Архив
1152   1153   1154   1155   1156   1157   1158   1159   1160   1161   1162   1163   1164   1165   1166   1167   1168   1169   1170   1171   1172   1173   1174  
1100   1101   1102   1103   1104   1105   1106   1107   1108   1109   1110   1111   1112   1113   1114   1115   1116   1117   1118   1119   1120   1121   1122   1123   1124   1125   1126   1127   1128   1129   1130   1131   1132   1133   1134   1135   1136   1137   1138   1139   1140   1141   1142   1143   1144   1145   1146   1147   1148   1149   1150   1151  
1049   1050   1051   1052   1053   1054   1055   1056   1057   1058   1059   1060   1061   1062   1063   1064   1065   1066   1067   1068   1069   1070   1071   1072   1073   1074   1075   1076   1077   1078   1079   1080   1081   1082   1083   1084   1085   1086   1087   1088   1089   1090   1091   1092   1093   1094   1095   1096   1097   1098   1099  
997   998   999   1000   1001   1002   1003   1004   1005   1006   1007   1008   1009   1010   1011   1012   1013   1014   1015   1016   1017   1018   1019   1020   1021   1022   1023   1024   1025   1026   1027   1028   1029   1030   1031   1032   1033   1034   1035   1036   1037   1038   1039   1040   1041   1042   1043   1044   1045   1046   1047   1048  
944   945   946   947   948   949   950   951   952   953   954   955   956   957   958   959   960   961   962   963   964   965   966   967   968   969   970   971   972   973   974   975   976   977   978   979   980   981   982   983   984   985   986   987   988   989   990   991   992   993   994   995   996  
897   898   899   900   901   902   903   904   905   906   907   908   909   910   911   912   913   914   915   916   917   918   919   920   921   922   923   924   925   926   927   928   929   930   931   932   933   934   935   936   937   938   939   940   941   942   943  
844   845   846   847   848   849   850   851   852   853   854   855   856   857   858   859   860   861   862   863   864   865   866   867   868   869   870   871   872   873   874   875   876   877   878   879   880   881   882   883   884   885   886   887   888   889   890   891   892   893   894   895   896  
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837   838   839   840   841   842   843  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар

АКЫЙКАТ КАЙ ТАРАПТА?

№571 11-октябрь-17-октябрь, 2013-ж


Өткөн жылдын август айында Талас облусунда Мира Жуманалиева аттуу келин каза болуп, анын өлүмүнө күнөөлөнүп 6 жигит милиция тарабынан кармалган. Аларга «келинди зордуктап, анан өлтүрүп коюшкан» деген айып тагылган. Жабырлануучу тарап «сот акыйкатсыз жүрүп жатат» дешсе, шектүү делинип кармалгандардын жакындары «бейкүнөө балдарыбыз камалууда» дешүүдө. Чындык ким тарапта?

«ЖЭЭНИМДИН БИР КАПТАЛЫ КЫЙМЫЛДАБАЙ КАЛДЫ»
Каза болгон Мира Жуманалиеванын иниси МИРЛАН ЖУМАНАЛИЕВ бул каргашалуу окуя тууралуу төмөнкүлөрдү баяндап берди:
– Үй-бүлөдө 9 бир тууган элек, 4 кыз, 5 уул. Минтип сегизибиз калдык. Эжем Мира Жуманалиева 1973-жылы туулган. Каракол айылына турмушка чыккан.
19-июлда ал кечке жуук дүкөнгө чыккан бойдон кайрылып келген эмес. Ошол эле күнү айылдан бир келин Бактияр деген бала эжемдин бетине жоолук жаап токой жакка сүйрөп баратканын көрүптүр. Ал жактан арак ичирип кыйнаганбы, айтор, кийими токойдо калыптыр. Андан эки күн өткөндө ошол айылга турмушка чыккан классташым мага телефон чалып «эжең эки күндөн бери жок, таппай жатышат» деп билдирди. 21-июль күнү бир туугандар чогуу барып издеп, өзүн таппай, кийимин токойдон таптык.
Андан соң милиция кызматкерлери келип иликтеп, Эрмек Сабатаров деген баланы кармап кетишти. Ошентип сүрүштүрүп отуруп 6 бала шектүү болуп чыкты. 25-июлда эртең менен мага эжемдин кайниси телефон чалып «жеңемдин асылып калган денеси табылды» деди. Билишимче, эжемди ошол күнү бир үйгө алып барышыптыр. Ошол жактан зордуктап, ошондо эле өлтүрүп, андан соң асып коюшкан да. Анын үстүнө эжем күрмөп да байлай алчу эмес, ал болсо күрмөп байланган жипке асылган. Жолдошу деле анын малды күрмөп байлай албаганын далилдеп бере алат. 3 жашар кызы бар эле, апасынын каза болгонун укканда сол капталы кыймылдабай калды.

«СОТТО АКЫЙКАТТЫК ЖОК ЭКЕН»
– Ошол учурда ал балдар өздөрү деле кечирим сурап келип жатышты. Бузурманкул Сабатаров деген киши баласын алдыма алып келип, уулу кылмышын моюнуна алып, «кечиришели, болор иш болуптур» деп суранган. Мен «Кызын дарылатып бергиле, кечиришели. Баарыбыз адам экенбиз, баарыбыздын башыбызга түшөт» деп айткам. Кызын дарылатып беребиз дешкен, бирок бир аз убакыт өткөндө алар кайра биздин артыбыздан жамандап, «ал келин ичкилик иччү, жаман келин болчу» деген сыяктуу кайдагы бир сөздөрдү айта башташты.
Мен муну-тигини деп деле сураган жокмун, өздөрү эжемдин баласы менен кызына Талас шаарынан үй алып берели дешти. «Өзүңөрдүн пейилиңер менен болсо, макулмун» дедим. Таластан 2 үйдү көрсөтүшкөн, эми кайра бизди жаманатты кылып жатышпайбы. Учурда соттошуп жатабыз. Сотто акыйкаттык деген жок экен. Азыр баарын акча чечип калыптыр. Эжемдин балдарына там алып беребиз деген акчаны райондук сотко беришкен, ошондуктан райондук сот аларды актап жиберди. Алардын эмне кылып жатканы бизге алдын ала угулат да, жыйынтыгында баары ошондой чыгып жатат. Экспертизада алгач эжемдин кийимдери, жоолугу, жип бар болчу. Алардын баары алмашып калган. Асынган жиби 2 метрдей эки кабат жип эле, кийин жарым метрдей бир кабат жип жүрөт.
Сотторго «силер акча жегенсиңер» деп айтып, райондук сотко ишенбөөчүлүк көрсөткөнүбүздө иш Жогорку Сотко кеткен. Бирок бизге чакыруу келген жок. Биз катышпаган Жогорку Соттогу отурумда сотторго ишенбөөчүлүгүбүздү канааттандырбай коюптур. Өткөн жумада болгон сотуна биз барбай койдук. Анткени алдын ала эле биз көптөгөн имиштерди укканда мен Жогорку Соттон кайра карап берүүсүн өтүнүп апелляцияга бергем. Ошондуктан бул иш Жогорку Сотко кетти. Эгер эжемди өлтүргөн балдарды чыгарып жиберсе, жөн койбойм.

«САБАП МОЮНДАРЫНА АЛДЫРГАН»
Ал эми кылмышка шектелип кармалгандардын бири Эрмек Сабатаровдун агасы ЖУМАБЕК САБАТАРОВ буларды билдирди:
– Бул иш 2012-жылдын 19-июлдан 20-июлга караган түнү болгон. Ал эми 25-июлда Мира Жуманалиеванын сөөгү Көпүрө-Базар айылынан табылат. Териштире келишип, «ушундай балдар менен арак ичип отурган» дешип бул балдарды жактоочусу жок эле суракка ала башташат. Милиция да, прокурор да, мыйзамсыз сурашкандардын баары кийин жооптуу болушат. Мен ага жүрөгүмдүн түпкүрүнөн ишенем.
Мен барсам Чат-Базар айылындагы милиция бөлүмчөсүндө каза болгон келиндин иниси Мирлан Жуманалиев жана дагы эки милиция кызматкери балдарды сабап жатышыптыр. Кечке сабай беришкенде мен аргасыз «экспертизанын жыйынтыгы чыккыча мойнуңарга алып тургула, болбосо булар силерди сабай беришет» дегем.
Октябрда Анвар Баатыркуловду, калганын ноябрь айында камашты. Эч качан суракка катышпаган «дежур» жактоочу Гуля Соорбекова келип протоколдорго кол коюп берип, сот камакка алууга санкция чыгарып койду. Бул мыйзамсыз да. Ал эле эмес, дагы бир жактоочу Аман Эшенкулов да так ошондой жол менен кол коюп берген. Балдарды ур-токмокко алып, жасабаганын «жасадык» дегизип коюшту.
Сурак учурунда столдун үстүнө тапанча коюп коюшкан. Качан биздин жактоочу Сауле Өмүрзакова келгенде гана иш башкача болду. Ошондо гана балдар айтышты, «бизди ур-токмок менен эле моюнубузга алдырган, эми жактоочубуз бар, биз моюнга албайбыз» деп. Иш каралып, балдар акталды. Анткени соттук экспертизанын жыйынтыгында химиялык, биологиялык жана жалпы анализ чыгып, жыйынтыгында, улуу сөздө уят жок, сперма жок деп келди. Демек, ал келинди зордукташкан да, өлтүрүшкөн да эмес. Ал документ менин колумда турат.
Каза болгон келин ичкилик көп ичкен аял эле. Аны айылдын баары билет. Мындан тышкары жабырлануучу тарап бизден чоң суммадагы акча сурап жатышат. Мен бербеймин! Мен ачык, мыйзамдуу күрөшкөн адаммын. Акча берсем атым өчсүн! Кечирим сурап барганыбыз чын, мал союп бардык. Бирок жөн гана кечирим сурап барганбыз, «ооба, өлтүргөн» деп моюнга алып барганыбыз жок. Экспертизанын жыйынтыгы чыга элек болчу анда.
Бул окуя боюнча соттун жыйынтыгы чыккан соң дагы кайрылабыз.

Гүлназ Атантаева
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
14.10.2013. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай жазанарды берсин!Бул жашоо-бумеранг!
14.10.2013. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
олтурбосо, эмнеге кечирим сурап барат? жон гана?
15.10.2013. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе деп айтыш кыйын. Кимисине ишеништи билбейсин. Каза болгон аялдын инисине анча ишене албадым. 3 жашар
кызы бар эле, апасынын каза болгонун
укканда сол капталы кыймылдабай калды дейт, мындай кичинекей кыздын акылы катып калчудай денгээлде болбойт да. Биздин милиция кызматкерлерине да ишениш кыйын, балким чын эле уруп эле мойнуна алдырып коюшкандыр
17.10.2013. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жондон жон эле кечирим сурап барбаса керек
19.10.2013. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ишти кайсыл сот карабасын акыйкатык менен карасында,
19.10.2013. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куносуз адам эч качан кечирим сурабайт да
19.10.2013. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билбейм билбейм ишениш кыйын.куйоосу бар туруп эркектер менен ичиптир.иниси зордоп ичириптир дейт.
22.10.2013. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен биздин милиция кызматкерлерине ишенбей деле калдым!менин бир таанышым бир баланы уруп коюп убактылуу кармоочуу жайга тушуп калыптыр а аны биздин милиция кызматкерлери уруп мойнуна 1кг наша жана магазин тоноо деген айыпты кошо алышын айтып оло сабап салыптыр!!!ал куноолуу болбой башканын куноосун кантип мойнуна алат?а куноолу бул жакта дагы жаман иш кылып журо бериш керек экенда биздигилер акчаны алат и болду!
31.10.2013. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай болсода калыстык менен иш кылынсында.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
27439;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: