«АТА МЕКЕНЧИ» ДЕПУТАТТАР РЫСАЛИЕВДИ СОТКО БЕРИШЕТ
№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Туратбек Мадылбеков менен Райкан Төлөгөнов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчиси Зарылбек Рысалиевди сотко беришет. Эл өкүлдөрү Рысалиевдин үстүнөн «жалган маалымат таратканы үчүн» арызданышат.
Өткөн аптада талап-тоноочулукту иликтеген топ аталган депутаттарды кол тийбестиктен ажыратууну суранып Башкы прокуратурага кайрылган эле. Башкы прокуратура 16-октябрда мыйзамга каршы көрсөтүлгөн иштерди жасагандыгы тууралуу конкреттүү далилдер жоктугуна байланыштуу кылмыш ишин жаңылоодон баш тартты. Бирок жетиштүү далилдер көрсөтүлсө гана Төлөгөнов жана Мадылбековду кол тийбестигинен ажыратуу боюнча иш караларын белгиледи.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга жол берилбейт!
30 күн банга!