
Гезитибиздин окурмандары менен түз байланыштардын биринде ал учурда биринчи вице-премьер болуп турган Өмүрбек Бабановго Оштон окурман чалып, аэропортто иштеген чек ара кызматкерлеринин пара сурамай былык иштерин айтып арызданган эле. Дегеле коомчулук ичинде чек арачылардын кылдан кыйкым таап, жөнсүз пара өндүрүп калууга болгон аракеттери көп айтылат.
Жакында эле «Ош» аэропортунун көзөмөл-өткөрүү жайында чек арачылардын акча алгандыктары аныкталган. Бул тууралуу Чек ара кызматынын төрагасы Курманакун Матенов: «Бул ишти тастыктоо үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын өздүк коопсуздук кызматы административдик иликтөө жүргүзүп, аэропортто орнотулган веб-камералар видеотасмага түшүргөн айныгыс далилдерди келтирип, андан соң гана жыйынтык чыгардык. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы» мыйзамынын 14-беренесинин негизинде 5 аскер кызматкери Мамлекеттик чек ара кызматынын катарынан кетирилип, жетекчилер алмашылды»,- деп билдирди.
Эльвира Караева,
Гүлмайрам Сабырбекова
politika@super.kg
-менден 3000 сом алдап алганс деп
Анан да Оштун мэринен суранам же аэропорттун жетекчилигиненнби сураныч: багажный лента куруп иштетип койсонуз. Неужели ошол нерсени куруу ушунчалык кымбат? Качанга чейин зил менен апкелип жукторду оодара салып кетишет. Ии анан картаны жашы дебей талпан