ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН КИЧИНЕ БАЛА КАЗА ТАПТЫ
№572 18-октябрь-24-октябрь, 2013-ж

Өткөн аптада Манас районунда жол кырсыгынан жаш өспүрүм каза тапты. Бул туурасында Талас ОИИБинин басма сөз кызматы маалымдады. Маалыматка таянсак, аталган райондун Үч-Коргон айылынын тургуну өзүнүн ВАЗ 2106 үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып жол кырсыгына кабылган. Манас районунун Чоң-Капка айылындагы Манас көчөсүнөн жолго чуркап чыккан 2010-жылы туулган жаш баланы койдуруп кеткен. Натыйжада бала аймактык ооруканага жетпей каза болгон. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Гүлназ Атантаева
talas@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг:
0