып келиш керек.Ушул маселени көтөрүп чыгыш керек.Уюмдагыларга чоң ыраазычылык!
14.10.2013. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Памирлик боордошторубузду коруп илгерки замандагы кыргызым элестеди козумо,бет тузулуштору,кийимдери,каада-салттары,урп-адаттары баары.Ушунча жыл салттарын сактаган Памирлик кыргыздарга таазим.Бир гана кызды эрте куйоого берген салты жакпады,ошондон да тороту оор болуп коп эле кыз-келиндер азайып баратат.Жок дегенде аз-аздап болсо да кочуруп келсек кана.
14.10.2013. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанга алып келип жайгаштырса болот,калк ото эле коп эмес экенго. Абдан окунучтуу бирок алып келишпейт.
14.10.2013. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biyliktegiler ozdoru mn ozdoru yrkyrashyp jatsa,elge kandai jardam bolsun,akcha jana akcha dep alandap oturuwsa.
14.10.2013. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдын алдында баары жооп беришет.
SUPER.KG видео
14.10.2013. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мамлекет ушул нерсени колго алып,бир фонд тузуп берсе бут кыргыздар колунан келген жардамыбызды бермекбиз!журокту оорутуго алардын жашоосу
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: